Трэвис Кинг. Сүрөт Интернеттен алынды
Түндүк Корея аталган өлкөнүн аймагына Түштүк Кореядан июль айында мыйзамсыз кирген америкалык аскер Трэвис Кингди депортациялоо чечимин кабыл алды, деп жазат Central Asia.media Түндүк Кореянын KCNA маалыматтык агенттигине шилтеме берүү менен.
Маалыматка ылайык, КЭДР дезертир боюнча иликтөө иштери аяктагынын билдирген.
«Түндүк Кореянын тиешелүү департаментинин иликтөөсүнө ылайык, Трэвис Кинг адилетсиз Америка коомунан көңүлү калганын айтып, биздин өлкөгө же үчүнчү өлкөгө көчүү каалоосун билдирген»,-деп жазат «Интерфакс» KCNA маалыматтык агенттигине шилтеме берүү менен.
Бирок, Түндүк Кореянын бийлиги америкалык аскерди депортациялоо чечимин кабыл алган.
CNN америкалык эки чиновникке шилтеме берүү менен буга чейин Трэвис Кинг камакка алынганын билдирген. Бул маалыматты АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан АКШ «Кингдин кайтып келишин камсыздаганын» ырастаган.
Ушул жылдын 18-июлунда эки Кореянын ортосундагы биргелешкен коопсуздук аймагындагы фактыларды иликтөө учурунда Трэвис Кинг Түндүк Кореянын чек арасына өтүп кеткен.
Кийинчерээк Түндүк Корея америкалык аскер аталган өлкөдөн башпаанек сурап жатканын кабарлаган.