![Сынды туура кабыл алып, ага карап түздөнүү керек Сынды туура кабыл алып, ага карап түздөнүү керек](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/700d18d3-dee9-4b6e-ad09-2fec429db600.jpg)
Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын Ош облустук кеңешинин билим, илим кызматкерлеринин Ош облустук профсоюз комитетинин курамына азыркы учурда 7 райондук, 1 шаардык, 5 жогорку окуу жайларынын бириккен профсоюздук комитеттери жана түздөн-түз тейлөөдөгү 9 баштапкы профсоюз уюмдары кирет. Мүчөлөрүнүн саны 36 000ден ашык. Биз аталган комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаевге жолугуп, ага бир катар суроолор менен кайрылып, жооп алып кайтканбыз.
— Профсоюздун негизги милдети — өзүнүнүн мүчөлөрүнүн укугун коргоо жана алардын ден соолугуна камкордук көрүү эмеспи. Сөздү мына ушул багыттан баштасаңыз?
![Сынды туура кабыл алып, ага карап түздөнүү керек](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/msg817360797-6718-949x1024.jpg)
— Эмгек кодексинин сакталышын көзөмөлдөөдө, кызматкерлердин укугун коргоодо профсоюздун ролу чоң. Билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдин укугу бузулса, адвокатка кайрылышы керек, алар арыз ээсинен белгилүү каражатты талап кылат. Алардын бизге көп кайрылышкандыгынын себеби мына ошондон. Быйыл бизге 180ден ашык кайрылуу түшкөн. Алардын баары тиешелүү жоопторду алышты. Аны мисал менен далилдей кетели.
Оштогу У.Салиева атындагы зээндүү балдардын жатак лицейинин жетекчилиги Абдувалиева Улпатканды мый- замсыз иштен бошотуп койгон экен. Ал бизге кайрылганда биздин адистер бул фактыны жеринде текшерип, арыз ээси кайрадан жумушка алынган. Ага чейин педагогикалык колледждин мугалими айлык акы тууралуу да кайрылган болчу. Анын маселеси да оң жагына чечилген. Бул багытта биздин демилгебиз менен облустун Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу райондорунда билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин катышуусу менен укуктук-ченемдик актылар жана техникалык коопсуздук тууралуу атайын окуу семинарлар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жатат. Оштогу билим берүү институтунда эки жумалык курска келген мектеп жетекчилерине жана мугалимдерге биздин комитеттин уюштуруу бөлүмү тарабынан 6 сааттык “Кызматкерлердин социалдык-экономикалык укуктарын коргоо” деп аталган лекциялар өткөрүлдү.
— Профсоюз комитети Кыргыз Республикасынын социалдык өнөктөштүк жөнүндөгү мыйзамдын негизинде иш алып барат эмеспи. Ушул багытта жүргүзүлгөн иштерге түшүндүрмө берип өтсөңүз?
— Жамааттык келишимдер жана макулдашуулар үч жылдык мөөнөт менен райондордо жана шаарларда үч, окуу жайларда 2 тараптуу түзүлөт. Анда кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртуу маселеси макулдашылат. Анын негизинде Алай, Кара-Суу, Ноокат, Чоң-Алай райондорунда жаш мугалимдерге бир жолку жөлөк пул төлөө, Өзгөн районунда турак жай куруу үчүн жер тилке бөлүп берүү маселелери ишке ашып жатат.
— Комитетке келген «путевкаларды» бөлүштүрүү тууралуу түшүндүрмө берип өтсөңүз?
![Сынды туура кабыл алып, ага карап түздөнүү керек](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/6ceaefb0-c546-4815-9930-22d4edd6b2fd-1024x682.jpg)
— Жакшы болот. Бул багыттагы жасаган аракетибиздин жыйынтыгы -быйыл кызматкерлерибиздин балдарын жайкы эс алуу учурда даана көрүндү. Балдардын ден-соолугун чыңдоочу жайларда эс алган балдардын жалпы саны быйыл 750гө жетти. Бизге келген путевкалар коэффициент аркылуу бөлүштүрүлөт. Себеби, райондордо эмгектенген мугалимдердин саны ар түрдүү. Мисалга алсак, Кара-Сууда билим берүү тармагында эмгектенген 10 миң кызматкерлер бар. Жакында келген 90 путевканын 23ү ушул районго бөлүнөт. Мында тышкары, профсоюздардын райондук комитети өздөрү да алат. Себеби, азыркы учурда профсюздук акынын 85 пайызы алардын өздөрүндө калат. Ошонун эсебинен өздөрү алган путевканын жарымын райондук комитет төлөп, калганын эс алуучу төлөп эс алып келет.
— Биз билгенден Кара-Кулжа жана Араван райондук билим берүү кызматкерлери областтык комитеттин курамынан чыгып, райондун өзүндө фонд түзүп алышкан болчу. Алардын акыбалы кандай?
— Профсоздар ыктярдуу, коомдук уюм экендигине карабастан Кыргыз Республикасынын илим жана бирим берүү министрлигинин мурдагы министри Болотбек Купешовдун көрсөтмөсү менен ушул эки район областтык комитеттин курамынан чыгып, райондун өзүндө өз алдынча фонд түзүп алышкан болчу. Бирок, мезгил бул практика өзүн актабай тургандыгын далилдеди. Кара-Кулжа району биздин курамыбызга кирди. Араван району да жакында кайра келгени жатат.
— Кийинки күндөрдө Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын дарегине айтылган сынды кандай кабыл алып жатасыздар?
![Сынды туура кабыл алып, ага карап түздөнүү керек](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/700d18d3-dee9-4b6e-ad09-2fec429db600-1024x682.jpg)
— Мен ошол сындын айрым жүйөөлүү жактарына кошулам. Профсоюздар боюнча мыйзамды мезгил талабына жараша өзгөртүү зарылдыгы эбак эле бышып жетилген. Заман талабына ылайык келбей калган эски мыйзамдарды өзгөрмөйүн иш алдыга жылбайт. Ошондуктан айтылган сынды туура кабыл алып, ага карап түздөнүү зарыл. Бул жерде белгилеп өтө турган жагдай бар.
Кыргызстан Профсоюздар федерациясында 12-13 тармак бар. Алардын жүргүзгөн иштери бир калыпта эмес. Айтылган сын федерациянын айрым тармактарына тиешелүү болсо да, алардын кесепети менен жалпыбызга көө сыйпалып жатат. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук Комитетинин кандай жакшы иштерди жүргүзүп жаткандыгынан коомчулуктун кабары бар. Алсак, билим, илим кызматкерлеринин Ош областтык профсоюз комитети мугалимдердин август конференциясында жылдын мыкты айылдык, шаардык мектебине, балдар бакчасына, ардагерлерине, өзүнүн ишине жоопкерчилик жана чыгармачылык мамиле жасаган мугалимдерге жана тарбиячыларга жыл сайын материалдык сыйлык берүүнү уюштуруп турат. Ошондой эле республикалык предметттик олимпидада байгелүү орунга жетишкен окуучулардын предмети боюнча окуткан мугалимдерине, Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку баллга жетишип, Прзиденттин Алтын сертификатына ээ болгон окуучулардын педагогикалык жамаатына 10 000 сомдон акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат. Ошондой эле октябрь айында белгилене турган мугалимдер күнүнө карата да алдыңкы педагогдорго жана агартуу тармагына эмгеги сиңген ардагер мугалимдерге материалдык сыйлыктар тапшырылат.
Мындан тышкары, облустун аймагындагы орун алган жатак мектептерге жана алыскы Чоң-Алай районундагы аз камсыз болгон үйбүлөлөрдүн мектеп окуучуларына көрсөтүлгөн материалдык жардамдын жалпы суммасы 407 430 сомду түздү.
Т.АБДЫРАЗАКОВ