Ош шаарында 5-октбярь күнү жумуш жана кесип жарманкеси өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарада жаңы карьералык мүмкүнчүлүктөрдү ача турган, “Joop Bar” аттуу жумуш издөө боюнча инновациялык платформанын ачылышы өткөрүлөт.
«Жумуш издеген жаштар менен жумуш берүүчү компаниялар бир аятнчада чогулуп, жаштар “JoopBar” платформасы аркылуу тандаган кесиптеги бош орундарга тапшыра алат. Иш-чарада жумуш берүүчүлөр жумушка орношууда керектүү талаптар тууралуу маалымат менен бөлүшүп, жумуш издөөчүлөр жөндөмдөрүнө жана алдыга койгон карьералык пландарына жараша ыңгайлуу кесип тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Иш-чара Кокум бий 5/3 көчөсүндө жайгашкан “Жаннат Резорт” мейманканасында саат 10:30 да башталат. Жарманке Ага Хан Фондунун USAID тарабынан каржыланган “Жергиликтүү өнүгүү” долбоору тарабынан уюштурулат»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумча маалымат үчүн коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси — Аданбаев Улукбек менен 0776 444 800 байланыш номерине кайрылыңыздар.