Тоолор менен тоолуктардын мекени болгон айтылуу Алайкуу өрөөнү жолунун катаалдыгы, шартынын татаалдыгы, жаратылышынын кооздугу, абасынын тазалыгы, элинин кең пейилдиги менен таанымал. Мына дал ушул өрөөнгө болгон иш-сапарыбыздын алкагында калк саламаттыгына кам көргөн Алайкуу өрөөнүндөгү жалгыз аймактык ооруканага баш бактык. Аталган оорукананын жаш жетекчиси Бакытбек уулу Актилекке жолугуп, мындагы аткарылып жаткан жумуштар туурасында жеринде маектешип кайтканбыз.
Бакытбек уулу Актилек айтылуу Алайкуунун уулу. Дарыгер мырза 1991-жылы Кара-Кулжанын Ой-Тал айылында туулуп өскөн. Жогорку билимдүү. Тоо элинин уулу мектепти аяктаган соң, ОшМУнун медицина факультетинен билим алып, дарыгер адистигине ээ болгон. Оштогу облустук ооруканада ординатурасын өтөгөн соң, Оштогу медициналык колледжде мугалим болуп иштеген. Дарыгерлик кесибин да унутта калтырбай кошумча «Добро-Мед» жеке менчик клиникасында дарыгер болуп иштеп келген. Кийин шаардагы № 10 поликлинкада эмгек жолун уланткан соң, 2020-жылы өзү туулуп-өскөн Алайкуу өрөөнүнө барып иштөөнү максат койгон. Өз элинин ден-соолук сакчысына айланган Актилек мырза учурда Кара-Кулжа ЖДПБнун Кызыл-Жар аймактык ооруканасынын жетекчиси кызматында тер төгүп келүүдө. Үй-бүлөлүү. Жубайы Айжамал Камалова да жогорку маалыматтуу дарыгер айым. Дарыгерлерден куралган жубайлар эки перзентти эрезеге жеткирип, учурда Алайкуу өрөөнүндөгү калктын ден-соолугуна кам көрүп, элдин урмат-сыйына арзып келишүүдө.
ООРУКАНА ЖӨНҮНДӨГҮ ОЙ
Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнү боюнча жалгыз оорукана Кызыл-Жар айыл өкмөтүндө жайгашкан. 2017-жылы эки кабаттуу заманбап үлгүдө курулган оорукананын айланасы жашылдандырылып, тазалык менен тартиптин курчтугун байкадык. Бардык бөлүмдөрдө жакшы шарттар жаратылган. Ысык-муздак суулар чыгарылып, гигиеналык-санитардык нормалардын сакталышына чаралар көрүлгөн.
Палаталардын баары жылуу, жарык экен. Ары-бери чуркап иштеп жүргөн ак халатчандар ар бир бейтаптарга кичипейилдик менен мамиле жасагандары көзүмө урунду. Мында төрт бөлүм иштеп, жалпы 20 керебетке ылайыкташкан. Атай кетсек, балдар бөлүмү, төрөт бөлүмү, терапия жана хирургия бөлүмдөрүндө ак халатчандар калк ден-соолугуна кам көрүп эмгектенип келишүүдө. Ал эми мындагы стоматология бөлмөсүндө орто билимдүү стоматолог адиси иш алып барат. Ошондой эле лаборатория, тез жардам бөлүмү, үч тез жардам унаасы да бар. Оорукананын карамагында үч ҮБДТ жана 2 ФАП иш алып барат. Айылдар бир топ алыс жайгашкандыктан тез жардам унаалары Алайкуу өрөөнүнө караган бардык айылдардан түшкөн чакырууларга барып турушат. Бейтаптын абалына жараша Кара-Кулжа районунун борборуна же облустук ооруканага чейин бейтапты жеткирүүгө кызмат кылып келет.
«Бизде албетте, көйгөй жок эмес дейм. Бирок, кол куушуруп отургандан алыспыз. Аракеттерди көрүүдөбүз. Лаборатория бөлүмүндөгү жабдыктар эскилиги жетти. Азырынча эптеп иштетип атабыз. Аларды жаңылоого зарылдык чоң. Алгачкы лабораториялык изилдөөлөргө гана иштетилет. Буюрса, аларды жаңылоонун жолдорун караштыруудамын»- дейт жетекчи.
Хирургия бөлүмүндө жеңил жараат алгандарга жардамдар берилип, аны дарыгер Актилек мырза өзү көзөмөлдөйт. Ал эми төрөт бөлүмүнө Алайкуу өрөөнүнө караган бардык айыл өкмөттөрдө жашаган кош бойлуу энелер келип, көз жарып кетишет. Эненин аман-эсен көз жаруусуна аракет кылган дарыгер айым Айжамал Камалова мыкты тажрыйбасы бар дарыгер. Айжамал Камалова эне-баланын ден-соолугун асыроодон сырткары, кандай гана дарт менен кайрылбасын бардык жарандарга шыпаа багыштап, бардык тармакты бирдей алып кетип жаткан жалгыз дарыгер айым.
«Мурда биз бир эле тармакта иштесек, азыр бардык бөлүмдөрдө иштөөнү жолго койдук. Себеби, бул зарылчылык дарыгерлердин жетишсиздигинен болду десем болот», — дейт дарыгер айым.
Ооруканага тиешелүү болгон дары-дармектердин баары жетиштүү. Дартка дабаа берүүдө зарыл болгон кошумча дарыларды атайын иштеп жаткан дарыканадан алып турушат. Мында заманбап УЗИ аппараты бар. Бирок, аны иштетүүгө дарыгер жок болгондуктан, дарыгер жубайлар УЗИни иштетүү үчүн учурда окуудан өтүп жатышканын айтышат.
«Ооруканага биз келгенге чейин эле УЗИ аппараты берилген экен. Бирок, аны иштетүүгө врач жок болгондуктан, учурда жубайым экөөбүз окуп жатабыз. Бул курсту бүтсөк, УЗИ аппаратын жеринен иштете баштайбыз. Буга чейин биз үй-бүлөлүк дарыгерлер курсунан өтүп келгенбиз. Ошондуктан, бардык сыркоолууну бирдей карап, дарылап жатабыз» — дейт дарыгер мырза.
ӨРӨӨНДҮН ӨМҮР САКЧЫЛ АРЫ
Мында иштеген ак халатчандардын алды жарым кылымга жакын тажрыйбасы бар кызматкерлер болсо, алардын катарын жаш кадрлар да толуктап келүүдө. Оорукананын башкы медайымы Динара Токонбаева тажрыйбасы мол медайым. Ал өмүрүн калк саламаттыгына арнап, дээрлик чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Ал өзүнүн топтогон мыкты тажрыйбасын жаш кадрларга үйрөтүүдөн чарчабайт. Ал эми Бурганбү Кожоева, Бүмария Айдарова айымдар колу жеңил киндик эне болгон акушер медайымдар. Эненин аман-эсен көз жаруусуна себепчи болушуп, канчалаган наристелердин киндик энеси аталып келишүүдө. Данияр Сыдыков фельдшердик кызматын жоопкерчилик менен аркалаган ак халат ээси. Учурда 20 миңге жакын калктын ден соолугунун сакчысында турган оорукананын кызматкерлери ынтмакты туу тутуп, коомдук иштерге да активдүү катышып келишет.
КАЛК КАДЫРЛ АГАНДАРЫ ГЕР ЖУБАЙЛАР
Ал эми ооруканын жаш жетекчиси дарыгер Актилек мырза өз өрөөнүнө чын ыкласы менен кызмат кылган мекенчил инсан экенин жаза кетпесек болбойт. Өзү туулупөскөн айылына кайтып келип, дарыгерлер жетишсиздигин байкатпай мыкты тажрыйба топтоп, бейтаптын онтогон оорусуна шыпаа багыштап, мээнетин арнап келүүдө.
Ал эми анын жубайы Айжамал Камалова да үйдө энелик вазийпасын, ишинде мыкты дарыгерлик кызматын кабак-кашым дебестен өтөп, эки чылбыр бир тизгинди чогуу кармаган жубайлар өрөөндүн өмүр сакчыларына айланган. Эмгеги менен эл арасынан кадыр-барк тапкан ак халатчан жубайларга мындагы жашоочулар ыраазы экенин билдиришет.
«Ушул убакытка чейин жогорку билимдүү дарыгерлерге муктаж болуп келгенбиз. Дарыгерлер келбейт эмес келет, бирок, кайра эле кетип калышчуу. Эми мынтип өзүбүздүн уулубуз жубайы экөө тең жогорку билимдүү врачтар болушуп, кайтып келип иштеп жатканына сыймыктанабыз. Тоолуктарды томсортуп башка жака кетпей, ушул жерде иштегиле деп суранып келебиз. Негизгиси Актилек биздин уул. Биздин өрөөндөн дагы көп ушундай дарыгерлер чыкса деген тилектебиз»-дейт айыл башчы Мухаммед.
Актилек мырзанын дарыгердик кесипти тандап алуусуна анын чоң атасынын бейтаптыгы таасир бергенин айтат.
«Биз чоң атамдын колунда чоңоюп, тарбия алганбыз. Чоң атам көптү көрө билген даанышман карыя эле. Оозунан насаат кебин түшүрбөй, айылдын алдыңкы аксакалдарынын бири болгон. Кийин чоң атам катуу ооруп калып, дарыгерлерге көрсөтүп, аябай дарыгерлердин кызматына муктаж болгонбуз. Ошондо чоң атамдын ооруганын көрүп, дарыгер болом деп алдыма максат койгом. ЖТРге даярданганда да медицина факультетине өтүү үчүн катуу даярдаганмын. Дарыгер болуу үчүн белгилүү болгондой көп окуш керек эмеспи. Мен да өжөрлөнүп жүрүп, жакшы балл алып Ош МУнун медицина факультетине өткөнмүн. Бирок, биздин үй-бүлөдө бир да дарыгер болгон эмес. Атам убагында айылдагы совхоздун коюн кайтарган, эл катары тирилик кылган инсан»-дейт дарыгер мырза.
Дарыгер жубайлар мындан сырткары аптасына эки күн Ой-Тал жана Көңдүк айылдарындагы ҮБДТна барып, ал жерден бейтаптарды кабыл алып турушат.
«Биздин иште тыным жок. Өзүңүздөр көргөндөй, айылдардын аралыгы алыс жайгашкандыктан жол азабын көп тартабыз. Кышындасы кар көп түшүп, андагы кыйнчылыктарды айтпасак деле белгилүү. Бирок, мен ушул өрөөндө өсүп-жетилгендиктен мындай шарттарга моюн бербейм. Тез жардам унаасы барбаган жерлерге ат менен кээде жөө-жалаң барган күндөрүбүз да болот. Жакшы деле дем алууну билбейбиз. Кайсыл убакытта болбосун чакыруу келсе, кечикпей жетип барууга, алгачкы жардамды көрсөтүүгө далалат кылабыз. Негизгиси, элибиздин ден-соолугу чың болуп, заманыбыз тынч болсун. Биздин эмгекти эске алып, жолдун алыстыгына карабай келип, биз менен маек курганыңыздар үчүн сиздердин редакцияга ыраазычылык билдиребиз»-дейт Актилек мырза.
Н.ӨМҮРЗАКОВА, Ош–Кызыл-Жар–Ош