![Баатырбек Осоев: "Максатым-окуучуларга татыктуу билим берүү" Баатырбек Осоев: "Максатым-окуучуларга татыктуу билим берүү"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/6.jpg)
Осоев Баатырбек Алмаматович 1985-жылы 6-майда Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу “Лаглан” айылында төрөлгөн. 1992-жылы №35 “Лаглан” орто мектебинин босогосун аттап, 2003-жылы бүтүргөн. 2003- жылы Ош мамлекеттик универстетинин “Физика, математика жана информатика” факультетине тапшырып, 2009-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2016-2018-жылдары Ош соода-экономикалык колледжинин сырттан окуу бөлүмүнөн билим алган. 2020-2022-окуу жылында ОшМУнун физика-техника факультетинин “ Магистр” бөлүмүн бүтүрдү. 2018-2019- окуу жылынан баштап Кара-Суу районундагы № 40 Б.Азизов атындагы орто мектепте эмгектенип жатат. 2019-2020-окуу жылынан баштап 2023-2024-окуу жылына чейин “Жол аман” ийримин жетектеп келүүдө. 2023-2024-окуу жылында окутуу, окуу-тарбия иштери башчысынын милдетин аткарууда. Биз Баатырбек Алмаматовичке жолугуп, мугалимдердин кесиптик майрамы алдында суроолорду узаттык.
— Баатырбек Алмаматович, агай деген сөздү угуу Сиз үчүн кандай сезим жаратат?
— Агай деген сөз чындыгында мен үчүн чоң бакыт. Окуучулардын, “Саламатсызбы агай!” деген сөзү мага ар дайым, куч-кубат берет.
— Учурда заман талабына ылайык, окутуунун түрдүү усулдары колдонулууда. Сиз кандай ыкмаларды пайдаланып жатасыз?
— Мугалим чыгармачылык менен, изденүү менен иштөөсү зарыл. Окуучулардын терең билимге ээ болушу окуутунун усулдарына гана эмес , окутуу ишин уюштурунун формаларынан да көз каранды экендиги белгилүү. Учурдагы мектептеги эң көп колдонулган окутуу ишин уюштуруу формаларына сабак, үйдөгү окуу иштери ж.б. кирет.
Ошондуктан ар кандай окутууну уюштурунун формалары менен бирге атайын курстан өтүү керек. Сабакка өзгөчө орун таандык. «Бүгүн мугалимдин балага билим берүүсү учурдун талабына жооп береби?», “Эгемендүү Кыргызстанды өркүндөтүү үчүн кандай билим керек?” деген суроолор билим берүү тармагындагы орчундуу көйгөйлөр экендиги айтпасак да түшүнүктүү. Алган билимин турмушта колдоно билүү ыктарына ээ кылуу зарыл. Ошондуктан мен, мугалим катары ар бир окуучуга жана жалпы класска түшүнүктүү боло тургандай ыкмаларды колдонуп, сабак өтөмүн. Сабагымда интерактивдүү досканы пайдаланганым сапаттуу билим берүүгө чоң түрткү берди. Себеби, окуучулар сабакты азыркы мезгилдин талабына байланыштуу өздөштүрүү менен интернеттен өздөрүнө керектүү маалыматтарды табууну жакшы билишет. Окуучу сабакта эркин отурса, мугалим теманы эркин түшүндүрсө ошондо гана сабак жетиштүү кабыл алынат.
— Мугалим Сиз үчүн ким?
— Мугалим… Кандай гана ардактуу сөз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. “Мугалим, Сен кесибиңе сыймыктан, анткени коом сага балдарды ишенип тапшырган”, “Мугалим – мөмөлүү дарак”, “Мугалим -кесиптердин төрөсү, мугалим- кесиптердин энеси”, “Мугалим — коомдун күзгүсү” деген жакшы сөздөр элибизде бекеринен айтылбаган чыгаар. Ооба, мугалимдик кесип ардактуу экени талашсыз. Анткени мугалимсиз билим жок, коом алдыга өнүкпөйт. Ар бир кесип ээсин мугалим окутат. Мугалим окуучуга билим, тарбия берип, келечекке туура жол көрсөтөт. Деги эле мугалим сабырдуу, жүрөгү таза, акылы тунук, сөз байлыгы кенен жана балдарды жан дили менен сүйгөн инсан. “Сезимге аруулуктун нурун чачкан, мугалим айтып бүткүс улуу дастан” демекчи, мугалим жөнүндө айтып берсең сөз бүтпөйт. Башканы коюп, өзум жөнүндө айткым келет. Педагог катары теориялык алган билимдеримди балдарга практика жүзүндө кандай жеткирип жатамын, мыкты билимге, жакшы тарбияга туура багыт берип жатамынбы? – деген көйгөй жүрөгүмдө дайыма жашап келет!
![Баатырбек Осоев: "Максатым-окуучуларга татыктуу билим берүү"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/2-1024x460.jpg)
— Сиз окуткан окуучулар жеткен ийгиликтер менен таанышсак?
— Жакшы болот. 2018-2019-окуу жылында “физика” предмети боюнча аймактык олимпиадага Куштарбек уулу Көкчөбай катышып райондук турга өткөн. Ал эми 2019-2020-окуу жылында “физика ” предмети боюнча аймактык олимпиадага Исакова Анара катышып, ал да райондук турга өткөн.
2021-2022-окуу жылында “физика” предмети боюнча аймактык олимпиадага Жеңишов Айжигит катышып 1- орунду алган. Райондук турда 4-орунга жетишти. Учурда Куштарбек уулу Көкчөбай ОшМУда билим алып жатат, 3-курс.
Дагы бир бүүтүрүүчүбүз Исакова Анара ЖТРдан жакшы балл алып, ОшМПУда билим алып жатат, 2-курс. Жеңишов Айжигит ЖТРдан жакшы балл алып, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек универстетинде бюджет- тик негизде 2-курста окуп жатат. Башка да бүтүрүүчүлөрүбүз ийгиликке жетишкен учурлары арбын. Булардын ийгилиги менин жана жалпы мугалимдердин ийгилиги деп эсептеймин.
— Сиз тандаган кесипти өзгөртүүнү каалайсызбы, ойлоруңузду уксак?
— Мен кесибимди өзгөртпөймүн! Тескерисинче, балдарды көрүп чыйраламын, алардан энергия аламын. Балдардын күлкүсү жана жылмаюусу мага дем берип, ишиме болгон кызыгуумду күчөтөт. Сабак учурунда ар бир баланын оюн, кыялдануусун угуп, изденгичтигин жана жумшак баёо көңүлүн карап, келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө байланганымды туямын.
![Баатырбек Осоев: "Максатым-окуучуларга татыктуу билим берүү"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/62-1024x950.jpg)
— Кошумча ийримдерди да өтөсүзбү?
— 2019-2020-окуу жылынан баштап, 2023-2024-окуу жылына чейин Кара-Суу райондук Балдар чыгармачылык борбору менен иштеп “Жол аман” ийримин жетектеп келдим. Мен, мектептеги бош убактымды “Жол аман” ийримине катышкан окуучуларга кошумча билим берүү менен алектендим. Учурдун чоң көйгөлөрүнүн бири бул жол тыгын, жол эрежелеринин туура сакталбагандыгынан улам, жол кырсыктарынын аябай көбөйүшү. Жол тыгындарын жок кылуу максатында изилдөөлөрдү баштап жатам. Ар бир мектеп окуучулары үчүн өтмөк жолду куруу боюнча максат кылып жатам. Менин окуучуларым мен берген багыт боюнча эртеңки күндүн жаратманы, акылманы, ойлоп табуучусу болсо, мен өзүмдү чыныгы мугалим деп эсептейм. 2022-2023-окуу жылында “Жылдын мыкты ийрим жетекчиси” сынагына катышып, райондук турдан 1-орунга, облустук турдан 2-орунга жетиштим.
— Кээде чарчаганда, башка жака кетүү оюңузга келеби?
— Эс алуу кимге гана жакпасын! Эс алуу — бул адамдын чарчаганын жоготуп, ишке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүчү иш-аракет деп түшүнөм. Адамдын окуу, өндүрүш жана башка иш-аракетинде эмгек менен эс алуу тыгыз байланыштуу. Жетишсиз эс алуу чарчоого алып келет. Убактылуу эс алып келем. Бирок, үй-бүлөмдү жана жумушумду таштап эч жакка кетпеймин.
![Баатырбек Осоев: "Максатым-окуучуларга татыктуу билим берүү"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/61-1024x692.jpg)
— Талбаган эмгегиңиз эл, мамлекет тарабынан кандай бааланууда. Сиз алган сыйлыктар кайсылар?
— Азырынча менде өтө эле чоң сыйлыктар жок. Ардак грамота, диплом, Ыраазычылык каттар бар. 2020-2021-окуу жылында “Жылдын мыкты мугалими” сынагына катышып, аймактан 1-орунду, райондон 2-орунду алганмын.
— Алдыга койгон максаттарыңыз?
— Окуучуларга татыктуу билим, тарбия берүү. Өзүмдүн үстүмдөн тынымсыз изденүү. Инновациялык усулдар менен иштөө.
— Үй-бүлөңүз, ата-энеңиз тууралуу айта кетсеңиз?
— Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз, мен жетинчисимин. Атам мугалим болуп 35 жыл иштеген. Атам ыр түрүндө роман жазган киши болгон. “Үмүттөр эмнени эңсешет” деген китеби жарыкка чыккан. Апам бар, 71 жашта. Бир туугандардан жетөөбүз мугалимбиз. Бир агам милиция тармагында иштейт.
Учурда үй-бүлөлүүмүн, Нурель ысымдуу уулубуз , Алия ысымдуу кызыбыз бар. Үчүнчү наристебизди күтүп жаткан учурубуз. Жубайыма кудайым күч-кубат берип аман — эсен жарык дүнүйөгө алып келсин.
— Эркин сөз берели, каалоо-тилектериңиз?
— Октябрь айынын биринчи жумасында мугалимдер күнү белгиленет, б.а. майрамдайбыз. Бүткүл агартуу тармагында эмгектенген мугалимдерди кесиптик майрамы менен чын дилден куттуктаймын. Ден-соолук, иштерине ийгилик каалаймын. Ар дайым сый үстүндө жүрүшсүн.
Маектешкен: К.Кыдыралиева