![Бир кылым жашаган карыя Бир кылым жашаган карыя](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/82-scaled.jpg)
Илгертен эле элибиз “Карысы бардын-ырысы бар “деген сөздү туу тутуп айтып келишкен. Мына ошондой карыяларыбыздын бири, Ноокат районундагы Апшыр-Ата айылынын жашоочусу Карыбек ажы Абдрахманов 100 жаштын ашын жеп, карылыктын кадырлуу күндөрүн башынан өткөрүп келе жатат. Карыбек Абдрахманов Апшыр-Ата айылында 1922- жылы туулган. Уруусу Төөлөс. Байбичеси Кыздаркан апа экөө 4 уулду, 6 кызды тарбиялашты. Бардыгы үйлүү- жайлуу болушту. 45 небереси, 30дан ашык чөбөрөсү бар.
Карыбек ажы Абдрахманов Апшыр-Ата айылындагы 4 жылдык мектепти аяктаган. Андан кийин эмгек жолун 1940- жылы Стрельков атындагы колхозунда табельчи болуп иштөөдөн баштаган. 1941-1942-жылдары бригадир, 1943-1944-жылдары Кызыл-Кыя шахтасында, согуш мезгилинде тылда эмгектенген.
К.Абдрахманов согуш аяктагандан кийин билим алуу үчүн 1946-жылы Өзгөндөгү бир жылдык половольшик окуусуна тапшырат. 1947-жылы Стрельков атындагы колхозунда башкарманын орун басары кызматында эмгектенет.
1949-жылы Жаңы-Ноокат районундагы Ичкилик МТСте участканын башкы агроному болуп иштөө менен бирге, билимин да жогорулатат. 1951-1953-жылдары Фрунзе шаарындагы колхоздун башкармаларын даярдоо окуусунан билим алат. Кийинчерээк Скрябин атындагы институтунан билимин улантып, кенже агроном адистигине ээ болот.
1954-1955-жылдары Бел-Өрүк колхозунун башкармасы болуп дайындалат. Андан кийин парторгдук кызматты аркалайт. Колхоздун экономикасын көтөрүүгө өзүнүн салымын кошот. 1961-жылы Ленин атындагы колхозу менен Молотов колхозу кошулуп, Прав- да колхозу болуп түзүлөт. 1965-жылы Правда-Көк-Жар колхозу биригип, Көк-Жар совхозу болуп аталып калат. Мына ошол мезгилде совхозго тамекичилик боюнча бригадирликке Карыбек Абдрахмановду көрсөтүшөт. Тамекинин түшүмү мол болуп, планды 210 пайызга аткарышып, ВДНХнын медалын алууга татыктуу болот.
![Бир кылым жашаган карыя](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/81-1024x768.jpg)
Карыбек аксакал жаштык кезинде союз мезгилинде, колхоз- совхоздун жетекчиси болуп иштеп турган убагында жооптуу кызматтарды аткарды. Ал мезгилде тартип темирдей катуу эле, планды аткарбасаң кызматтан кетет элең деп эскерет. Эмгегинин акыбети кайтып, үзүрүн көрүп мамлекет тарабынан 5 жеңил автомашина менен жана көптөгөн сыйлыктардын ээси болду. Айылдык, райондук Кеңештин депутаты болгон.
Чарчап-чаалыккан учурда колуна комузун алып, күү чертип, жарпын жазаар эле. Эгерде мен жогорудагыдай кызматтарда иштебегенимде, «чон комузчу» болот белем деп, — айтып калчу экен. Жаштык кезинде көптөгөн күүлөрдү чертип, үй-бүлөсүн шаңга бөлөп, айылдаштары комуздун күүсүн укканы киришчү экен. Ал эми байбичеси Кыздаркан апа да ооз комуз чертип, курбуларын кубантчу экен. Карыбек аксакалды айылдаштары мурда Карыбек балбан деп аташчу. 1996-жылы байбичеси экөө Ажыга барып келгенден кийин Карыбек ажы деп аташат.
“Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деген сөз туура айтылган экен. Кезегинде чоң улакчы болуп, көптөгөн баш байгелердин ээси болгон. Оодарышка дагы чыгып, көптөгөн күрөштөрдө Орто Азиянын чемпиону деп аталган. “Мен үч ролду аткарам, улак чабамын, күрөшкө түшөмүн, оодарышка түшөмүн дейт, — Карыбек ажы аксакал.
![Бир кылым жашаган карыя](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/8-1024x768.jpg)
Фрунзедеги спорт музейинде Карыбек аксакалдын сүрөтү Ардак тактада илинип турганын көргөн-билгендер айтып келишет.Карыбек ажы гезитти, китепти көз айнексиз окуйт. Бир кылым жашаган, дөөлөттүү карыя, 100 жашка чыкса да, неберелерин, чөбөрөлөрүн гезит-журнал, китеп окугула, билимди китептен аласыңар, билимдүү болгула, ыймандуу, акылдуу, бактылуу болгула деп, — ак батасын берип, алкап келет. Ал эми кыргыз элине ынтымакчылыкты каалап, жерибизде ар дайым тынчтык болсун деп ак батасын берди Карыбек ажы аксакал.
Б.Ысакова