![В. Путин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет В. Путин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/b8f914e92878cb50ea6c4af6081432fdb6a0c45e.jpg)
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.
“Алдыдагы сапардын алкагында Мамлекет башчысы менен Президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.
Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечек пландарын талкуулашат.
Мындан тышкары, мамлекет башчыларынын Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышуусу пландаштырылууда”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.