![Төлөнбай Абдыразаков: "Жунай Мавлянов атпай журттун адамы болчу" Төлөнбай Абдыразаков: "Жунай Мавлянов атпай журттун адамы болчу"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/110.jpg)
1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктап, «Мугалимдер газетасынын» редакциясына жумуш издеп барып калдым. Кабыл алуу бөлмөсүндө олтурган катчы кыздан “башкы редактор барбы? деп сурасам, ал:
— Ал азыр бош эмес, үстүндө адамдар бар, күтүп тур, — деп койду. Бир топко чейин олтурдум. Бир маалда эшик ачылып, сыртка кадимки залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков бир адам менен чыга келди. Шашып кетип сүрдөгөнүмдөн:
— Саламатсызбы, агай! — деп жибердим. Ал калбаат гана: — Саламатчылык, — деп алик алды.
Катчы кыз менин атактуу адам менен капыстан жолугуп, сүрдөй түшүп, редакторго кире албай туруп калгандыгымды байкаган окшойт:
— Агай эми бошоду, кире бер,-деди.
Жунай Мавляновдун «Бекиш, сага эмне болду?», «Менин күндөлүгүм», «Келе, колуңду», «Чагылган», «Нан», «Ачык асман»,«Бийиктик» сыяктуу чыгармаларын калтырбай, кызыгып окуп жүргөм. Бирок авторду жакындан биринчи көрүшүм, мага өтө сүрдүү сезилди, келе жатканда даярдап келген сөзүм оозумдан түшүп калды. Менин апкаарып калганымды сезди окшойт, сөздү өзү баштады:
— Кел жигит, кандай жумуштар менен келдиң эле. Катчы кыздын “агай” деп айтканын эстеп, башкы редакторго:
— Агай, мен быйыл университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөм. Келинчегим студент болгондуктан, шаарда калып иштөөгө туура келип жатат. Эгер, бош орун болсо, жумушка орношоюн деп келдим,-дедим.
— Журналистиканы бүтүрсөң, газета-журналдарга чыккан макалаларың барбы?
Анын суроосуна: — Ооба! — деп жооп берип, газеталарга жарыяланган макалаларымды колуна бердим. Арасында “Жаш Ленинчи” журналында жарыяланган аңгемелерим да бар болчу.
— Балдарга арналган аңгемелериң да бар экен, жазгандарың көп элеби?, — деп калды.
— Беш-алты аңгемем бар, агай, — деп жооп бердим.
Тагдыр экен, ошентип, ошол күнү «Мугалимдер газетасынын» редакциясына кабарчылыкка кабыл алынганмын.
***
Негизинен «Мугалимдер газетасынын» жамааты ынтымак болчу. Шакима Сулейманова — редактордун орун басары, Таштан Аширалиев — жооптуу катчы, Зина Исанова — анын жардамчысы. Астай Сулайманова, Кемел Жумаканов, Салибай Шатманов, Тынчтыкбек Нурманбетов, Кенже Көбөновалар бөлүм башчы, Калбү Сариева, Азимкан Молдобекова, Жума Мамбетов, Кубан Чороев, Т.Субанбеков — кабарчылык кызматта иштешчү. Турмуштан көрүп эле жүрөбүз го, жаш адистин ишти андан ары жөндөп кетиши, же тескерисинче жүдөп, чүнчүп кетиши жетекчиге байланыштуу эмеспи.
![Төлөнбай Абдыразаков: "Жунай Мавлянов атпай журттун адамы болчу"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/111-1024x683.jpg)
Бул жагынан алганда Жунай агай кыраакы жетекчи эле. Биртке ийгилигиң болсо, аны жамааттын көзүнчө баса көрсөтүп, көңүлүңдү көтөрүп турчу. Кээде кемчилик кетсе айрым жетекчилерге окшоп кыйкырип-нетпей эле, жай гана:
“Андай кылбастан мындай кылганда туура болмок”,-деп уяткарып койгондо бетиң дуулдап, жашынаарга жер таппай калчубуз. Андай кемчилик экинчи кайталанчу эмес. Көрсө, Жунай Мавлянов Улуу Ата-Мекендик согуштан жарадар болуп кайткандан кийин, көп жыл мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы жана директору болуп иштеген экен. Москвадагы СССР Жазуучулар Союзунун алдындагы Жогорку Адабияттык курсунда окуган. 1966–1971-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун секретары болуп иштеп, 1971–жылы «Мугалимдер газетасынын» башкы редактору болуп дайындалыптыр. Жунай Мавлянов жетектеген бул гезитте азыр атагы алыска тараган акындар Табылды Муканов, Орозбай Көчкөнов, Салибай Шатманов, Тынчтыкбек Нурманбетов, Калбү Сариева, Меңди Мамазаирова, жазуучу Тойчубай Субанбеков иштеген. Алардын баары кезинде Жунай агайдын баалуу кеп-кеңештерин угушкан. Биз билгенден акындар Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, Түмөнбай Байзаков, котормочу Олжобай Орозбаев сыяктуу Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери менен өтө жакын мамиледе болчу. Алар эртең менен кирсе, түшкө чейин олтурушчу. Жунай агайдын иш-бөлмөсүнө акындар Темиркул Үмөталиев, Байдылда Сарногоев, жазуучулардан Казат Акматов, Мурза Гапаров, Аман Саспаев, Кубатбек Жусубалиев, сынчылардан Качкынбай Артыкбаев, Салижан Жигитов, Камбаралы Бобулов, драматург Шабданбай Абдыраманов, котормочу Адашбай Турсунбаев көп келишчү, редакторубуз алар менен бир далайга чейин сүйлөшүп олтушчу.
Чыгармачылыгына суктанган, туу катары тутунган акын, жазуучулардын башкы редакторубуз менен маектешип олтурганы биз үчүн сыймык болчу. Алардын чыгармаларын кайрадан окуп чыгып, аны талдоого алчубуз. Агай менен чыгармачылык тууралуу маектешкенде ал сага чын дилинен ачылып кетчү. Жаш калемгердин чыгармачылык өнүгүүсүнө ушул ыкма көп жагынан пайдалуу экен. Жунай Мавляновдун адамдын ички ой-туюмун таамай көркөм деталдар менен ачып берген “Эне», «Мен жана айылдаштарым» сыяктуу аңгеме, повесттери биз иштеп жүргөн мезгилде жарыкка чыккан.
***
Адамдык сапаттары өзүбүзгө гана эмес, башкаларга да үлгү болгон Жунай агай менен ал ардактуу эс алууга чыкандан кийин да байланышып турдук. Тынчтыкбек, Тойчубай үчөөбүз үй-бүлөбүз менен жыл сайын аны Жеңиш күнү менен куттуктап барчубуз. Агайдын байбичеси бейиши болгур Алпейим эже атына заты жарашкан асыл жан эле. Келген конокту жадырап-жайнап тосуп алып, дасторконун ар дайым жайнатып койчу. Жунай агай бизди көпкө чейин кетирбей, бир далайга чейин сүйлөшүп олтурчубуз.
1995-жылы Жеңиш күнүнүн алдында агайдын үйүнө барып, жолуга албай калганбыз. Себеби, ошол жылы Президент А.Акаев менен Франциянын Президенти Ф.Миттерандын жана Улуу Британиянын ханышасы Елизаветтанын чакыруусу менен Парижде, андан кийин Лондондо өткөн майрамдык иш-чараларга, 9-майда Москвада өткөн Жеңиш парадына катышканы кеткен болчу.
***
Жунай агайды жазуучу Казат Акматов өтө катуу сыйлоочу. Анын “Жакшы жазуучу болуш мүмкүн, жакшы адам болуш кыйын. Жунай аке мен үчүн ушул эки ипостасты тең карманган өтө барандуу инсан. Бир мерте чоң жыйында Жунай аке сүйлөп жатса, казак акыны Мухтар Шаканов: “Ой бай ой, мынау карыяңдар керемет экен гой. Бизге берсеңдерши”дейт.
“Сендерге эмес, өзүбүзгө жетпей жатыр мындай адамдар” деп кадимкидей кызганганмын. Ошондон кийин Мухтар Шаханов Жунай акеге жакындап, таанышып, жакшы мамиледе жүрөт” деп айтканын өз кулагыбыз менен угуп, таңданган жайыбыз бар.
***
2003-жылдын 11-ноябрь күнү Жунай Мавлянов автокырсыктан улам каза болуп, аны акыркы сапарга узатканы келген адамдар абдан көп болгон. Жунай агайдын дарегине канчалаган жылуу сөздөр айтылган.
Анын ысымы ыйгарылган Кербен шаарындагы лицей-интернаттын жанынан өткөндө, Бишкекте жашаган үйүнө тагылган мемориалдык тактаны көргөндө, жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин “Кан күйгөн согушта фащисттин огу ала албаган Жунай аке жолдон мерт болот деген эмнеси!” деп кайгырып айткан сөзү эске түшөт.
***
Дүйнө-өмүрдүн мыйзамы ушундай экен, бүгүн көргөнүң эртең жок тура. Бирок, жакшы адамдын өзүнүн артында калган ак эмгеги, айлана-тегерегине жасаган мээримдүү мамилеси, камкордугу кийинкилердин эсинде кала берет окшобойбу…
Өмүр өткөнчө кыргыз журтчулугунун ардактуу төрүндө жүргөн, “Даңк” медалынын, II даражадагы “Манас” орденинин ээси Кыргыз Эл Жазуучусу Жунай агайдын сылык-сыпаа, мүнөзү, салабаттуу жүрүм туруму, элине сиңирген опол тоодой эмгеги, чындык менен жанаша жашаган чыгармалары биздин гана эмес, бизден кийинки муундардын да эсинде кала берет. Анткени, ал Аксынын гана эмес, атпай кыргыз журттун акылман карыясы болчу.
Т.АБДЫРАЗАКОВ, Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.