![Ашим Жанболотов: "Гезитте иштегениме сыйыктанам" Ашим Жанболотов: "Гезитте иштегениме сыйыктанам"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/92-scaled.jpg)
Ооба, ошондо иш десе ишке, аш десе ашка, оюн десе оюнга тойбогон өмүрдүн көктөмүндөгү кырчындай жаштар элек. Оомал-төкмөл бул жашоонун термеминде темирдей катуу тартиптеги, партиялык системадагы улуу державадан бөлүнүп, демократиялуу, эгемендүү өз алдынча мамлекетке айланып, ар кандай татаал шарттарды баштан өткөрдүк. Өткөөл мезгилдин оош-кыйышы айта берсе түгөнгүс. Ошондуктан “башканы коюп, Манасты айт дегендей”, гезиттин тарыхынан азыноолак кеп козгойлу. 1978-жылы гезиттин 40 жылдыгын белгилемей болдук. Ошондо 1-номерин табуу өтө кыйын болду. Кыргызстандан да, ал турсун Москвадан да таба албадык. Сурамжылап жүрүп, акыры (Ленинград) азыркы Санкт-Петербург шаарындагы архивден табылды. Эң кызыгы биринчи номеринен баштап бир жылдай аралыкта латын жана орус тамгасында аралаш чыгып туруптур. Себеби, ошол жылдары латын тамгасынан орус тамгасына өтүп жаткан мезгил экен. Газетанын биринчи аталышы “Кыргызстан большевиги”-деген ат менен чыккан. Гезиттин 1-номеринин чыгышына катышкан Фуат Галямов деген татар адам менен бирге иштешип калдым. Жаш экенмин көптү сурап, билип албаптырмын. Анда азыркыдай келечек муундарга мен дагы айтып берээримди кайдан билиптирмин. Аттиң! Карыялардан көп нерсени угуп жүруш керек турбайбы. “Карынын сөзүн капка сал” деп бекеринен айтылбаптыр.
1975-жылы редакциянын босогосун аттап, жумушка киргенимде гезиттин редактору Асылкан Бөрүбаев эле. Он чакты редакторлор менен кошо иштешип, гезитти жарыкка чыгаруу кандай татаал, кызыктуу жана түйшүктүү экенин түшүндүм. Түйшүктүү дегеним, эгерде, Асылкан агай башка жактарда, башка жумуштар менен болуп макеттерди көрбөй калса, иш бүтөөр мезгилде болсо да өзүнө жакпай калса чакчелекейин чыгарып беттерди (полосаларды) бузуп таштачу. Ал кишиге каршы туруу, андай, мындай деп эч ким даап айта албайт эле. Ошондой болсо да оңдолгондон кийин полосалар мурдагысына салыштырмалуу жаркырай түшөөр эле.
Мээнетибиздин акыбети кайтып, биздин “Ленин жолу” азыркы “Ош жаңырыгы” гезити Бүткүл Союздук айыл-чарбасынын жетишкендиктери (ВДНХнын) көргөзмөсүнө коюлган. Белгилеп кетчү жагдай, ошондогу 15 Социалисттик Республикалардын ичинен Россиянын Новосибирск облусунун облустук гезити, анан биздин “Ленин жолу” гезити илинген. Айыл чарбасы боюнча “Социалисттик мелдешти мыкты чагылдырганы жана техникалык жактан көркөмдүгү жагынан” деп белгиленген. ВДНХнын бир күмүш, эки коло медалы жана акчалай сыйлыгы менен сыйланганбыз. “Ленин жолу” (“Ош жаңырыгы”) гезитинин нускасы Асылкан Бөрүбаевдин жетекчилиги астындагы мезгилде 80 миң нуска менен чыгып турган. Башкасын айтпаганда да, бир гана каттар бөлүмүндө 3 адам иштейт эле. Алардын кызматы келген каттарды каттап, тематикасы боюнча бөлүмдөргө таркатуу болчу. Ар бир келген катка кылдат жана жоопкерчилик менен мамиле жасалчу.
Гезиттин аброю сын макала менен күчтүү болчу. Жарыяланган ар бир сын макалага, фельетонго “Газетага жарыялангандан кийин” деген рубриканын алдында ошол макала жөнүндөгү жыйынтыктар жарыяланып турчу. Сын макалага туш болгон жетекчи кызматынан четтетилип же жок эле дегенде партиялык чогулуштарда, бюролордо каралып, катуу сөгүш берүү менен аяктачу. Сьезд, пленум, сессия болгон убактарда күнү-түнү иштейт элек. Айрым күндөрү эрте менен иштен чыгып, үйгө барып тамактанып, кийимдерибизди алмаштырып, кайра жумушка келчүбүз. Азыркы жаштарга айтсаң биздин андагы иштерибиз жомоктой болуп сезилет. Көбүнчө ТАСС менен КирТАГдын материалдарын күтүп кеч калчубуз.
“Материалдар мынчанчы числого жарыялансын” деген көрсөтмө (буйрук) менен телетайп аркылуу келчү. Аптасына беш жолу чыкса да жаңылыктарды бир күнгө да кеч калтырбай жарыялайт элек. Ошондогу басмакана мага заводдой болуп сезилчү. Тынымы жок эки мөөнөт менен күнү-түнү шарактап иштеп тураар эле. Облустук гезит “Ленин жолу” 80 миң нускада аптасына 5 жолу чыгып турчу. Муну акыл калчап, түшүнгөн гана түшүнөт. Анда азыркыдай компьютер жок, кол менен терилип даярдалчу. Ал убакта редакциянын ичи гүрүгүүгө түшүп, машинкалардын чыкылдаганы, кабарчылардын машинсткага макаласын бастырып аткан үндөрү менен шоокум чыгарып турчу. Анда акындар, жазуучулар, айылдык кабарчылар чыгармаларын, макалаларын алып келип, тийиштүү бөлүмдөргө тапшырып тураар эле. Редакция жети бөлүмдөн туруп: секретариат, партиялык турмуш, айыл-чарба, өнөр жай, советтик курулуш, пропаганда жана идеология, каттар бөлүмү болуп, ар бир бөлүмдө бөлүм башчы менен үчтөн кызматкер, ондон ашык өз кабарчылары, башка техникалык кызматкерлери менен 54 адам иштечү.
![Ашим Жанболотов: "Гезитте иштегениме сыйыктанам"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/91-1024x576.jpg)
Өзүм жөнүндө айтсам эмгек жолуму Советтик Армияда кызмат өтөп келгенден кийин (1975-жылы) “Ленин жолу” гезитинде корректор болуп баштагам. 2 жылга жакын иштеп көп нерсени үйрөндүм. Андан соң, облустук типографияга гезитти калыптоочу кызматына которулдум. Анда гезит бетине макалаларды кандай жайгаштыруу керек, кандай тамгаларды жайгаштыруу керек, канткенде гезит көрктүү көрүнөт деген ыкмаларды үйрөндүм. Ат айланып казыгын табат дегендей, кайра эле өзүм көнгөн “Ош жаңырыгы” гезитине жооптуу катчы болдум. Асылкан Бөрүбаев, Жапаркул Ташиев, Абибилла Пазылов, Мамараим Дубанаев сыяктуу гезиттин кадыр-баркын көтөргөн редакторлор менен иштешкениме сыймыктанам. Канчалаган мыкты журналисттер менен үзөңгүлөш болдум. Алардын жакшы сапаттарын үйрөндүм, эмгегимен баар таптым. Ынтымактуу жамаат менен бирге болдум. Ошол жерден өмүрлүк жар таптым. Үй-бүлө күттүм, уул-кыздарыбызды тарбияладык. Неберелүү болдук. Азыр да газетаны колуман түшүрбөйм. Аталган гезитте иштеген кесиптештериме чыгармачылык ийгилик каалайм.
Чындыгында редакцияга чын дили менен иштейм деп келген адамды бир сыйкырдуу күч тартып турат. Жарыбаган эмгек акынын айынан күнү-түнү иштесең да кетейин дейсиң, кеткиң келбейт.
Жогоруда атаган редактор Асылкан Бөрүбаев өтө катаал, иште тартипти катуу талап кылган адам болгону менен өтө боорукер адам эле. Мен ал адамдын көзү өткөндөн кийин башкалар менен иштешкенде билдим. Кыргызда “жакшыны — өлгөндөн кийин билесиң” дейт го. Сөзүм куру болбосун үчүн: жумуш бүтүп калганда, түнкү саат бир-экилер чамасында акыркы бетти “үйгө алып бар” деп кетип калат эле. Менин ачуумкелчү. Анын үстүнө чарчап, үйгө кетейин деп турсаң. Үйүнө барганда столго тамакты даярдатып койдуруп, күтүп отураар эле.Көрсө, мени ачка калды, тамактанып алсын дечү экен жарыктык!
Ашим Жанболотов, КР Журналисттер кошунунун мүчөсү, Асылкан Бөрүбаев атындагы сыйлыктын ээси