![Ош шаарынын 3023 жылдыгы чет элдик ырчылардын концерти менен аяктады Ош шаарынын 3023 жылдыгы чет элдик ырчылардын концерти менен аяктады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/387084054_654813153504252_2930207627329138183_n.jpg)
Кечээ, 5-октябрь күнү А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо чет элдик ырчылардын катышуусунда чоң программадагы гала- концерт болуп өттү. Мындай маалыматты Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, гала-концертке шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, жалпы келген конокторду жана шаар тургундарын Ош шаарынын күнү менен куттукташты.
![Ош шаарынын 3023 жылдыгы чет элдик ырчылардын концерти менен аяктады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/386653625_654812290171005_3388755343621286006_n-1024x683.jpg)
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында фейерверк атылып, кыргыз эстрада жылдыздары JAХ 02.14, Гүлзада Рыскулова, чет элдик ырчылар IN GRID, Хамдам Собиров, BAD BOYS BLUE, DJ BAKS 11 миңден ашуун көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
![Ош шаарынын 3023 жылдыгы чет элдик ырчылардын концерти менен аяктады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/387093121_654813033504264_4762086601889950222_n-1024x683.jpg)