Бүгүн, борбордук аянтта Ош шаарынын күнүнө карата авто-мото фестивалы өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, фестивалдын алкагында, ар кандай ыкма менен велосипед тебүү, стритбол оюну боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Ошондой эле, авто-мото сүйүүчүлөрдүн “OFF-ROAD”, “Бернаут”, “Дрифт” шоулары көрсөтүлүп, КВН жана хип-хоп топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты.