![Израиль жана Палестинадагы кырдаал: учурда абал кандай? Израиль жана Палестинадагы кырдаал: учурда абал кандай?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/45005dd6-e6c4-4c25-9c1e-1e076fdf6760.jpg)
Газа секторунан Израилге карай миңдеген ракеталар атылып, палестиналык согушкерлер аталган өлкөнүн аймагына өтүп кеткенден кийин, Израиль атайын операция баштады. Израиль бийлиги болуп жаткан окуяны «согуш абалы» деп атады. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы жазды.
Учурда Израилдин чек арасынын бир нече аймагында атышуулар жүрүүдө.
Израилдин полициясынын маалыматына ылайык, өлкөнүн 14 аймагында 60ка жакын палестиналык согушчандар жүрөт. Бирок, бул дагы так эмес маалымат.
Израилдик булактардын маалыматттарына караганда, согушкерлер кирип барган эки аймактагы полиция бекеттеринде атышуулар болуп жатат жана барымтага алынгандар бар.
![Израиль жана Палестинадагы кырдаал: учурда абал кандай?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/4cf36ae3-181a-4bf6-bab0-ec26ae2d8d41.jpg)
Haaretz гезити да кабарлагандай, палестиналык «Ислам жихады» Израилдин бир нече аскерлерин туткундаганын билдирген. Бул боюнча азырынча кенен маалымат жок.
Палестиналык күчтөр менен Израилдин аскерлеринин кагылышуусу Чыгыш Иерусалимде да жүрүп жатканы боюнча маалыматтар тарай баштады.
![Израиль жана Палестинадагы кырдаал: учурда абал кандай?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/e1bc83a7-e831-4b6b-8066-11ca9ddbd110.jpg)
Израилдин жаңы аскердик операциясы «Темир кылычтар» деп аталат.
Израилдин полициясынын башчысы Коби Шабтайдын айтымында, аскердик операция бир нече күнгө созулушу мүмкүн.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кол салуу тууралуу видео кайрылуусунда аталган окуяларды толук кандуу согуш деп атады.
![Израиль жана Палестинадагы кырдаал: учурда абал кандай?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/2021-05-19t110534z_566216546_rc2xin931pi2_rtrmadp_3_israel-palestinians-netanyahu-pic_32ratio_900x600-900x600-62327.jpg)
«Биз аскердик операция эмес, согуш абалындабыз. ХАМАС Израил мамлекетине жана анын жарандарын өлүмгө дуушар кылган күтүүсүз чабуул баштады. Биринчи кезекте мен израилдик конуштарды террористтерден тазалоону жана запастагы аскерлерди кеңири масштабда мобилизациялоону буйрук бердим. Душман бул иши үчүн болуп көрбөгөндөй бааны төлөйт»,-деди Б. Нетаньяху видео кайрылуусунда.
Буга чейин израилдик 22 адам каза болгону кабарланган. Израилдин тез жардам кызматынын маалыматына ылайык, 200дөн ашык адам жараат алып, айрымдарынын абалы оор.
![Израиль жана Палестинадагы кырдаал: учурда абал кандай?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/879cf640-64f5-11ee-ba95-c10faad999ef.jpg)
Адатта ишемби күнү Израилдин ооруканаларында нөөмөтчү бригадалар гана иштешчү. Бирок, бүгүн жүздөгөн дарыгерлер өз ыктыяры менен нөөмөткө чыгышкан.