![Кара көйнөкчөндөр, оронгондор кайдан келди? Кара көйнөкчөндөр, оронгондор кайдан келди?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/2125.jpeg)
Биздин өлкөдө жылдан- жылга кичинекей секелек кыздар да узун ак көйнөк кийишип, ак жоолукту беттерине оронушуп колдоруна китеп көтөрүшүп медресеге же болбосо үйлөргө барышып, «эжейлеринен» таалим алышууда. Алар мектептен да, медреседен да билим алышып, эки жолдо баратышат. Ал эми айымдарыбыз болсо, узун көйнөктөрдү кийишип, беттерин кара жоолук менен бекитишип, көздөрү гана көрүнөт. Мындай көрүнүштү мен Ош шаарынын көчөлөрүнөн, айылдардан көп эле жолу жолуктурдум.
Мындай каада-салттар, үрп-адаттар биздин элибизде болгон эмес эле го? Же болбосо башка өлкөнүн салтын колдонуп, колдоп келе жатышабы деген ойго келебиз. Башка өлкөдөн келген аялдар Кыргызстанда жашаган аялдарга үйрөтүп жатышабы деген ой мени түйшөлтөт. Эгерде ыйман жолунда болсо, жүрөгү таза, бирөөгө жамандык санабаса, жаман сүйлөбөсө жоолукту жакшынакай жарашыктуу салынып, көйнөктү дагы жарашыгы менен кийүүгө эмнеге болбосун?
Кыргыз элинин кыз-келиндеринин, байбичелеринин жарашыктуу, көрктүү улуттук кийимдери бар. Айта кетсек, элечеги, белдемчиси, улуттук көйнөктөрү, саймалуу чапандарын эл ичинде жайылтып, эмне үчүн кийүүгө болбосун? Кандай гана кооз, көрктүү, ажарлуу көрүнөт.
![Кара көйнөкчөндөр, оронгондор кайдан келди?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/20140712_zap_n278_029.jpeg.jpg)
Көбүнчө, тамактануучу жайларда, кафелерде оронгон жоолуктарын алышып, эркин бака-шака болуп отургандарын көрүүгө болот. Медреселердин көптүгүнөнбү, таалим берген эжелеринин тарбиясы ушулбу? Мындай жоосунсуз жоруктарды кайдан үйрөнүп жатышат. Алардын дүйнөгө болгон көз карашы такыр башкача. Бул дүйнө жалган дүйнө, аркы дүйнө чын дүйнө деп үйрөтүшөт. Азыркы мезгилде аялдарыбыз коомдук жайлардабы, же көчөдө жолукканда “Ассалому алейкум” деп саламдашууну адатка айландырып алышкан. Биздин жаштык курагыбызда айылдагы апаларыбыз “Арыбаңыз” дешип колдорун көкүрөгүнө алып саламдаашар эле, экинчи тарап “Бар болуңуз” деп алик алчу.
Союз мезгилинде апаларыбыз, аталарыбыз үйдөн эле беш убак намазын окушуп, Кудайдан жакшы тилектерди тилеп, үй-бүлөсүнө ак батасын берип, ыйман жолунда таза жүргөндөрүн билебиз. Айылыбыздын аксакалдары урмат-сыйга татыктуу болуп, кадырман карыларыбыз төрдүн көркү болуп, жаштарга акыл-насаатын айтып үлгү болушаар эле.
Б.Ысакова