![Токтогул Кенжеев устатыбыз эле Токтогул Кенжеев устатыбыз эле](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/63-scaled.jpg)
Акын-жазуучу, журналист Токтогул Кенжеев татыктуу жашап, өрнөктүү өмүр кечирди. Дээринде бар талантын таптап, көөдөнүндө түнөтүп сөз бакты. Адамдын кадырын билген жогорку адамгерчилигин да айтып түгөтүү кыйын. Чыгармачылыкты тыкыр түшүнгөн, жаштарга орду менен түшүндүрө билген кең пейил инсан эле. Улуу-кичүү дебей жумшак сүйлөгөн, сылык мамилеси дайым эсте.
Мен 1994-жылы облустук «Ош жаңырыгы» гезитинин редакциясында корректор элем. Журналисттердин чыгармачылык чөйрөсүнө аралашып, жаңыдан макала, ыр жазып өзүмдү сынап жүргөн маалым. Ошол кезде Токтогул Кенжеев Ош облустук телерадио комитетинде башкы редактор экен.
Улуу башын кичүү кылып, 8-март -Аялдардын эл аралык майрамынын алдында, эне жөнүндө жазган ырларымды радионун алтын фондуна жаздырган эле. Азыр агайдын мага дем берген, атамдай акыл-насаат айткан нускалуу кебин эстейм. Жаштарга өрнөк, кесиптештерге өбөк болгон алтын ойлуу асыл адам эле. Ар убак насаат айтып, бата берип, үлгү болуп жүрөт эле. Анын өтө маданияттуу, сабаттуу жана жоопкерчиликтүү сапатын баалайт элек.
Өрнөктүү өмүр жол
Токтогул Кенжеев 1936-жылы 20-мартта Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Кан-Коргон кыштагында туулган. Балалык кези өзү туулуп-өскөн тоо койнундагы мал киндиктүү айыл аймакта өткөн. 1953- жылы Токтогул атындагы орто мектепти бүтүргөн. 1958-жылы Жалал-Абаддагы зоо-ветеринардык техникумду аяктап, алыскы Алайкуу жергесинде мал доктор болгон.
1954-1964-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө Лениндик стипендия менен окуп, окуу жайды кызыл диплом менен бүтүргөн.
Журналисттик эмгек жолун 1968-жылы облустук «Ленин жолу» (азыркы «Ош жаңырыгы») гезитинде иштөө менен баштаган.
1976-1997-жылдары Ош облустук телерадио комитетинде 21 жыл башкы редактор болгон. 1997-1999-жылдары Ош шаардык «Ош шамы» гезитинде эмгектенген. 2015- жылы 23-майда 79 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.
![Токтогул Кенжеев устатыбыз эле](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/62-1-1024x789.jpg)
Чыгармачылык чыйыр
1957-жылы «Ала-Тоо» журналына ыр топтому жарыяланып, ошондон баштап республикалык, облустук басма сөздөрдө чыгармалары жарыяланып келген. 2005-жылы «Биз нес болдук» деген трагикомедиясы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драмалык театрында коюлган жана аймактык театр фестивалында актуалдуу темасы үчүн лауреат болгон.
Жарык көргөн китептери
Бир нече китептери басмадан жарык көргөн. Алар: «Баатырдын бийик жылдызы», «Эмгек тартиби – ийгиликтин өбөлгөсү», «Ариет жолу», «Ата жыты», «Аманат дүйнө бул жалган».
Мээрим издеген тагдырлар
Бул китепте бүгүнкү доордун адамдарынын образдары аркылуу жакшы инсандар менен тааныштырат. Кыргыз элинин адеп мурасынын башаты кайда? Биз кимбиз? Балдарыбыздан күткөн мээримибиз качан, кандайча келер экен? Калемгер жаңы изденүүсүндө адам тагдыры жөнүндө сөз кылат. Адамзат илгертен бири-биринен мээрим табын, жытын, нурун издеп келет.
![Токтогул Кенжеев устатыбыз эле](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/61-1-1024x848.jpg)
Аманат дүйнө бул – жалган
Бул жыйнакта мекенге болгон сүйүүсү чагылдырылган. «Туулган жерим-ыйманым» деген ырында туулган жерге кумарланууну кылдаттык менен чебер сүрөттөгөн. Жыйнактын мазмунун пендечиликтеги ыймандын ыйыктыгы, дүйнөнү жакшы адамдар кармап тургандыгы жөнүндөгү ой толгоолору, лирикалык эргүү ырлары түзөт.
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?
Агайдын «Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?» деген ырына таланттуу обончу Түмөнбай Колдошов обон жазып, ырга экинчи өмүр тартуулады. Учурда мукамдуу обонго жуурулушкан бул ыр, эл арасына сиңип кеткен. Ушул ыр ырдалган сайын, агайдын элеси кошо жүрөт. Сөзү менен обону төп келген бул ырдын өмүрү узун. Эл барда, агай жазган бул ыр ырдала берет, ырдын ыргактары эч түгөнбөйт.
А.МАТИЕВА.