![Бала бакчалардын 700 тарбиячысы үчүн тренингдер уюштурулду Бала бакчалардын 700 тарбиячысы үчүн тренингдер уюштурулду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/eabec0e3-bb63-4e24-89ae-536d12f726aa.jpg)
«Балалык» программасы боюнча кыска мөөнөттүү бала бакчалардын 700 окутуучу-машыктыруучулары үчүн тренингдер уюштурулду.Тренингдер 2-октябрда Бишкек шаарында, 9-октябрда Ош шаарында башталды жана аймактарда ноябр айында болуп өтөт. Мындай маалыматты уюштуручулар билдирди.
Маалыматка караганда, 10 күндүк окутуу экиге бөлүнгөн, алгач 2023-жылдын октябрь-ноябрь айларында машыктыруучулар 5 күн окуса, калган 5 күнүн 2024-жылдын жаз айларында билимин өркүндөтүшөт. Курстун форматы- катышуучуларды толук кандуу сертификациялоо үчүн 72 сааттык болуп иштелип чыккан.
![Бала бакчалардын 700 тарбиячысы үчүн тренингдер уюштурулду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/e0883d6a-a135-46fa-90bb-1dd43e8ece21-1024x768.jpg)
» «Балалык» программасы балдарды эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү — өлкөнүн билим берүү саясатынын маанилүү артыкчылыктарынын бири экендигине көңүл бурат. Бул этапта баланын интеллектуалдык өнүгүүсүнүн жана социалдык адаптациясынын негиздери түптөлүп, алар мектепте сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат. Ошондуктан, билим берүү процесси балдардын гендердик социалдашуусун эске алуу менен түзүлүшү керек. Өнүктүрүүчү чөйрөнү (өнүктүрүү жана таанып билүү борборлору, башка инновациялар) түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш»,-деп айтылат маалыматта.
«Балалык» программасынын өзгөчөлүктөрү:
• Программа баланын өнүгүүсүнө, анын муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган;
• Окутуу, өнүктүрүү жана тарбиялоо милдеттеринин биримдиги;
• Бардык билим берүү тармактары боюнча интеграцияны эске алуу менен жумалык тематикалык пландаштыруу киргизилди;
• Билим берүү процессин ишке ашыруу балдарды өнүктүрүү чөйрөлөрүн интеграциялоо принциптерин эске алуу менен курулган.
![Бала бакчалардын 700 тарбиячысы үчүн тренингдер уюштурулду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/57adffa8-412c-4487-b777-19e652c6f53b-1024x768.jpg)