Исакбай Камалович Мурзабеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын отличниги, Кыргыз Республикасынын Журналисттер кеңешинин мүчөсү. Полковник. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.
Мен орто мектепти бүтүргөн соң Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, аны 1993-жылы артыкчылык диплому менен аяктадым.
1991-жылы мамлекетибиз эгемендүүлүккө жетишкенден кийин өлкөдөгү мусулмандардын 1-курултайы өтүп, Кыргызстандагы жергиликтүү казыят Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын курамынан бөлүнүп чыгып, өз алдынча Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы — Муфтият болуп түзүлгөн. Алгачкы Азирети муфтий болуп Кимсанбай ажы Абдурахманов шайланган. Мен Кыргызстан мусулмандарынын биринчи Азирети муфтийинин биринчи пресс-катчысы болуп эмгектенгениме сыймыктанамын.
1991-жылы, журналистика бөлүмүнүн төртүнчү курсунда окуп жүргөндө, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасы жумушка кабыл алуу үчүн ислам дини боюнча билими бар же жакшы маалыматтуу журналист издеп жатканын угуп, документ тапшырдым да, муфтийдин пресс-катчысы кызматына кабыл алындым.
Кимсанбай ажы өз колу менен эмгек китепчени ачып, толтуруп, колун коюп, мөөрүн басты. Ушул аалым ачып, баштап берген эмгек китепче мени өмүр бою коштоду, ичи кызматтык жазууларга толуп, кошумча тирекемеси ачылды, жалаң жакшы кызмат орундарында иштедим, көп сыйлык алдым, тартиптик жазаларга кабылбадым. Ак жолтой эмгек китепчеси болду бул документ. Дагы деле иштеп жатат.
1991-жылы Кыргыз эл жазуучуларынын чыгарма жазуудагы өзгөчөлүктөрүн изилдеп, «Чыгармалар кантип жаралат?» деген интервьюлардын сериясын даярдадым. Казат Акматов, Шүкүрбек Бейшеналиев, Салижан Жигитов, Мелис Абакиров, Көчкөн Сактанов, Меңди Мамазаирова, Өскөн Даникеевдерден алган алгачкы маектерди «Майдан» гезитинин 1992-жылдын 5-12-декабрындагы санына анын баш редактору, КР УКМКнын запастагы полковниги Аман Токтогулов «Жазуучуга 9 суроо» деген баш сөз жазып, чыгарып берди. Кийин бул материалдар «Кырчын» гезитине жарыяланды.
Университетте окуп жүргөндө курстук практикаларды райондук гезиттерде, ал эми мамлекеттик практиканы «Кыргызстан маданияты» гезитинде өттүк. Ал кезде азыркыдай компьютерлер жок, гезит офсеттик ыкмада басылчу. Жаңы чыккан сандарга корректорлук кылып, бети-башыбызга чейин типографиялык кара боёкту жугузуп алып эле жүрчүбүз.
Ошол жерде көптөгөн акын-жазуучулар менен, алардын катарында жазуучу, драматург Султан Раев менен таанышып, чогуу иштешкен элем.
Анан Мелис Эшимканов жетектеген «Асаба» гезити менен кызматташа баштадым. Өтө көп белгилүү адамдар иштешет эле ал гезитте. Султан Раев М.Эшимкановдун орун басары болчу. Бир күнү мага «өзүнчө гезит ачам, иштейсиңби» деп калды.
Ошентип, 1992-жылдын ноябрынан баштап 1993-жылдын декабрына чейин «Кыргыз руху» гезитинин кабарчысы болуп, Султан Раев, Мамат Сабыров, Бекен Назаралиев, Айбек Түмөнбаев, Камара Шатманова, Эрнис Мусаевдер менен чогуу иштедим.
Султан Раев өзүнчө феномен киши да. Чыгармачылыкка сүңгүп кирип, башка нерсенин баарын унутуп калчу. Канча жолу кабинетинин ачкычын унутуп калып, мени үйүнө жөнөттү.
1993-жылдын августунда биз КМУУну бүтүрүп, жубайым, журналист Масимкан Турсунбекова, биз студент кезде төрөлгөн, «бөлүмдүн уулу» болуп чоңойгон уулум Азим менен Бишкектен Ош шаарына көчүп келдик.
Алдыбыз туңгуюк. Жумуш издеп областтык «Ош жаңырыгы» гезитинин редакциясына барсам, мен Бишкекте таанышкан Абибилла Пазылов деген белгилүү журналист баш редактор экен. Экөөбүз көпкө сүйлөштүк, мен гезиттин финансылык абалын оңдоо үчүн реклама аркылуу акча табууга басым жасоо керектигин айтып, ушул ишти мага тапшыруусун сурандым. Макул болду.
Ошол учурда үч облустук гезит — «Ош жаңырыгы», «Эхо Оша» жана «Уш садоси» — бир «Басмакана» деген ишканага баш ийип, үчөөсүн бир эсепчи тейлеп, үч башкы редактор финансылык-чарбалык иштер боюнча ошол басмакананын директоруна жана эсепчисине көз каранды экен.
Абибилла Пазылов экөөбүз кыска убакытта «Ош жаңырыгы» гезитинин алдында маалыматтык-рекламалык «Мисир» фирмасын түздүк. Гезит «Басмаканадан» бөлүнүп, көз карандылыктан арылды.
Ошентип, 1994-жылдын сентябрына чейин «Мисир» фирмасынын директору болуп иштедим. Гезитке кулактандыруу, сатуу-сатып алуу боюнча жарыяларды, рекламаларды басууну жакшы жолго койдук. Республикалык жана облустук гезиттерге жарыяларды кабыл ала баштадык. Редакцияны финансылык муктаждыктан чыгардык.
Анан мен КР УКМКнын катарына аскердик кызматка кабыл алындым да, редакциядан кеттим.
«Ош жаңырыгы» гезитине кийинчерээк, 1996-1997-жылдары, кайра келип, жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары болуп иштедим. Гезит офсеттик ыкмада басылчу. Башкы редактор Абибилла Пазылов менен бирге облустук гезиттердин ичинен биринчи болуп редакцияны компьютерлештирдик, гезитти заманбап ыкма менен Бишкектеги «Учкун» басмаканасынан чыгара баштадык.
Ал жылдары мен жумушту айкалыштыруу менен КР Президентинин пресс-кызматынын Ош шаарындагы өкүлү, «Ошпресс» рекламалык-маалыматтык агентствосунун директору жана Кыргыз Улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин Ош бөлүмүнүн менеджери болуп иштеп жүрдүм. Кыргызстан журналисттер союзуна мүчө болуп кабыл алындым.
Оштогу белгилүү журналисттер, акын-жазуучулар Абибилла Пазылов, Абды Сатаров, Евгений Бреславский, Абдирашит Урбаев, Рахимжан Нишанов, Талант Моңолбаев, Ашым Жанболотов, Сейит Аминов, Жусуп Макиев, Алишер Токсонбаев, Абдисатар Султанов, Алмаз Нурдинов, Муса Сапаев, Абдугани Абдугафуров, Бегалы Исмаилов, Бүажар Калматова, Ризван Исмаилова, Батма Суранова, Динара Жусупбекова, Анара Суракматова, Жыпар Акунова, Кайрыниса Эркулова, Канымжан Кыдыралиева, басмаканачы Мухтар Маматалиев жана башкалар менен тыгыз кызматташтым.
Оштогу саясий жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн Айдар Бакыев менен «Ошпресс» маалыматтык-рекламалык агентствосун түзүп, ал «Ош жаңырыгы» гезитинин редакциясы менен кошо маалыматтык, рекламалык багытта чогуу иштей баштады. Жумушка белгилүү журналист Алишер Токсонбаевди да тарттык. Ошто алгач пресс-конференцияларды өткөрүүнү баштадык. Кулактандыруу-жарыялар гезиттин 3-4 бетин ээлей баштады.
Ошол кезде Данияров Каныбек деген ишкер адам биздин гезитке «Баян» деген ат менен жарыя-кулактандыруулардан турган бир бет материал жарыялап жүрдү. Кийин, мен КР УКМКага кызматка кеткенде «Ошпресстин» иши анча өркүндөбөй калыптыр. Ал эми Данияров Каныбек өз гезитин ачып, биздин логотипти сурап алып, Оштогу бардык кулактандырууларды, жарыяларды чыгарууну ээледи. Анын гезити «Ош пресс», анан «Ош пресс-парк», «Ош парк» деген аттар менен азыр да иштеп жатат. Каныбек Данияров өтө жакшы ишкерге айланды, байыды, үйлөрдү, редакциялык чоң имарат салды.
Мен «Ош жаңырыгында» иштеп жүргөндө Абибилла Пазылов жаш, идиректүү калемгерлерди жумушка тарта баштады.
Алардын бири Чөгөмдүк Абдывахап Монуев (белгилүү генерал Ысакбек Монуевдин чөбөрөсү) кийин Кыргызстандагы белгилүү журналистке айланды.
Чоң-Алайлык акын Садык Гавай да бизге тынбай каттап турчу. Азыр Бишкекте жашайт, белдүү журналист, дин таануучу, көптөгөн диний китептердин котормочусу, редактору катары таанымал.
ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттерине атайын бет уюштуруп бердик. Ошол кезде биз менен активдүү кызматташкан студенттердин бири, жаш журналист Тургунбай Алдакулов кийин көп гезиттердин баш редактору, телекомпаниялардын директору, чыгармачылык борборлордун жетекчиси болду.
Дагы бир чыгармачыл жигит Эркин Кожогелдиевди корректор кылып жумушка алдык. Кийин ал чыгаан журналист катары таанылып, «Жаңы муун» гезитин түптөдү.
Мен Улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн мезгилде чыгармачылык менен шугулданууга мүмкүнчүлүк деле болбоду. Бирок журналисттик багытта коомчулук менен байланышуу иштерин кошо аткарып жүрдүм.
Кийин отставкага чыгып, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда иштеп жүргөндө китептерди даярдоо боюнча иштөөгө шарт түзүлдү. Азыркы миграция тармагындагы жумушумда да чыгармачылыкка убакыт болоор деп ишенемин.
Жалпысынан «Жалгыз Аллахка ибадат», «Ыйман-Ислам» аттуу китептердин, ондогон аңгемелердин жана ырлардын, ЖМКалардагы 200дөн ашуун материалдардын автору, КР УКМКнын Баткен, Ош облустук башкармалыктарынын тарыхтары, Ислам дининдеги мазхабдар жана агымдар, тыюу салынган уюмдар, диний экстремизм жана террроризм маселелери, «Манас» эпосундагы Ислам динин орду боюнча 10 дон ашуун китептердин, 8 усулдук колдонмолордун теңавтору жана редактору болдум.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыраазычылык баракчасы, КР Премьер-министринин Атайын кол сааты, КР УКМКнын Төрагасынын баалуу белектери, «КР Улуттук коопсуздук органдарынын отличниги», «Эрдик», «Милдет», «Баткен окуяларында эл аралык бандалык түзүмдөргө каршы күрөш боюнча аскердик аракеттердин катышуучусу» төш белгилери, 1, 2 и 3-даражадагы «Аскердик милдетти үлгүлүү аткаргандыгы үчүн», «КР УКМК органдарына 80, 90, 100 жыл», «КР ИИМ органдарына 90 жыл», «Жаштарды патриоттук тарбиялоодогу кызматы үчүн», «Баткен окуяларынын катышуучусу», «Согуш аракеттеринин ардагери» сыяктуу 18 медаль, төш белги, ар түрдүү мекеме-уюмдардын 30дан ашуун Ардак грамоталары, Грамоталары жана Алкыш баракчалары менен сыйландым.
Бул ийгиликтерге жетишкендигиме журналистика мектебинин, өзгөчө «Ош жаңырыгында» алган иш-тажрыйбанын да салымы чоң деп эсептеймин.
Жубайым Турсунбекова Масимкан да журналист, группалашпыз. Аскер кызматкеринин, болгондо да оперативдик кызматтагы чекисттин аялы болуу абдан татаал, түйшүктүү жашоону талап кылаары белгилүү. Мен күндү күн дебей, түндү түн дебей аскердик кызматта болдум. Көп күндүк иш-сапарларда, көп айлык окууларда жүрдүм.
Масимкан үйдү, балдарды да карап, үч уул, бир кызды чоңойтуп, тарбиялап, эрезеге жеткирди. Ошол эле кезде чыгармачылыгын да калтырбай, «Жаңы муун», «Ош жаңырыгы», «Ош шамы» гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары кызматтарын аркалады. Көптөгөн прозалык жана поэзиялык чыгармалардын, макалалардын, 3 китептин автору, 12 китептин редактору, бир канча чыгармачылык конкурстардын жеңүүчүсү болду. Жумушундагы жетишкендиктери үчүн бир нече мекеме-ишканалардын Ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктары, жоокердин татыктуу жубайы катары «Жоокер жубайы» жана «Эне даңкы» деген 2 медаль менен сыйланды.
Ошентип жубайым экөөбүздүн чыгармачылык ишибиздин бир бөлүгү «Ош жаңырыгы» гезити менен тыгыз байланышта болду.
Ош облусу менен теңдеш, тагдырлаш болгон, коомдук күзгүгө айланган гезитибиздин эмгек жамаатын, калемдештерди, журналист-ардагерлерди басылманын юбилейи менен куттуктап, гезитке дагы албан ийгиликтерди каалайбыз.
«Ош жаңырыгы» дагы далай бийиктиктерди багынтат, көптөгөн журналисттерди өстүрөт, коомдогу ордун эч качан жоготпойт деп ишенебиз.
Юбилейиң менен, сүйүктүү гезитибиз!
Майрамыңар менен, урматтуу коллегалар!