Кыргызстандын грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти И.А.Х. уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору маалымдады.
Маалым болгондой, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаганы үчүн өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти И.А.Х кармалды.
“ И.А.Х жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына алардын ишмердүүлүгүнөн “салык” (“дань” деп аталган нерсени) чогултууга катышканы (жалпы пайданын болжол менен 30%ы) аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.