Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазышты.
«Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого , Евразия мейкиндигинде интеграциялыык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн»,-деп жазылган жарлыкта.
12-октябрда орус президенти иш сапары менен Кыргызстанга келди. Ал 13-октябрдагы КМШ мамлекеттеринин башчыларынын саммитине катышат.