Мал киндиктүү Нарын облусунун «Теңир-Тоо» газетасынын алгачкы саны 1938-жылы жарык көрүп, анын түзүлгөндүгүнө 85 жыл болду. Өткөн жумада өлкөбүздүн жети дубанынан барган облустук гезиттеринин башкы редакторлору баштаган журналисттер «Теңир-Тоо» редакциясында иштеген кесиптештерин куттуктап, өздөрүнүн белектерин тартуулашты.
«Ош жаңырыгы» гезитинин башкы редактору Асанбек Каракозуев «Теңир-Тоо» газетасынын жетекчиси Талантбек Дүйшеевге Ош шаарынын символу болгон Сулайман-Тоонун сүрөтү тартылган картинаны белекке берди.
Андан кийин «Теңир-Тоо» гезитинин башкы редактору Талантбек Дүйшеев өзү жетектеген басылманын тарыхына, аны түптөөөгө катышкан алгачкы жетекчилердин жана мурунку муундагы журналисттердин гезиттин кадыр-баркын жана анын окумдуулугун арттыруудагы сиңирген эмгектерине токтолуп, кийинки муундагы башкы редактор Таалайбек Дүйшөналиевдин редакциянын материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошкон салымы тууралуу айтып берди.
Облустук басылмалардын жетекчилиги жана чыгармачыл тобу гезиттердин азыркы абалы жана анын келечеги тууралуу тегерек стол уюштурушуп, мамлекеттин саясатын жети дубанда ырааттуу чагылдырып жаткан гезиттердин мамлекет тарабынан каржылоонун зарыл экендигине токтолушту. Бул багытта жогорку инстанцияларга кайрылуу тууралуу чечим кабыл алышты.
Жети дубандын журналисттеринин сунушу менен кийинки тегерек стол 10-ноябрда Ош шаарында «Ош жаңырыгы» гезитинин базасында өткөрүлө тургандыгы белгиленди.
Ушул иш-чаранын соңунда теңиртоолук кесиптештер бизге кайрылып:
— Эртең Ат-Башы районунун борборунан 90 чакырым алыстыкта орун алган Кара-Коюн капчыгайында жайгашкан Таш-Рабат кербен сарайына барып келебиз. Баарыңыздарга маалым, Таш-Рабаттын сүрөтү Кыргызстандын улуттук валютасы болгон сомдун 20 сомдук номиналында бар. Жолдо баратып, Ат-Башы районунун борборунда коло менен орнотулган аттын башын да көрө кетесиздер,- деген сунуштарын айтышты.
Таш-Рабат орто кылымдарда Борбордук Азияда курулган архитектуралык эстеликтердин эң уникалдуусу болгондуктан, аны көрүп келүүгө арабыздан бирөө да каршы чыккан жок, баарыбыз макул болдук, Таш-Рабат райондун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкандыктан, жергиликтүү эл башка өлкөлөрдөн келген туристтерди тосуп алуу, аларды узатып жүрүү, тейлөө багытын өздөштүрүүгө аракет кылып жаткандыктарын байкадык.
Алар орус, англис тилдерин өздөштүрүшүп, туристтер үчүн ыңгайлуу конок үйлөрдү салышып, аларга улуттук даамдарыбызды сунуштап жаткандарына күбө болдук.
Эң кызыгы, Таш-Рабат кербен сарайын изилдеген окумуштууларды, алардын эмгектери тууралуу жакшы кабардар. Алардын айтуусунда Таш-Рабат жөнүндө маалымат XVI кылымдын экинчи жарымында тарыхчы Мухаммед Хайдар тарабынан кагаз бетине жазылган.
башында жакшылап изилдей башташкан. Казактын көрүнүктүү илимпозу Ч. Валиханов Кашкардан кербен менен келатып, 1859-жылы Таш-Рабатты көрүп өткөн. Анын эмгегинде эстелик жөнүндө мындай жери бар: «Имарат чополуу сланец жалпак плита таштардан курулган, узундугу 12, туурасы 7 саржанча келет. Узун коридорду улай тегерек зал (радиусу 5 кез), үстү айдөш тоголок болуп кетет. Коридордун капталдарында кичинекей жана жапыз эшиктери бар, алардан чарчы жана сүйрүлжүн чакан бөлмөлөргө өтөт. Бул имарат бир кезде сыртынан да, ичинен да шыбалса керек». Анын пикири боюнча байыркы доорго таандык.
1878-жылы эстеликти карап чыккан А.М.Фетисовдун Таш-Рабат жөнүндө кызыктуу маалыматтары бар. Ал аны кербенчи менен жолоочулар акысыз түнөп өтүүчү «Сапар мейманканасы» сыяктанат деп эсептейт. Окумуштуу Таш-Рабатты Чымкенттен Ташкентти көздөй кеткен жолдун боюндагы Рабаттарга окшоштугун белгилеген.
Таш-Рабатты 1886-жылы доктор Н. Л. Зеланд да изилдеген. Мурдагы изилдөөчүлөргө караганда анын эстелик жөнүндөгү баяндашы толугураак болуп саналат. Ал эстеликтин сүрөтүн кагазга тартып алган да, кийин Таш-Рабаттын фотографиясын Ташкент шаарындагы археологияны сүйүүчүлөрдүн Түркстандык ийримине берген. Таш-Рабаттын эмнеге арналгандыгы жөнүндө кеп козгоп, Н. Л. Зеланд эстеликти кербен-сарай эмес, диний курулуш болуп саналат деп божомолдогон.
Таш-Рабатты 1944-жылы А.Н. Бернштамдын жетекчилиги астында Тянь-Шань – Алай археологиялык экспедициясы иликтейт. 1950-жылы анын «Кыргызстандын архитектуралык эстеликтери» аттуу китеби жарыкка чыгып, анын бир главасы Таш-Рабатка арналган. Ал главанын негизине Н. Н. Пантусовдун жарыялаган материалдары алынган. Ал эстеликти кербен сарай деп эсептөө менен бирге ал имараттын архитектурасына көчмөндөрдүн күчтүү таасири тийгендигин айткан.
1952-жылы Р. А. Пугаченкованын Таш-Рабат жөнүндө макаласы жарык көргөн. Ал Таш-Рабатты XV кылымдын экинчи, үчүнчү он жылдыгында курулган мечиттүү кербен сарай болгон деп эсептейт. Кыргыз ССР маданият министрлигинин илимий реставрациялоочу өндүрүш мастерскойлору эстеликти калыбына келтирүү максатында архитектуралык-археологиялык жактан аны кеңири изилдөөгө киришти. Үч жылы (1978-1980) иштегенде алынган материалдар эстеликтин жалпы мүнөздөмөсүнө көп жаңы нерселерди кошту.
1980-жылы өлкө үчүн өзгөчө тарыхый мааниси бар бул маданий эстеликти реставрациялоо жүргүзүлгөн. Реставрациядан кийин ага ар түрдүү өлкөлөрдөн туристтер тынбай келе баштаган.
Т.АБЫРАЗАКОВ, Ош–Нарын–Ош