![Тамекинин таштоо кургак учук оорусунун алдын алат Тамекинин таштоо кургак учук оорусунун алдын алат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/7a5bdda2-25b4-4c46-9090-7036b3dba98b.jpg)
Кургак учук-жугуштуу дарт. Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микробактериясын бөлүп чыгарган сыркоолуу адамдан жугат. Башка микробдордон айырмаланып, кургак учуктун микобактериясы өзгөчө сакталуу касиетке ээ. Ал жерде дагы, карда дагы өзүн мыкты сезет. Ошондой эле спирт менен кислотанын таасирине да туруктуу келет. Микробактерия ыплас жерде, нымдуу Үйдө бир нече ай, бейтаптын кийим – кечесинде, үй эмеректеринде 3-4 ай, сүттө, майда 1 жылга чейин сакталат. Алар жогорку температурага туруштук бере алышпайт. Тике тийген күн нуруна көпкө чейин кактаган да гана жок болот. Алар жогорку температурада жана хлор камтылган заттардын таасиринен улам жок болот.
Кургак учукту козгогучтардын бир нече түрү (кишиники, бодо малдыкы жана канаттуулардыкы ж. б.) белгилүү. Адамдар негизинен кишинин кургак учугу менен оорушат, бирок, кээде бодо малдын кургак учугу менен да жабыркашы мүмкүн. Ооруну негизинен микробду какырык бөлүп чыгарган адамдар жана малдар таратышат. Айрыкча кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адамдар коркунучтуу. Кургак учуктун таякчасы ар кандай жол менен жугушу ыктымал. Оору көбүнчө оорулуунун какырыгы, түкүрүгүнүн чачырандысы менен булганган аба менен дем алганда, ошондой эле оорулуу пайдаланган буюмдар ( сүлгү, тиш щетка, жүз аарчы, кийим кече ж. б. ) аркылуу жугушу мүмкүн. Андыктан жугушсуздандыруунун катуу тартибиндеги чараларды көрүү талап кылынат.
Кургак учуктун алдын алуу үчүн баарынан мурда микробдорду таратпоочу чараларды көрүү зарыл. Эгер, оорулуу болсо, аны башка бөлмөгө бөлүп, өзүнчө төшөнчү, идиш-аяк менен камсыз кылып, обочолоп коюу керек. Бөлмөнү ным (самын, сода эритмеси кошулган ыссык сууга малынган) чүпүрөк менен жууп, тазалап, ич кийимди, шейшепти, сүлгүнү, идиш-аякты 2 % дуу соода эритмесине кайнатып, жугушсуздандыруу керек. Ал үчүн 5 % дуу хлорамин эритмесин пайдаланса да болот.
Оорулуунун бөлмөсүнөн килем жана башка ашык буюмдарды чыгарып, жууп — тазаланганга оңой эмеректерди гана калтыруу зарыл. Жумшак эмерекке тыш кийгизүүнү унутпаңыз.
![Тамекинин таштоо кургак учук оорусунун алдын алат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/dd3abbcd-2d24-4e60-a58f-192b4b7437e4.png)
Оорулуунун какырыгын 5 % дуу хлораминдин эритмеси куюлган атайын идишке түкүртүп какырыкты салып, 2 % дуу кир жуугуч сода эритмесине кайнатып туруп, канализацияга куюп жиберүү керек. Кургак учук менен ооругандардын үй-бүлөсү мезгил-мезгили менен кургак учукка каршы медициналык мекемеде текшерилип турууга тийиш. Оорунун алдын алуу үчүн, оорулуунун үй-бүлөсүндөгү балдар менен
өспүрүмдөргө кургак учукка каршы дарылоону дайындайт. Ошондой эле балдар мекемелеринде, коомдук тамактануу жайларында, шаардык транспорт жаатында иштеген кызматкерлер, чач тарачтар флюрографиялык текшерүүдөн өтүп туруусу зарыл. Кургак учуктун өнүгүү коркунучунун
бири — ооруган адамдын тамеки тартуусу ал эми кургак учуктан айыгуунун эң мыкты ыкмасы-тамеки тартуудан баш тартуу. Ал өз убагында кургак учук менен ооруу коркунучун азайтат.
Жарандарга тамеки тартууну таштоонун 10 пайдасын сунуштайбыз.
1. Сиз узак жана жакшы жашоону кааласаңыз тамеки тартпаңыз, тамеки тарткандардын жашоосу орточо эсеп менен жети жылга кыскарат. Тамеки тартуу сиздин турмушуңузга чоң таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгер, адамда өпкөнүн өнөкөт ооруусу бар болсо, анда анын турмушун жеңил жана жагымдуу дешке болбойт.
2. Сиз жеңил дем аласыз жана аз жөтөлөсүз. Эгер, тамеки тартканды таштасаңыз, кыймылдуу жана чыдамкайлуу болосуз.
3. Сизде ден-соолугуңузга байланыштуу маселе болбойт. Тамеки тартуу эрендиктикан менен камсыз кылууну кошкондо, сиздин кан тамырыңызга терс таасир этиши мүмкүн.
4. Бир жыл аралыгында сизде инфаркт болуу коркунучу жарым-жартылай азаят. Ал эми беш жылдан кийин сиздин ден-соолугуңуз тамеки тартпаган адамдай болот.
5. Сизде өпкө рагы, ооз көңдөйү, кекиртек рагы тишиңиздин жана бүйлөңүздүн ооруусунун пайда болуу коркунучу азаят.
Эгер, сизде астма ооруусу болсо , астма өнөкөтү аз кармайт.
6. Сиз үшүп, суук тийип калуудан жана сасык тумоодон, өпкөнүн кагынынан оолак болосуз.
7. Сиз балдарыңызга жана неберелериңизге жакшы үлгү боло аласыз.
8. Сиз иште жана коомдук жерде тамеки тартуу үчүн орун издегенди токтотосуз.
9. Сизде жагымдуу жылмаюу болот, сиз татымды жана жытты сезе аласыз жана жүзүңүзгө көп бырыш түшпөйт.
10. Сиз акчаңызды үнөмдөйсүз. Себеби, сиз тамеки сатып албайсыз жана тамекинин түтүнүнүн таасиринен улам пайда болуучу ооруулардан дарыланууга акча коротпойсуз.
Д.Мамажусупова , Ош шаарындагы фтизиатриялык райондор аралык МСЭК дарыгер-эксперти