![Израиль Газадагы оорукананы бомбаладыбы? Эл аралык коомчулуктун реакциясы Израиль Газадагы оорукананы бомбаладыбы? Эл аралык коомчулуктун реакциясы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/84_main-v1697570881.jpg)
Газа сектору Израилдин аба күчтөрү Аль-Ахли ооруканасына сокку урганын кабарлады. Жергиликтүү саламаттыкты сактоо министрлиги кеминде 500 адам каза болгонун билдирди, деп жазат бир катар дүйнөлүк ЖМКлар.
Газа тилкесиндеги ХАМАС өкмөтү кол салууну “согуш кылмышы” деп атады.
«Ооруканада жүздөгөн оорулуулар жана жарадарлар, ошондой эле үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондор бар», — деп айтылат билдирүүдө.
Окуядан кийин Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас үч күндүк аза күтүү жарыялады. Саясий топтор Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги палестиналыктарды нааразылык акциясына чыгууга чакырышты.
![Израиль Газадагы оорукананы бомбаладыбы? Эл аралык коомчулуктун реакциясы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/2023-10-17t194751z_1083368066_rc23u3aia2dn_rtrmadp_3_israel-palestinians-gaza-hospital.jpg.jpg)
Газа бийликтеринин айтымында, Аль-Ахлиге жасалган сокку Израилдин 2008-жылдан берки эң кандуу аба соккусу болуп саналат.
«Учурда каза болгондордун саны 500дөн ашты, бирок 1000ден ашат деп божомолдонуп жатат. Бул кыргын», — деди жергиликтүү дарыгер Зиад Шехада.
ДСУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейюс Газадагы ооруканага кол салууну айыптады.
«Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Газанын түндүгүндөгү Аль Ахли Араб ооруканасына жасалган кол салууну катуу айыптады. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүздөгөн адамдар каза болгон жана жарадар болгон. Биз жарандарды жана саламаттыкты сактоону тез арада коргоого жана эвакуациялоо буйруктарын алып салууга чакырабыз».
Канаданын премьер-министри Трюдо да бул окуяны айыптады.
«Бул коркунучтуу, кабыл алынгыс»,- деди ал.
Бул арада жаалданган топ Иорданиянын борборундагы Израилдин элчилигинин алдына чогулуп, имаратты өрттөп, Израилден оорукананы бомбалаганы үчүн өч алууну үндөп чыгышкан.
![Израиль Газадагы оорукананы бомбаладыбы? Эл аралык коомчулуктун реакциясы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/photo_447673-1.jpeg)
Израил армиясы расмий түрдө Газадагы ооруканага кол салуу үчүн «Ислам Жихады» тобу жооптуу экенин билдирди.
«Куралдуу күчтөрдүн оперативдик системаларынын анализине ылайык, душмандын ракетасы Израилге атылган, натыйжада оорукананын аймагында жарылуу болгон. Бизге жеткен бир нече булактардан алынган чалгындоо маалыматына ылайык, ишке ашпай калган чабуул үчүн «Ислам Жихады» жооптуу».
![Израиль Газадагы оорукананы бомбаладыбы? Эл аралык коомчулуктун реакциясы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/682f9ac9-5d58-452d-b75a-f1613523dd27-981x1024.jpg)
Израилдин куралдуу күчтөрүнүн ракетаны «Ислам Жихады» атканы боюнча түшүндүрмө схемасы
Израилдин премьер-министри Нетаньяху Израиль оорукананы бомбалабаганын, ага террористтик топ жооптуу экенин айтты:
«Бүткүл дүйнө билиши керек: Газадагы ооруканага Израилдин аскерлери эмес, Газа тилкесиндеги жапайы террористтер кол салышкан. Биздин балдарды мыкаачылык менен өлтүргөн өз балдарын да өлтүрөт»
Бул окуяларга байланыштуу миңдеген ирандыктар Газа тилкесинин тургундарын колдоп митингге чыгышты. Митинг Тегеранда Палестина аянтында болгон. Чогулгандардын арасында “Америкага өлүм” деген ураандар да бар.
Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канаани кол салууну айыптап, аны согуш кылмышы жана геноцид деп атаган.
«Бул жийиркеничтүү жана ырайымсыз кылмышты жасоо менен Израилдин сионисттик режими дагы бир жолу бүткүл дүйнөгө өзүнүн жырткычтыгын жана адамкерчиликсиздигин көрсөттү жана согуш учурунда эл аралык укуктун принциптерине жана нормаларына кымындай да берилгендигин далилдеди», — деди ал.
Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади: «Эртең Байден менен Аммандагы саммит жокко чыгарылды»,- деп жаза Al Arabiya.
АКШ президенти Израилге жасаган сапарынан кийин Палестина, Египет жана Иорданиянын жетекчилери менен жолугушуу үчүн Иорданиянын борборуна барышы керек болчу. Байден алар менен Газа тилкесинин карапайым калкынын гуманитардык муктаждыктарын талкуулайт деп пландалган.
Бул учурда Израилдин армиясынын өкүлү ооруканага сокку урбаганын дагы бир жолу билдирди.
Анын айтымында, кошумча текшерүүдөн кийин «Ислам жихады» террордук уюмунун ишке ашпай калган учурунун натыйжасында имарат зыянга учураганы тастыкталган.