![Иши илгери айым Иши илгери айым](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/88bc20be-45ca-4e04-862e-8c71c806ef60.jpg)
Ош облустук мурдагы «Ленин жолу» (азыркы «Ош жаңырыгы») гезитинде союз мезгилинде нечендеген адамдар эмгектенишкен. Ал мезгилде ар кайсы курактагылар бири- бири менен ынтымактуулукта, бирин- бири сыйлашып, урматташып иштешкен. Журналисттер менен биргеликте техникалык кызматкерлер да өздөрүнүн милдеттерин так жана жоопкерчилик менен аткарышчу эле.
1979- жылы “Ленин жолу” газетасынын каттар жана кабарчылар менен иштөө бөлүмүндө бөлүмдүн башчысы Уулча Аккозуева кызматкерлер Толгонай Токтобаева, Алмакан Мамаева иштешчү. Мамаева Алмакан Салиевна “Ленин жолу” газетасында комсомол комитетинин төрайымы болуп иштеген. Ошол мезгилде жогорку окуу жайын бүтүп келишкен жаш журналисттер менен редакциянын жамааты толукталып турчу.
Талантбек Моңолбаевди жана Алмаз Нурдиновду газетанын редактору Асылкан Бөрүбаев келечекте өсө турган жаштар экен деп буйрук чыгарып, жумушка алганын жакшы билемин дейт Алмакан айым. Кийинчерээк Алмаканды басмакананын директору Мейман Чоңатаев басмакананын тамга терүү цехине жумушка чакырат. Ошентип, Алмакан айым басмакананын түйшүгүнө чыдап чымырканып эмгектене баштайт. Цехтин мастери Людмила Иосифовна “Сен жашсың, комсомолсуң” деп жакшы сөзүн айтып иштетчү экен.
Союз мезгилинде ТАССтын, Кыргыз ТАГдын материалдары үзгүлтүксүз докладдар келип, газетага коюлган макалалар алынып салынып, ордуна коюлаар эле. Түн бир оокум болуп кетчү. Жаштык кездер, өмүрлөр басмакана менен редакциянын ортосунда кандай өтүп кеткенин билбей да калдым деп эскерет Алмакан. Ошол өткөн күндөрү туралуу каарманыбыз мындай дейт.
— Бир күнү комсомолдук взностун топтолгон акчаларын эсептесем туура чыкпайт. Кайра баштан дагы эсептедим. Жумуштан чарчап келгендиктенби, айтор, эсебим туура чыкпай койду. Эс алып туруп, эртеси эсептесем эсебим туура чыгып, 2 сом жетпей жатат эле жетип калып, көңүлүм ордуна түштү. Көрсө, катуу чарчагандыктан туура эмес эсептеп алыптырмын.
Алмакан Мамаева басмаканада көптөгөн кызматкерлер, жумушчулар менен иштешти. Алардын бай тажрыйбаларын үйрөндү. Басмакананын башкы инженери Байыш Исмаилов, түнкү сменде газета чыгаруучулар Токтобай, Медер жана башка дагы кызматкерлер түнкүсүн газета чыгарышып, эртең менен таңгактоочулар таңгакташып коюшаар эле. Почтанын машиналары аркылуу райондук почта бөлүмдөрүнө өз убагында жеткирилчү. Ал мезгилде элдин көпчүлүгү гезит окушчу.
Гезиттин теримчилери Зыйнат, Үрүнса, Бурма, Асель эжелер “Ленин жолу” газетасынын мыкты теримчилери болчу. Алардын тергендерин верстальщик Келдибек ирээти менен беттерге койчу. Кара тамгалар, кара майлар жыттанып, жакын барсаң кара май кийимиңе тийип калса, чыгышы кыйын болот эле. Андан соң, чоң ак кагазды коюп, кнопкасын басып,окуганга чыгарчу. Биринчи кезекте эле корректорлор окуп, каталарын кайрадан жанагы эжелер оңдошуп, андан соң, нөөмөтчүлөр окушат эле.
Союз жоюлгандан кийин, басмаканадагы газета чыгаруучу станоктор да жок болду. Алмакан айым басмаканада көп жыл иштегендиктен, 2002- жылы чакан басмакана ачып, иштете баштайт. Кесибин сүйгөн, элдин керегине жараган, кесипкөй болгонума сыймыктанамын дейт Алмакан айым.
Б.Ысакова