![Президенттин Ош облусундагы өкүлү Э. Джантаев социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик күнү мнен куттуктады Президенттин Ош облусундагы өкүлү Э. Джантаев социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик күнү мнен куттуктады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/391695653_369740645391780_7631820894641465356_n.jpg)
19-октябрь Кыргыз Республикасынын социалдык жактан коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н.Джантаевдин куттуктоо сөзү:
Урматтуу кесип ээлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын социалдык жактан коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Сиздердин тандап алган кесибиңиздер баарынан ардактуу деп билебиз. Анткени, сиздер өз эмгегиңиздерди эң баалуу жумушка — мамлекеттин жардамына жана камкордугуна муктаж жарандарды колдоо ишине арнап, алардын коомдо өз ордун табуусуна көмөктөшүп келесиздер. Алар эң оболу, улгайган адамдар, жараткандын жазганына аргасыздан баш ийген калктын аярлуу катмары болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөр.
Облусубуздагы жардамга жана колдоого муктаж адамдарга камкордук көрүү — бийик адамгерчиликти жана боорукерликти талап кылат. Сиздердин жылуу мамиле, кайрымдуу эмгегиңиздер коомубуздагы көптөгөн адамдарга — көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, тартыш турмушта жашагандардын, майыптардын жана кары-картаңдардын демине дем кошуп, келечекке ишенимин арттырып турат.
Учурда социалдык тейлөө системасын реформалоонун шарттарында иштин жаңы формалары жана методдору киргизилип, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн көптөгөн иштер аткарылып жатат. Сиздердин ар күнү аткарган ишиңиздер натыйжалуу социалдык саясатты ишке ашырууга, адам укуктарынын, гумандуу идеялардын артыкчылыгын бекемдөөгө, коомдо социалдык биримдикти жаратууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Гумандуулук, боорукердик, сабырдуулук жардамын аябагандык — социалдык кызматкерлердин эң башкы сапаттары болуп саналат. Алар алсыз жана коргоого муктаж адамдардын эң акыркы үмүтү болуу менен адамкерчиликке, адилеттүүлүккө жана боорукердикке болгон ишенимин жогорулатат, жан дүйнөсүнө жакшылык тартуулайт.
Кыргызстандын эмгекчилеринин таламдарын коргоо менен профсоюздар башкы милдетти- жумушчулардын мыйзамдуу укуктарын жана турмуштук кызыкчылыктарын коргоону татыктуу ишке ашыруу менен социалдык-эмгек мамилелеринин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө, социалдык өнөктөштүктүн механизмдерин чыңдоого эң активдүү катышып, эмгек адамдарынын жашоо-тиричилигинин деңгээлин реалдуу жакшыртууга, жумуш орундарын сактоо маселелерин чечүүгө аракеттенишүүдө.
Мындай жооптуу иште учурунда көптөгөн жакшы саамалыктарды калыптандырган профсоюз уюмдары дагы мезгил менен кошо жаңыланып, мамлекеттин жоопкерчиликтүү жана ишенимдүү өнөктөшү катары өлкөбүздүн жалпы эмгекчилеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын татыктуу коргойт деп ишенем.
Быйылкы кесиптик майрамыңыздар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракесине дал келип олтурат. Чейрек кылым калыптанган Социалдык фонд элибиздин турмушун жакшыртууга өз салымын кошуп, коомдо социалдык адилеттүүлүк принцибин ишке ашырууда милдетин татыктуу аткарып келе жаткандыгын белгилегим келет.
Урматтуу кесип ээлери! Сиздердин түйшүктүү ак эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Баардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктап, чың ден-соолук, узак өмүр, кажыбас кайрат, бакыт-таалай жана жоопкерчиликтүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!