![Керимбек Калыкулов: "Театрдын жашоо өзөгү- бул мыкты спектакль жана туруктуу көрүүчү" Керимбек Калыкулов: "Театрдын жашоо өзөгү- бул мыкты спектакль жана туруктуу көрүүчү"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/e1d3e875-1330-43c7-9c19-9e5e75277f3f.jpg)
Театр – маданияттын күзгүсү. Бул жерде искусствонун мыкты чыгармалары элге тартууланат. Дегенибиздей, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драмтеатрынын 50 жылдык мааракесине карата 50 жылдык даңктуу тарыхты чагылдырган театралдык композиция даярдалып, көрүүчүлөргө тартууланды. Кыргыз Эл артисти Талантбек Апыевдин режиссерлугу менен Г.Фигейредонун классикалык “Эзоп” трагикомедиясынын бет ачары өтүп, “Эргүү” улуттук театралдык сыйлыктын 5 номинациясын жеңип алды. 2 ишмер: көркөм жетекчи Талантбек Апыевге жана тажрыйбалуу артист Гүлжамал Абдыкадыровага Кыргыз Эл артисти ардактуу наамы ыйгарылды. Өз кесибинин чеберлери Зейналиева Калидахан, Кайыргүл Жуманова, Күкүн Шатманова «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы, Айпери Кулбаева Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасы» менен сыйланышты. Учурда театрдын 51-театралдык сезону башталды, театралдык сезондун репертуары тууралуу, коюла турган жаңы спектаклдер жөнүндө театрдын жетекчиси Керимбек Акматалиевич Калыкуловдон маалымат алдык.
Театрдын тарыхы
Театр 1972-жылы ачылган. Театрда А.Абдыкалыков, М.Алышбаев, Д.Байтөбөтов, Г.Каныметова, Н.Мамбетова, К. Тагаев, Т.Аманов, Р.Абдыбачаева, Ж.Сыдыкбаева, Т.Сатаров, Ж. Сейдакматова, Ш.Дүйшөнкулов, Ш.Супатаева, Р. Асанов, Т. Бообекова, А.Тажиев, П. Сейитмурзаева, А. Назаркулова ж. б. артисттер иштеген. 1974-жылы театрдын жаңы имараты курулуп, Ош шаарындагы маданий очоктордун бирине айланды. 1997-жылы театрга мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун ысымы ыйгарылган. 2007- жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен театрга улуттук статусу берилген. Жарым кылым мезгил ичинде чыгармачыл жамаат 150гө жакын дүйнөлүк классикалык чыгармаларды жана кыргыз авторлорунун пьесаларын сахнага алып чыгышты. Учурда театрда 179 адам эмгектенет. 3 КР Эл артисти, 5 КР Эмгек сиңирген артисти, 2 КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмери бар. Ош улуттук драма театры – эл аралык жана республикалык көптөгөн театр фестивалдарынын жеңүүчүсү. Театралдык искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн СССРдин маданият министрлигинин, КР жана КР Жогорку Кеңешинин “Ардак грамоталары”, ошондой эле «Манас-1000» жана «Ош-3000» юбилейлик медалдары жана Ош облустук мамлекеттик администрациясынын баалуу сыйлыктары ыйгарылган.
![Керимбек Калыкулов: "Театрдын жашоо өзөгү- бул мыкты спектакль жана туруктуу көрүүчү"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/3612086d-28c4-4adc-adbf-232557d79298-1024x766.jpg)
51-Театралдык сезондун репертуары 6 жаңы спектакль менен толукталды
Театрдын көркөм кеңеши тарабынан Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романынын негизинде жазылган жана Түгөлбай Сыдыкбековдун “Көк асаба” үчилтиги боюнча инсценировкалар, Жаныш Кулмамбетовдун Манас темасындагы “Мекенимдин ташы”; Бурул Калчабаеванын “Ээң кайда, акжолтой?”; Жалил Садыковдун “Толубай сынчы” драмалары сунушталган жана бекитилген. Ал эми дүйнөлүк классикадан Николай Гоголдун бардык доордо актуалдуулугун жоготпогон “Текшерүүчү” комедиясы коюлат. Чыгармачылык тажрыйба алмашуу максатында спектакль коюу үчүн сырттан режиссер жана сүрөтчү да чакырылган. Ж.Кулмамбетовдун “Мекенимдин ташы” драмасын Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык театрдын көркөм жетекчиси, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү режиссер Назым Мендебаиров даярдап жатат. Азыркы учурда Бурул Калчабаеванын “Ээң кайда, акжолтой?” драмасы театрдын режиссеру Назгүл Мырзаканова тарабынан сахналаштырылып жатат.
Тарыхый фотогалерея түзүлдү
Театрдын 2-кабаттагы фойесин толук ээлеген тарыхый фотогалерея түзүлдү. Анда 1972-жылы ачылган театрдын 50 жылдык тарыхы менен тагдырлаш ишмерлердин портреттерин жана спектаклдерден көрүнүштөрдү камтыган 300гө жакын сүрөттөр жайгаштырылган. Ош шаарында кыргыз драмалык театрын ачуунун демилгелеп жана жүзөгө ашырган мамлекеттик ишмер Султан Ибраимов жөнүндө фотомаалыматтар галереянын борбордук бөлүгүн ээлейт. Фойенин ортосунда С.Ибраимовдун гипстен жасалган айкели да орун алган. Алгачкы чыгармачылык тушоосу ушул театрда кесилип, өсүп чыккан Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Акылбек Абдыкалыков, Гүлайым Каниметова, Назира Мамбетова, Шайымбек Кыдырмаев, Турганбүбү Бообокова, Жамийла Сыдыкбаева, Райыма Абдубачаева, Токтобек Сатаров, Марат Алышпаев, Дүйшөн Байдөбөтов, Ташбек Кудайбергенов, Муканбет Токтобаев, Тынар Аманов, башкы режиссер Искендер Рыскулов, башкы сүрөтчү А.Конушбаев ж.б. корифейлердин портреттери да галереянын көрүнүктүү жерине илинди. Ошондой эле театр ишмерлеринин кийинки муундарынын жана азыркы учурда эмгектенип жаткан жамааттын өкүлдөрүнүн сүрөттөрү коюлган. Алардын ичинде Кыргыз Эл артисттери көркөм жетекчи Талант Апыев, Р.Асанов, актриса Гүлжамал Абдыкадырова, КР Эмгек сиңирген артисттери Солтобай Кулбаев, Насиятхан Шамшиева, Калидакан Зейналиева, Кайыргүл Жуманова, Күкүн Шатманова, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Бакытбек Тилекматов, Самидин Жоробаев баш болгон белгилүү театр ишмерлеринин сүрөттөрү фотогалереяны толуктап турат. Театрдын жетекчиси Керимбек Калыкулов белгилегендей, эми спектакль көргөнү келген көрүүчүлөргө 50 жылдын ичинде Ош драмтеатрынын сахнасында коюлган мыкты спектаклдерден фотобаян жана сахна чеберлери жараткан образдар менен таанышуу да кызыгуу жарата алары айгине.
![Керимбек Калыкулов: "Театрдын жашоо өзөгү- бул мыкты спектакль жана туруктуу көрүүчү"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/9efa84d3-00bd-4af2-a326-33fb6616b04a-1024x966.jpg)
Гастролдук сапар
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан түзүлгөн графикке ылайык, театрдын чыгармачыл топтору 2023-жылдын сентябрь-октябрь айлары Ош облусунун райондоруна жана айыл аймактарына гастролдук сапар менен кыдырып келди. Гастролдук сапар 20-сентябрь күнү Чоң-Алай районунда башталып, райондун борбору Дароот-Коргон айылынын маданият үйүндө элге С.Жетимишовдун «Амансыңбы, апаке!» спектакли тартууланды. Ошондой эле Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван, Алай районунда А.Чеховдун «Сунуш» комедиясы, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча “Айтматов ааламы” аталыштагы театралдык композиция, Л.Бакибаеванын “Бакыт учурган үш” драмасы, “Амансыңбы, апаке!” спектакли тартууланды. Мындан тышкары театрдын артисттери даярдаган чакан концерттик программаны элет калкы өтө ыраазы болуу менен кабыл алышты.
Улуу муундун театр эстафетасы үзүлбөстөн улана берет
Театр ачылгандан бери жарым кылым убакыт өттү, доор алмашты, коом өзгөрдү, турмуш жаңы нукка бурулду, жаңы муун аренага келди. Коомдук ар кандай кыйынчылыктарга карабастан театрдын көшөгөсү жабылбай, шык даарыган көптөгөн инсандардын талантын таптап, кыргыздын улуттук маданиятын байытууга үзгүлтүксүз салым кошуп келатат. Улуу муун өткөрүп кеткен эстафета үзүлбөстөн уланууда. Ар бир мезгилдин өзүнүн таланттары болот. Кийинки он жылдыкта көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө арзыган, таланты менен таанылган жана театрдын даңазасын арттырган ишмерлер аз эмес. Сахнада доордун талабына жараша жаңы спектаклдер үзгүлтүксүз коюлуп жатат. Азыркы учурда театрдын репертуарында 20га жакын спектаклдер бар. Көрүүчүлөргө тартуулай турган чыгармаларда учур темасына, улуттук жана жалпы адамзаттык түбөлүктүү баалуулуктардын камтылышына көңүл бурулуп жатат. 2022-жылы коюлган спектаклдер үчүн «Эргүү» улуттук театр сыйлыгынын 8 номинациясына ээ болду. Алардын ичинен Кыргыз Эл артисти Талантбек Апыев койгон Г.Фигейредонун «Эзоп» спектакли 4 номинацияны жеңип алды. Ош улуттук драмалык театры республиканын түштүк аймагындагы кесипкөй театрларга, драмалык топторго тажрыйба үйрөтүүчү жана усулдук көмөк берүүчү базалык борбор катары да кызмат көрсөтүп, алардын чыгармачылыгынын өсүшүнө чоң өбөлгө түзүп келүүдө. Театр узак кылымдар бою элдин көңүлүн ачып, жарык маанай тартуулаган, элди эмоция менен байытып, тарбиялап, коомду агартып, элдин акыл-сезимине күчтүү таасир этип келаткан ыйык жай. Өкмөт жана Маданият министрлиги тарабынан театр тармагына олуттуу камкордук көрүлүп жатканы ийгилик жаратууга шыктандырбай койгон жок. Алдыга театр искусствосун өнүктүрүү боюнча чоң максат-мерчемдер коюлуп, чыгармачылык изденүү жана жаңычылдык менен иштөөгө шай турушат.
А.МАТИЕВА.