![Алайкуудагы китепканада китеп фонду көбөйдү Алайкуудагы китепканада китеп фонду көбөйдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/1-2-500x333-1.jpg)
Иллюстрациялык сүрөт
Кара-Кулжа районунун алыскы Алайкуу айыл аймагынын Кан-Коргон айылында Ыса Карабаев атындагы китепкана бар. Бул китепкана Кара-Кулжа райондук Акун Токтосартов атындагы борборлоштурулган китепкананын № 21-филиалы болуп эсептелет. Аны Саадалова Самара Ибраимовна жетектейт. Тоо койнунда жайгашкан айылдык китепкана эч бир тарабынан замандан артта калбаган, талаптагыдай иш жүргүзүлүп жатыптыр. Китеп фондун көбөйтүү, окурмандарды тейлөө иш-аракеттери тууралуу китепкана жетекчиси менен баарлаштык.
Ыса Карабаев атындагы айылдык китепкана
Кан-Коргон айылындагы бул китепкана 1951-жылы түптөлгөн. Бирок, атайын имараты жок болгондуктан, ар жерге көчүп-конуп жүрүп 2013-жылы айылдык жеке ишкер Карабаев Остербек тарабынан 600,000 сомго жаңы заманбап имарат салып берилген. Ошондон тартып, жигердүү иш алып баруу менен айыл элинин бирден бир маданий борборуна айланды. Учурда китепканада жылына 700-800 окурманга тейлөө иштери жүргүзүлөт. Китеп фонду 8000 китепти түзөт. Көркөм адабияттар, айыл жана токой чарба, коомдук саясий, медицина, искусство ж.б. багыттагы китептер бар. Алардын негизин кыргыз тилдүү, орус тилдүү жана башка тилдердеги китептер түзөт. Мындан сырткары, китеп фонду демөөрчүлөр тарабынан кыргыз тилдүү көркөм адабияттар менен толукталды. Бүгүнкү күндө китепкананын китеп фондунда 8000ден ашуун китеп бар. Китепканада ЮНИСЕФ менен биргеликте «Балдарды эрте куракта өнүктүрүү борбору» түзүлүп, бул багытта тиешелүү иштер алып барылууда. Бул борбордо учурда 2-3 жаштагы 15 бөбөк тарбияланып жатат.
Китепке арналган өмүр жол
![Алайкуудагы китепканада китеп фонду көбөйдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/67d6f393-5f5d-40de-9021-53409edba8c7.jpg)
Самара Саадалова 1979-жылы 7-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун азыркы Капчыгай андагы (Кызыл-Байрак) колхозунун Кара-Таш айылында мугалимдин үй- бүлөсүндө туулган. Туулган айылындагы Эркин-Тоо орто мектебинде окуган. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Кан-Коргон айылындагы Ыса Карабаев атындагы китепканада китепканачы болуп иштөө менен баштаган. Китепкөй инсандын бул багытта иштеп калуусунун да жүйөөлүү себептери бар.
2013-жылы өмүрлүк жолдошу Карабаев Остербек айылдык китепкананын имараты жок болуп, мектептин бир бөлмөсүндө иштеп жүргөндө ушул жаңы, окуу залы өзүнчө болгон эки бөлмөлүү китепкананы салып, элге китепкана үчүн белек кылган. Ошондон тарта ушул китепканада башкы китепканачы болуп эмгектенип келатат. Китепканада негизинен башкы китепканачы, жардамчы китепканачы жана техникалык кызматкер болуп үч адам эмгектенет. Кийинки убактарда бир катар долбоорлор менен иштеп, китепкананын алкаганда балдарды эрте өнүктүрүүгө көп көңүл бурулууда. Борбордо балдар ата-энелери менен бирге китеп окуп, сүрөт тартып, ойношууда. Ушундай сабактар аркылуу балдар түстөрдү, сандарды, сөз өнүктүрүүнү, бийлегенди, баарлашууну үйрөнүшөт.
Балдарды эрте куракта өнүктүрүү маанилүү
Китепкананын алкагында «Аяна» аттуу балдарды эрте куракта өнүктүрүү борбору ачылганына толук 3 жылдын жүзү болду. Борбордо 2-3-4 жаштагы балдар жумасына эки күн үч сааттан окушат. Аларга программага ылайык, сөз өстүрүү, математика, сүрөт сабактары өтүлөт. Түстөрдү айырмалоо, сандарды үйрөнүү, калемди туура кармап сүрөт тартууну үйрөнүшөт. Түстүү барак жана пластлин менен кыркып чаптоо, оюнчук жасоо менен алектенишет. Сөз өстүрүү сабагында тарбиялык мааниси терең түрдүү жомокторду окуп үйрөнүшөт. Ата-энелердин жардамы менен ырларды жатташат. Ар бир сабак 20 мүнөткө созулат. Аралыгында ар кандай физикалык көнүгүүлөрдү жасашат. Майрам күндөрү түрдүү сонун көйнөктөрдү кийип алып, жаттаган ырларды ырдап, жатка айтып майрам тосушат. Балдар үч жашка чейин үйрөнүүгө өтө дилгир болушат экен. Андыктан балдарга жаштайынан көңүл бөлүп, эрте куракта өнүктүрүү маанилүү.
![Алайкуудагы китепканада китеп фонду көбөйдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/b757be88-9f18-4ed0-a0d3-25f380fd5d9b.jpg)
Көөдөнүндө түнөткөн көп ырлар бар
Китепкана ишин мыктылап жөндөп тим болбостон, көөдөнүндө түнөтүп сөз багып, чыгармачылык менен алектенет. Комузда кол ойнотуп чертип, ырдайт. Анын калеминен жаралган ырлар газета, журналдарга, альманах, китептерге жарык көргөн. 2020-жылы «Ыйык мекен» деген китеби чыккан. Китептин бет ачаарына арнап чыгармачылык кечеси өттү. Чыгармачылык кечеде анын калемине таандык ырлар окурмандары тарабынан көркөм окулду. Азыркы учурда ыр түрмөктөрүнөн турган кийинки китепти жазуунун үстүндө иштеп жатат.
Төмөндө анын бир катар ырлары окурман назарына коюлду.
АПАЛАР КИМ
Апалар ким- ар бир үйдүн кунары,
Аруу айым тоонун тунук булагы.
Ак жоолукчан эне, эже, асыл жар,
Периштеси, мырзалардын ынагы.
Бакыт өзү жайнап турса кабагы,
Бал татыйт го даярдаган тамагы.
Бала төрөп, тоодой жүктү көтөргөн,
Береке го бейиш анын таманы.
Жайнап-күлсө жайдары го мүнөзү,
Баласы үчүн балкып турган жүрөгү.
Жашыл аалам коюну кенен жыпжылуу,
Жайлоодогу жайнап турган гүл өзү.
ТӨРӨЛГӨН АЙЫЛЫМ
Жай күнү экен, жапжашыл көктөм,
Жамгыр да жаңы себелеп өткөн.
Бейкапар дүйнөм, байоо кез сенде,
Бактылуу күндөр, балалык өткөн.
Ачканын билбей ал кезде кардым,
Таңдан- кеч ойноп жазылчу жарпым.
Керемет ирмем, кездери менен,
Эсимде калган төрөлгөн айылым.
Гүүлдөп аккан дарыяң Тарың,
Жээгинде ойноп тыңшагам шарың.
Эртеден-кечке чогуу бир жүргөн,
Эсимден кетпейт айылдаштарым.
Түз эмес бирок, тоо-таштуу ойдуң,
Жайгашкан айыл жээгинде жолдун.
Мээримдүү жандар жашашат дале,
Мекендеп ушул тоолордун койнун.
Бактылуу жандар жашашат сенде,
Байырлап бийик тоолордун койнун.
![Алайкуудагы китепканада китеп фонду көбөйдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/237f5197-18e3-44f9-8d71-4adda837bb7d.jpg)
ПЕНДЕ ЖАШАЙТ БАРДЫГЫНА КӨНҮГҮП
Өмүр өзү -өрдү карай шашылган,
Турат тура кудай айткан ай жылдан.
Күндөр болсо өтпөйт тизген шурудай,
Күлкү коштоп,кайра катуу кайгырган.
Турмуш кээде борошо кар учурган,
Окуя көп оңдоп-оңдоп бышырган.
Жай күнүндөй болуп толкуп ,толукшуп,
Кээде сонун ирмем калат учурдан.
Бирде булкуп агат кирген дайрадай,
Кээ бир күнүң күлкүгө бай шайма-шай.
Ыйлатат да, сооротот да куу турмуш,
Жашоо ушундай, жашабайбыз жайма-жай.
Бөксө болуп, кайра толуп көбүрүп,
Чайпалабыз ашып-ташып төгүлүп.
Биринчи угуп чочуп алып селт этип,
Биз жашайбыз баардыгына көнүгүп.
Пенде жашайт баардыгына көнүгүп!
СЫЙЛАШСЫН
Баштан сылап ыйлап калса кокустан,
Мээрим төгүп тилин таап окуткан.
Жаратмандык, эмгек менен үйрөтүп,
Билим берип адамдарга кошушкан.
Асыл кесип ээси өзүңсүн, кымбатсың,
Тарбиячы, агартуучу устатсың.
Уул-кызым адам болсун дегендер,
Эң биринчи мугалимди сыйлашсын.
КОМУЗ
Кыргызымдын нарк-насили дем-күчү,
Ата салты,калпак,комуз белгиси.
Таланттуулар жан киргизет кылдарга,
Колго алып черте бербейт жөн киши.
Карамолдо Атай жана Токтогул,
Жаратышкан күүлөр сезим ойготкон.
Чалагыздай уулдар жолун улашып,
Самарадай кыздар колун ойноткон.
Күндүз колдо,уктап кетсе түшүндө,
Кабары да,сыры күүнүн күчүндө.
Кыргызымдын баскан жолун камтыган,
Айта берсек тарых жатат ичинде.
УБАКЫТ
Жылып эрте ашыгып күн батканга,
Түн да шашып жаткандай таң атканга,
Берекеси кеткенби убакыттын,
Баасын билип барктадым кырк ашканда.
Баш катырып тыным албас ыкчамдыгы.
Секунд санап закымдап учкандыгы
Кечээ эле көргөн сулуу көзү жанган
Көп өтпөстөн көздөрдүн өчкөн нуру.
Карап турсаң кайдадыр шашып жаткан,
Көп иш бүтпөйт,калп эле ылдам баскан.
Кечээ көргөн жылдыздуу кызыл жигит.
Кийин көрсөм картымак куба тарткан.
Бала кезде тизилип узун катар,
Бактын түбү жай эле букту жазаар.
Анда баары үнөмдүү болгон белем,
Күн кечкирбейт дечүүле чоң аталар.
Азыркылар көралбас ичи да тар,
Андагыны көрүүгө болдук го зар.
Түйдөктөрүн көтөрүп саат өткөрүп,
Акыл айтып кеп салчуу чоң апалар.
ТУУЛГАН ЖЕРДИН ТООЛОРУ
Алыстан, мунарыктап бийик тоолор,
Ойноо, байоо балалыгым эске салат.
Ошол аруу кездегидей тазалыктар,
Бир өзүңдө сакталган сыяктанат.
Кымыздык, гүлгө келген издеримди,
Издедим, эгер калса көргүм келди.
Буулуккан сагынычтуу көз жашымды,
Бүгүн мен коюнуңа төккүм келди.
Тунук аппак мөңгү суудан кана жутуп,
Бийиктерден-бийиктикти сезгим келди.
Ошол таза аруулуктай адамдыкты,
Кыдырып издеп кезип кетким келди.
Шылдыр аккан мөңгү сууга жүзүм чайып,
Бийик, таза чокуларга баргым келди.
Өзгөргөн куулук, шумдук болуп кеткен,
Адамдардан алыс жакта калгым келди.
Шаңкайып, ак чокулар кырка тартып,
Эчен кылым карытып барасыңар.
Биздин курак өр тартып бараткансыйт,
Силер болсо ушул бойдон каласыңар.
Коктулардан боткок терген уул-кызыңды,
Сагындырып өзгөрбөстөн каласыңар.
АЙЫЛЫ М-АСЫЛ ТУР АГЫМ!
Шылдыраган мөлтүр сууңа жүзүм жуудум,
Кетким келбей, кыя албай көпкө турдум.
Буйруганда кайрылам жашоо ошондой,
Кара — Таштык тууган элим аман тургун.
Туулган жердин көк асманы түндүгү,
Бийик тоолор тиреп турган түркүгү.
Тоо койнунда төрөлүшкөн тоолуктар,
Ошол жерге туташ тура киндиги.
А.МАТИЕВА