Негизинен ырдоо өнөрүндө үн аппаратынын түзүлүшүн жакшы түшүнүп, аны туура колдонуп, ырдаган стүденттер үчүн өтө жакшы жыйынтык болот. Ырдоо практикасында үн аппаратынын түзүлүшү төмөндөгүдөй: дем, үн байламталар, каңшар (резонатор), ооз көңдөйү. Ошондо демдин ооз көңдөйү аркылуу сыртка эркин чыгуусу менен үндө кооз толкун пайда болот, мында кандайча деген суроо пайда болушу мүмкүн. Эң оболу ырчыга белкурчоо деми деген эмне аны түшүндүрүп, андан соң, белкурчоодо демди кантип кармап туруш керек жана кантип белкурчоо демин туура колдонуш керек ушуну үйрөтүү абзел. Белкурчоо булчуңдарын туура дем алып, кайра дем чыгаруу үчүн атайын ырдоо практикасында колдонулуп келе жаткан ырдоо көнүгүүлөрүн пайдаланыш керек.
Адамдын үн аппараты — өзүнө дем алуунун механизмдерин жана үндү жаратуучу организмдерди камтыйт. Үн аппаратынын дем алуу механизминде өпкө, анын дем алуу «жолдору», булчуңдары бар.
Ырдоодо колдонулуучу демдин түрлөрү :
А) Белкурчоо (диафрагматикалык). Демди бел курчоого алып ырдоодо көкүрөк бош турат дагы карын булчуңдары демди алдыга түртүп турат;
Б) Көкүрөк белкурчоо (грудно диафраматический). Мында дем кабырга менен белкурчоого алынып ырдалат;В) Көкүрөк менен бел курчоого. Дем алууга белкурчоодон башка, көкүрөк булчуңдарынын төмөнкү бөлүгү иштейт дагы, бирок, белкурчоо тартылып турат;
Г) Таза көкүрөк деми. Көкүрөкө дем алуда белкурчоонун таасири жок жана карын тартылып турат. Белкурчоого дем алып ырдоодо ырчы демди белкурчоого жыйнап, көкүрөк тарапты бош койуп ырдоо керек, көкүрөк клетканын эң чоң кеңейиши жана өпкөлөрдүн толушу алардын ылдый жагында, диафрагманын куполунун (төбөсүнүн) төмөндөшү менен төмөнкү кабыргалар тарапка кеңейиши болуп эсептелинет. Дем алууну демейде типтери менен классификациялоо кабыл алынган. Бирок, бул классификация шарттуу болуп эсептелинет.
Типтердин аталышы бир кыймылдардын берилген тилкеде дем алуунун аппаратынын иштешин билдирет (акыректик, көкүрөктүк, ичтик, ич-көкүрөктүк). Акыректик дем алуу (жогорку кабыргалуу жер) тиби качан дем алганда жогорку кабыргалардын кыймылдашы, акыректин жана ийиндин иштеши, негизинен жогору жактары кеңейип, диафрагманын тилкеси аз, абанын өпкөгө кириши-азыраак, анча эмес. Көкүрөктүк (орто-кабыргалар тушу, косталдык) дем алуу деп, дем алуу учурунда ортоңку кабыргалар кыймылга келип, көкүрөк сөөктөр да ишке киришет. Диафрагматикалык (ичтеги, абдоминалдык) дем алууда диафрагманын көбүнчө кыймылдашы байкалат, ич прессинин кыймылдашы көбурөөк байкалат.
Ырдоого пайдалуураак терең ич көкүрөктүк (косто-абдоминалдык) дем алуу болуп саналат. Үндүн булагы кекиртек, конус сыяктуу түтүк, төрт кемирчектен турат; калкан сыяктуу, шакек сымал жана эки чөмүчкө окшош өз ара байламчалар сыяктуу нерселер менен байланышкан. Кекиртек түбүнөн трахеяга келип уланат, а жогорку чеги тамакка келип жетет. Калкан сыяктуу кемирчек, колконун, тамактын алдыңкы негизинде болсо, анын үстүндө жайгашкан, калкан сыяктуу кемирчек тамактын алдыңкы «дубалы» сыяктуу болсо, шакекче кемирчектин астында «чөмүч» сыяктуу кемирчектер жайгашып, кичинекей булчуңдар аркылуу көкүрөктөгү сөөктөргө туташкан, а үстүндө болсо тил алдындагы сөөккө тутулган, мына ошондуктан тамак ары-бери жыла алат. Тамактынабалы жогорку резонаторлордун жайгашышын өзгөртүп турат да үндүн сапатына түздөн-түз таасир берет. Тамактын абдан туура жана жакшы акыбалы, ырдоо учурундагы туруктуу, тынч акыбалы.
Үндөрдүн термелүүсүн башкара билүү башкы нерв системасына байланыштуу, ал эми үн байламчаларынын өзүндө, татаал, аралаш үн байламталарынын тартылышы, чоюлушу, бошошу жана башка өзгөрүүлөр, ошол нерв системасынын башкаруусунда жүргүзүлөт. Үндүн катуулугу үн байламталарынын бекемдиги жана алардын термелүү амплитудасына (термелүү ченеми) байланыштуу.
Үндүн «учактыгына» жетишүүдө тамактан, колконун биринчи тембрин чыгаруу өздөштүрүлүш керек. Жаңыртуучу тилкелердин ар кандай формаларда болгондугуна байланыштуу, ар бир бөлүк үндүүлөргө бирдей эмес жаңыртуунун (рупордун) каршылашы мүмкүн. Бирдей күчтү, бирдей бийиктикте «а» үндүүсүнө (абдан жакшы рупордун формасы) «каршы болгондор» жука термелүүчү тилкелер (үн байламчаларында) болот, ал эми «у» үндүүсүнө-калың тилкелер «каршы турушат». Мына ушундай эле себепте тамактын, таңдайдын формасы да мааниге ээ болот. Терең жана туура түзүлгөн «Купол» – фонациянын, үндүн туура түзүлүшүнө алып келет. Үнсүздөр, алардын жолунда «тоскоолдуктар» болгон учурда пайда болот, алардын формаларына жараша аттары да ошондой деп аталат. Мисалы: Чоң окшош үндөрдүн үн түзүүчү аппараттын механизминен жаралып чыккан үндөрдү айтабыз. Физиологияда үн аппаратынын 2 типтеги ишин айырмалайт. Алар көкүрөк регистри жана фальцет.
Көкүрөк регистри – үн тешикчесинин толук жабылышы менен, үн байламчаларынын баарысынын толук термелүүгө катышуусу, чоң амплитуданы түзүү жана аны чоң түтүккө (надставная труба) гана эмес бардык «бронхиалдык даракчага» берүү (термелүү). Фальцетте болсо үн тешикчесиин толук эмес ачылышы (жарым, жартылай, сүйрү формасында) үн байламчалары бош ортоңку четтери менен, термелинет, жаңыртат негизинен түтүктүн (надставная труба) (колко) ичинде жаңырат. Фальцет ырдоо бул негизинен тембри көкүрөк регистр менен фальцеттин (баш резанатору) аралашмасынан келип чыгат.
Бардык диопозондо ырчылар чынында, аралаш регистрди колдонушат, регистрлерге бөлүү бул үндү пайда кылуунун типтик формаларынын пропорцияларын (көлөмдүк таасирин) ырдоочу үндүн диопозонунун айрым бөлүктөрүнө (участки) бөлүнүшү. Регистрлердин чек араларында үндөрдүн зоналары бар, ал жерде үндөрдүн, «өтүп кетчү» ноталарда үн аппаратынын аларга болгон өзгөрүүчү кызматы, бул чектерде натуралдык үн менен ырдагандарда билинип турат, себеби алар регистрлерди «жылмалап кетүүчү» ыкмаларды колдонушпайт, билишпейт. Ошол «өтүп кетүүчү» ноталарда, «чектерде» үндү пайда кылуучу механизмдердин иштешинин өзгөрүүсүнө байланыштуу үн туруксуздуу боло түшөт, «токтоп калып кайта пайда болгондой, айрыкча бул нерсе үйрөтүлбөгөн ырчыларда кездешет, ошол «зонаны» өтүп кеткенде кайрадан жакшы ырдай баштайт. Эркектер үнү 2 регистрге ээ : көкүрөк регистри жана фальцет. Аялдар үндөрүндө-3регистр бар : көкүрөк, медиум жана баш регистри. Ушундан улам, өтүп кетүүчү зоналар эркектерде бирөө, аялдарда экөө. Бирок аялдарда «үндүн сынышы» көкүрөк регистрде медиумга өткөндө ачык билинип турат. Ал эми орто регистрден жогорку регистрге өтүү анча билинбей өтүлөт, себеби, бул жерде үндү пайда кылуунун механизмининалмашуусу эмес, «баштын жаңыртуунун» күчөтүүсү гана болот. Аялдардын жогорку регистри – бул чынында аралаш регистр, башкы резонаторлук кылуу бул жерде басымдуулук кылат. Ошондуктан ал тембр жагынан бай, динамикалуу (фальцетке караганда, эркектердикин салыштырууда) болуп саналат. Аялдарда фальцет коларатуралык сапранолордо кездешет, алар четки бийик ноталарды алуу да болот (ми, фа – үчүнчү октавада), аларды «флейталык үн» деп аташат. Эркектердеги фальцет диапазонду кеңейтет, жарым октавага жогоруга, төмөнкү көкүрөк регистринин ортосуна чейин болот. Сололук ырдоодо эркектер фальцетти анча колдонушпайт, бирок, кээ бир ырчылар, фальцетти жакшы өздөштүргөндөр, көкүрөк үндөрдү алмаштырышып ырдашат.
Жеңилдетилген фальцеттик ырдоо (эгерде хордун партиясында болсо) абдан кооз үндү берет, керектүү ыкма болуп эсептелинет, аны хордо пайдаланыш керек, аларды тенорлор жогорку регистрлерде пайдаланып жүрүшөт. Композиторлор: М.Равель, К.Дебюсси фальцетти кооздочу ыкма каражат катары колдонушкан.
Рахматулла Ормонов, ОшМУнун искусство факультетинин кафедра башчысынын милдетин аткаруучу, улук окутуучу