![УКМК: ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлду УКМК: ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/0b08d47d-8596-4144-acb8-16ead06aa6b4.jpg)
Талас облусунун аймагындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына тиричилик буюмдары деп товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз түрдө, милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалым болгондой, 2023-жылдын 26-октябрында “Чоң-Капка-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан КР М.С.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кармалган.
![УКМК: ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/dad74404-f1be-4cd3-862f-baf87ab6a58c.jpg)
«Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү жүк ташуу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктар чыккан»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда бул факты боюнча милдеттүү салыктык төлөмдөрдү төлөбөй коюдан тарткан зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.
![УКМК: ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/0b08d47d-8596-4144-acb8-16ead06aa6b4.jpg)
Сүрөт: УКМК
![УКМК: ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/0ed7be79-916f-4ee0-9505-7bb7c12d7240-1.jpg)