Пенсиянын топтоо бөлүгү деген эмне? Социалдык фонддон топтолгон акчаны кантип алса болот? Кимдер ала алат? Кайсы мекемеге кайрылуу керек? деген суроолорубузга КР Министрлер Кабинетине караштуу КР Социалдык фондунун Ош шаардык Социалдык фонд башкармалыгынын начальнигинин орун басары Орунбаев Нуркамил Кочкорбаевич жооп берди.
— Нуркамил Кочкорбаевич, пенсиянын топтоо бөлүгү тууралуу айтып берсеңиз?
— Мамлекеттик топтолмо пенсия- Кыргызстанда 2010-жылдын 1-январынан тарта киргизилген. Бул деген сиздин айлык акыдан 2 % кармалып, жеке эсебиңизде сакталып, кийин пенсия курагына келгенде өзүңүзгө бериле баштайт. Ал эми адам каза болгон учурда мураска калат жана каза болгон адамдын мураскери мезгилсиз мөөнөттө алса болот. Каражат жеке эсебиңизде топтолуп эле туруп калбастан, социалдык фонд тарабынан банктар менен депозиттик келишим түзүлүп, алардан дивиденд алынып, мыйзамга ылайык келген учурда топтолгон каражаттар жаранга инвестициялык киреше менен бирге берилет. Ошондой эле фонд жыйналган каражатты КР Финансы министрлиги чыгарган мамлекеттик баалуу кагаздарына салым катары салат. Башкача айтканда, топтомдор жыйналат жана көбөйөт. Мыйзам боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүнө иштеген кызматкерлерден сырткары башка жарандар да катыша алат. Мында Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн өз ыктыяры менен төлөө үчүн камсыздандыруу полистерин сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
— Пенсиялык топтоо фондуна кимдер төлөбөйт?
— 2012-жылдын 1-январынан тартып Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү төлөөдөн пенсионеркызматкерлер бошотулган. Ошондой эле 1964-жылдын 1-январына чейинки туулган эркек кызматкерлер жана 1969-жылдын 1-январына чейинки туулган аял кызматкерлерден пенсиялык топтоо фондуна кармалбай калган.
Жарандарыбыз анын ичинен пенсионерлерибиз пенсиянын топтоо бөлүгүнөн кантип акча алууну толук түшүнө беришпейт. Кээ бирлери ойлошот, баарына төлөнүш керек деп, андай эмес. Ошондуктан жарандар Ош шаардык социалдык фонд башкармалыгына көп келишет: пенсиялык топтом акча каражаты тууралуу билүү үчүн. Аларга биздин башкармалыктын кызматкерлери түшүндүрүп беришет. Ар бир жаран өзү жашаган жеринде социалдык фонд башкармалыгына кайрылып, бул боюнча тактап алышса болот.
— Пенсиялык топтомо бөлүктөн акча каражатын кимдер ала алат?
— Пенсиялык топтомо бөлүктөн акча каражатын: 2013-жылдын январынан тартып пенсиялык куракка жетип, пенсия алууга кайрылган жарандар, иштеген пенсионерлер, Кыргызстандан башка өлкөгө туруктуу жашоого кетип жаткан камсыздандырылган адамдар жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар Кыргыз Республикасынын жарандары ала алышат. Ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар да алса болот. Ал эми каза болгон, бирок, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтому бар камсыздандырылган адамдын алты айдан кийин мураскоруна төлөнүп берилет.
2022-жылы 20-майда элдин суроо-талаптарына ылайык, Кыргыз Өкмөтүнүн № 261 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, жеке камсыздандыруу эсебинен топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар, бирок, жеке турак-жайы жоктугуна байланыштуу бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыясы барларга жана коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан адамдар алышат. Мындай укукка ээ жарандардын расмий никеде турган жубайларына пенсиялык топтоолорду алуу укугу да ыйгарылган. Кошумчалай кетчү нерсе, төлөмдөр мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу гана үй алгандарга төлөнөт, себеби, социалдык фонд менен түзүлгөн келишим бар. Башка компаниялардан алгандарга төлөнүп берилбейт. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыя алган жарандын банк аркылуу ипотекалык насыя алгандыгын тастыктай турган документи болуусу шарт. Ошол эле убакта пенсиялык топтолмо акчасы 50 миңден ашыкча топтолуусу керек.
— Пенсиялык топтомосу барлар оор дарттын кандай түрү менен ооруганда алышат?
— Ооба, пенсиялык топтоолорун өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурган оор ооруларга чалдыккан жарандар ала алат. Оор оорулардын өзүнүн тизмеси бар, мисалы, кан оорусу, курч мүнөздөгү лейкоз оорусунун түрлөрү, жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу, операцияны талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу барлар алат. Ошондой эле, облитерацияланган эндартериттин күчөп кеткен түрлөрү, апластикалык аз кандуулук, гемофилия, кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги, жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу, Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер менен жабыркагандарга врачтын корутундусунун негизинде берилет.
Мындан сырткары, расмий тартипте жумушсуз деп таанылган жарандарга иш тапканга чейин, үч айлык жөлөк пул катары топтолгон акчасынан белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүндө төлөнүп берилет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, пенсияга чыккан, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар жарандарга пенсияга чыккандан кийин төлөнүп берилет.
— Ош шаардык Социалдык фонд башкармалыгы аркылуу быйылкы жылы канча адамга пенсиялык топтомо каражаты төлөнүп берилди?
— Ош шаардык Социалдык фонд башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 1-октябрына карата Ош шаардык Социалдык фонд башкармалыгынын пенсияны топтоо бөлүгүнө топтолгон акча каражатын алууга укугу бар 1636 жаранга 8 млн 981 миң 111 сом төлөнүп берилген. Анын ичинен, багуучусунан ажыраган 37 жаран кайрылып, аларга соцфонд башкармалыгынан 1 млн 101 миң 425 сом акча каражаты берилген. Ошондой эле ушул жылдын 1-октябрына карата ипотекалык насыя алып жаткан жана мурдакы ипотекалык насыяларын жабуу максатында камсыздандырылган жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен инвестициялык кирешелерди эске алуу менен, 150 жаранга топтолгон акча каражаттарынан 24 млн 083 миң 234 сом төлөнүп берилген. Ал эми расмий тартипте жумушсуз деп таанылган төрт жаранга калктын жашоо минимуму өлчөмүндө үч айга жалпы суммасы 70 миң 400 сом жөлөк пул катары каражат чегерилген.
Гүлбара Мамазияева