![Туу кандай болуп өзгөргөнү жатат? Туу кандай болуп өзгөргөнү жатат?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/cd05d174-2b21-45f9-83e2-57a651fc085f.jpg)
Буга чейин ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке алып чыгышкан. Демилгечилер туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү: “күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылат”, — деп түшүндүрүштү. Мындан кийин коомчулукта бул демилгени колдогондор менен каршы чыккандардын ортосунда талкуу күчөдү. Ал арада президент Садыр Жапаров да тууга өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоду.
«Көзөмөлдүн жоктугунан туу өзгөрүп калган»
![Туу кандай болуп өзгөргөнү жатат?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/55cc967e-5a26-4190-a128-c8fce3c923fa-2-1024x663.jpg)
Коомдогу талкуулар 24-октябрда төрага Н.Шакиев мамлекеттик туунун авторлору Жусуп Матаев, Бекбосун Жайчыбековдор менен жолуккандан кийин күчөдү. ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, анда төрага туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүү керектигин айткан. Ал эми туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчибеков тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан, туунун баштапкы элементтери өзгөрүп кеткен учурлар арбын экенин белгилеген. Маалыматта ошондой эле ал алгачкы вариантын кайрадан карап чыгып, концепциясын сактоо менен айрым элементтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы эместигин билдиргени айтылган.
Парламенттеги кызуу талкуу
Бул жолугушуудан кийин Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында айрым депутаттар мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушун сынга алышты. Айрыкча, депутат Мирлан Самыйкожо желекти өзгөртүүгө катуу каршы экенин, ал эле эмес көпчүлүк эл да каршы экенин айтып, 30 жылдан берки мамлекеттик символду өзгөртүүгө зарылчылык жоктугун белгиледи.
![Туу кандай болуп өзгөргөнү жатат?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/93b8edbd-2b29-41de-8a2b-98ba3f64d196-1024x554.jpg)
Эл өкүлү башка орчундуу иштер турганда парламент туу менен алектенсе, «эртең эл кечирбейт», — деди. Ал эми төрага Нурланбек Шакиев Самыйкожонун сөзүнө жооп берип, туу толук өзгөрбөй, эч кандай жаңы элементтер болбой турганын айтты.
![Туу кандай болуп өзгөргөнү жатат?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/photo_5786030816067956866_w-1-1024x721.jpg)
“Кечээ туунун авторлору менен жолукканда өздөрү дагы “биз баштагы тууну тааныбай калдык, мындай эмес болчу” деп айтып жатат. Түндүктүн кандай турганын өзүңүз көрүңүз азыр. Таптакыр башкача. Ошону биз баштапкы калыбына түздөп алып келип коёлу деген эле максат”, — деди Шакиев.
Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгеси учурда кызуу талкуу жаратып жатат. Интернетте: “Мен Кыргыз Республикасынын жаранымын! Мен туунун өзгөрүшүнө каршымын!” деген флешмоб уюштурган жарандар бул демилгени артка кайтара алабы деген суроо туулду. Анткени тууга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү Президент да колдоп кетти.
Туу боюнча президент да өз пикирин билдирди
![Туу кандай болуп өзгөргөнү жатат?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/00fef829-7d73-4a6d-b731-9a95e4fe4254.jpg)
Ал арада президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, тууну өзгөртүү боюнча өз пикирин билдирди:
«Негизи мен бул идеяны колдоймун. Буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекетибиз өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама болуп келатат деген пикирлер арбын айтылып келген. Ачык эле айтып коёюн, алардын алгачкы сунуштаган варианты мага да жеткире иштелип чыкпагандай сезилген, күн нурлары тикенектей болуп көрүнгөн. Кечээ адистер менен кеңешип, кайра оңдоп чыгышыптыр. Бул вариантында мамлекеттик желегибиздеги күн нурлары эми чындап окшошуптур. Эми ушул вариант кудай буюруп кабыл алыныпкалса, күн карама болбойбуз, мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот», — деди Президент.
Туунун түпкү нускасы чындап эле өзгөргөнбү?
Журналисттер туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчибековдон интервью алышты. Анда ал тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан туунун баштапкы элементтери өзгөрүп кеткенин белгилеп, 30 жылда туунун кайсы элементтери өзгөрүүгө учураганына токтолду.
“Бизде алгачкы эскиздер толук сакталбаганы менен, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкуловдун жеке архивинде бар экен. Аны карасак, чындыгында күн нуру күн карамага деле окшобойт. Кадимкидей эле нурлары чачырап, кыймылдап тургандай көрүнөт. А кийин чынында эле улам өзгөрүүгө учурап келди. Маселен, туудагы түндүк такыр эле тескери айланып калды, күндүн нурлары жоонойгон учурлар да бар, а кээ бир жерде күндүн нурлары улам кыйшайып отуруп, нагыз эле күн карама болуп калган. Принциптүү өзгөрбөгөнү менен акырындап ушул абалга жетти. Биз буга чейин эле ушул маселе менен Жогорку Кеңешке далай ирет кайрылганбыз. “Ой, туу бузулуп жатат, биз көзөмөл болуп берели” деп. Бирок убада берилгени менен, эч ким көңүл бурган жок. Жадагалса биз али күнгө чейин автор катары документ да ала элекпиз”, — деген туунун автору.
Б.Жайчибеков эскизде туудагы күн нуру бир аз түзөлөрүн, бирок, буга чейин Шакиев менен Примов сунуштагандай да болбой турганын айтты:
![Туу кандай болуп өзгөргөнү жатат?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/69a626f8-65ad-484c-af96-b6c819e16d1e-1-1024x575.jpg)
“Өткөн айдагы туунун үлгүсү катары эң начар вариант тандап алыныптыр. Мен Жогорку Кеңешке кечээ барганда да “бул таптакыр күн нуруна окшобой эле тикенек болуп калыптыр, болбойт” деп айттым. Анан бир аз жумшартып көргүлө деди. Биз туудагы күн нурларынын жалынынын иймектерин гана бир аз түзөтүшүбүз мүмкүн. Анан биз аз узартышыбыз мүмкүн. Бирок баштапкы калып бузулбайт. Тууну кабыл алгандардын бири Медеткан Шеримкулов да биз менен бирге кеңешип, иштемей болду”, — деди Б.Жайчибеков.
Ошентип авторлор 10 күн аралыгында туунун элементтерине тактоо киргизүү маселесин биргелешип кароо менен так вариантын көрсөтүшө турган болууда.
Символикаларды өзгөртүү – өнүгүүнүн өбөлгөсү десе болобу?
![Туу кандай болуп өзгөргөнү жатат?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/99ccb81a-c617-41be-a2e8-68356abe1991-1.jpg)
Негизги тууну өзгөртүү демилгеси азыр эле чыга калган жок. Буга чейин мамлекеттик символикаларды өзгөртүү керектиги анда-санда чыгып калчу. Мисалы, гимнди өзгөртүү боюнча да талкуулар жүрүп отуруп, акыры 2012- жылы 70тен ашык депутаттын колдоосу менен экинчи куплети толугу менен кыскартылган. Ага негизинен “бейкуттук” деген сөз терс мааниге ээ деген пикир себеп болгон. Комиссия мүчөлөрү “кут” деген сөздүн алдына “бей” деген жалгама келгенде “кут” сөзү тескери маанини берип калат деген жыйынтыкка келишкен эле. Ошондо депутаттык комиссия гимнди өзгөрткөн соң, тууга коомдук талкуудан кийин кайрылып келмей болгон. Бирок, ал маалда колдоо тапкан эмес.
Кыргыз туусу эмнени билдирет?
Кыргызстандын кызыл түстөгү мамлекеттик туусунун ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдөгү кырк нурлуу күн түшүрүлгөн. Анын ичинде кызыл түстөгү кыргыз боз үйүнүн түндүгү тартылган. Желектин кызыл түсү эрдикти жана тайманбастыктын символу катары тандалган. Ал эми түндүк – үйдүн кутунун символу, күндүн кырк нуру кыргыздын кырк уруусунун Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков. Туу легендарлуу парламенттин депутаттары тарабынан 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган.
А.Каракозуев