![Араванда кышка даярдык кандай? Араванда кышка даярдык кандай?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/aravan.jpg)
Араванда кышка карата алдын ала даярдык көрүү үчүн жай айында эле райондук масштабда, айыл өкмөттөрдүн аймагында штабдар уюштурулуп, атайын комиссия түзүлгөн болчу. Биз жакында райондун акими Сейтек Кулубаевге жолугуп, аны менен мекеме-уюмдарды, калкты көмүр менен камсыздоо жана электр жарыгы менен камсыздоо, жол тейлөө ишканаларынынкыш мезгилине карата жүргүзгөн даярдыктары тууралуу маектешип кайтканбыз.
![Араванда кышка даярдык кандай?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/41dc17d4-c642-43d5-9029-e93938764ef5.jpg)
— Алдын ала эсептөөлөргө караганда район боюнча алганда мекеме-уюмдар жана калктын жалпы керектөөлөрү үчүн 21 106 тонна көмүр керектелет. Анын ичинен мекеме-уюмдар үчүн керектелүүчү көмүр толугу менен тартылып алынды.
Өткөн жылы кеткен айрым кемчиликтерди эске алуу менен райондун аймагында жайгашкан социалдык мекемелеринин 106 от казандарына сапаттуу ремонт жасалып, сыноодон өткөрүлгөн. Кооптуу деп эсептелген Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү Абдыкалык, Базарбай, Чек-Абад айыл өкмөтүндөгү Т.Исмаилов, Улукбек, С.Юсупова айыл өкмөтүндөгү Манас, Төбө-Коргон айыл өкмөтүндөгү Бостон орто мектептердин от казандары жаңыланып, айрымдары капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Суу түтүктөрү алмаштырылды.
Азыркы учурда калк үчүн көмүр тартуу жумуштары жүргүзүлүп, 8 айыл өкмөттүн бешөөндө туруктуу социалдык база уюштурулду. Базаларда 1 тонна көмүр 5000-5500 сомдон сатылат. Мындан сырткары, жеке ишкерлер тарабынан 9 көмүр сатуучу база иштеп жатат. Алар калкка Сары-Могол жана Бел-Алма кенинен чыккан көмүрдүн тоннасын 6500-7500 сомдон сатып жатышат. Мындай пункттардан дагы жетөөнү ачууну пландап жатабыз. Бул жерде баанын кескин кымбаттап кетпөөсүнө көзөмөл коюлат.
Быйыл райондогу мекеме-ишканаларынын ичинен 5 имарат альтернативдик жылытуу системасына өткөрүлдү. “Ош жылуулук” ишканасынын Араван районундагы филиалы С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылында жайгашкан 12 көп кабаттуу үйдү жылуулук менен камсыздайт. Бул ишкана сезондо 300 тонна көмүр керектейт. Алардын тендери кечирээк өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу анын кампасына азыркы учурда 120 тонна көмүр түшүрүлгөн. Калганы жакын арада ташылып келинет. Бул жерде белгилеп өтүүчү жагдай, ушул көп кабаттуу үйлөрдүн 5 үйдүн жашоочулары эскирген суу түтүктөрүн жана ага керектүү тетиктерин алмаштыруу үчүн өздөрүнүн каражаттары менен жаңыларын сатып алышты. Аны “Ош жылуулук” ишканасынын Араван районундагы филиалы суук түшкөнгө чейин алмаштырып бермекчи.
Райондун аймагында электр энергиясын үнөмдөө боюнча жер-жерлерде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Райондук электр тармагынын техникалык жоготуулары өткөн жылы 12 пайыз болсо, быйыл бул көрсөткүч 10,5, дебитордук карызы 0,2 пайызга түштү.
Кыш энергетиктер үчүн да чоң сыноо эмеспи. Бул жагдайдан алганда райондук электр тармагы запастык бөлүктөрү менен кошо 3 көмөкчү чордон, 3 атайын техника жана манипулятор менен камсыз болду.
Өздөрүнүн карамагындагы көмөкчү чордондордун ремонтун сапаттуу жүргүзүүгө, айрым участоктордогу зым чубалгыларды жаңыларына алмаштыруууга жетишишти. Мекеме райондун аймагындагы 8 жаңы конуштарына пландоо жумуштарын жүргүздү.
Жаңы темир-бетон зым карагайларды орнотуп, ага керектүү чубалгыларды тартып чыгышты. Быйыл мекеменин жетекчисинин бизге берген маалыматына караганда алар кышка карата алдын-ала даярдыктар менен келди.
Биздин райондун аймагындагы жолду “Кыргыз Автожол” мамлекеттик ишканасынын Оштогу филалынын №44-жол тейлөө ишканасы тейлейт. Карамагында 232,4 км. жол бар. Анын 94 чакырымы мамлекеттик, 138,2 км. жергиликтүү маанидеги жолдор. Жолдун 3561 чарчы метр аянты жамап-түзөөдөн өткөрүлдү. Быйыл Араван–Маңгыт–Октябрь жолундагы 3 км аралыкка асфальт төшөлдү. Ош-Араван–Чек-Абад автожолунун 11-25-чакырымында жол чийиндиси жасалды. Ошондой эле кыймыл көп болгон Ош–Араван жолунун 5 чакырымында жайгашкан Бирлешкен айылына бурулган жайга 985 миң сомдук светофор орнотулду.
Жол жашоонун кан тамыры. Анын башчысы Абдырахман Алибаев баштаган бул ишкананын чакан жамааты кышка карата азыртан тартып даярдыккөрүп жатат. Ноокат-Араван-Төбө-Коргон жолундагы 30-31-чакырымдагы жана Гүлбаар айылындагы кооптуу участоктун четтерин тазалап койгон, жакында ал жерге шлак жеткирилет.
Кооптуу жолубуздун бири-ашар ыкмасы менен бүткөрүлгөн Араван-Төө-Моюн жолу. Бул жол шагыл жол болсо да райондун экономикасы жана элдин карым-катнашы эли үчүн чоң маниге ээ. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн жашоочулары Араванга келиш үчүн аралыгы 120 км. болгон Пахтачы- Караван-Ноокат-Ош-Араван жолун айланып келгенге аргасыз болгондуктан, бул жолду карап турууга олуттуу маани берилет. Ишкананын атайын техникалары менен жол тегизделди.
Ишкана үчүн кышкы сезондо 120 тонна шлак, 25 тонна туз керектелсе, бүгүнкү күнү 10 тонна туз ташылып келинип, 40 тонна шлак даярдалды. Калганы дагы тартылып алынат. Кышкы сезондо кум аралашкан шлакты чачуу кол күчү менен жүргүзүлгөндүктөн, ишкананын жол тейлөөчү атайын техникалары, жүк ташуучу автомашиналары ремонттон өткөрүлүп, техникалык кароого даярдалып жатат.
Жазып алган: Төлөнбай Абдыразаков