![Месси сегизинчи "Алтын тобун" алды. Айтана Бонмати аялдар арасындагы "Алтын топко" татыктуу болду Месси сегизинчи "Алтын тобун" алды. Айтана Бонмати аялдар арасындагы "Алтын топко" татыктуу болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/ab0f5026-8240-4d31-816f-c3594f56fd2f.jpg)
30-октябрь күнү түнү Франциянын Париж шаарындагы «Шатле» театрында «Франц Футбол» журналы кезектеги «Алтын топту» тапшыруу аземин өткөрдү. 2022-2023-жылкы сезондогу жетишкендиктери үчүн эркектер арасындагы «Алтын топко» Лионель Месси татыктуу деп табылса, аялдар арасындагы «Алтын топ» Айтана Бонматиге берилди.
![Месси сегизинчи "Алтын тобун" алды. Айтана Бонмати аялдар арасындагы "Алтын топко" татыктуу болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/1d0c0896-2480-4a4b-9965-0acc3574a4f4.jpg)
Лионель Месси ушуну менен сегизинчи жолу «Алтын топ» сыйлыгына ээ болуп, бул сыйлыкка татыктуу болгондордун арасында рекорд жаратты. Месси учурда америкалык «Интер Майами» клубунун оюнчусу, ага чейин Франциянын «Пари Сен-Жермен», «Барселона» клубдарында ойногон.
![Месси сегизинчи "Алтын тобун" алды. Айтана Бонмати аялдар арасындагы "Алтын топко" татыктуу болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/f69db85fd8ec888c6fc5068e7e5fed5e-quality_70xresize_1xallow_enlarge_0xw_700xh_700.jpg)
Айтана Бонмати учурда «Барселонанын» аялдар клубунун оюнчусу. Ушуну менен аялдар арасындагы «Алтын топту» үч жыл катары менен «Барселонанын» аялдар командасынын оюнчулары алууда. 2021- жылы жана 2022-жылы аялдар арасындагы «Алтын топ» сыйлыгын Алексия Путельяс алган. Ал да «Барселонанын» аялдар командасынын оюнчусу болуп эсептелет.
Эркектер арасындагы «Алтын топ» сыйлыгына быйыл ондогон футболчулар көрсөтүлгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Лионель Месси биринчи, Эрлинг Холанд экинчи, Килиан Мбаппе үчүнчү орунду ээлеген.
![Месси сегизинчи "Алтын тобун" алды. Айтана Бонмати аялдар арасындагы "Алтын топко" татыктуу болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/1e71dbf8-361e-4d6a-bd47-3afc61a0b7c7-1024x1024.jpg)
Аталган иш-чарада «Алтын топтон» сырткары, бир катар беделдүү сыйлыктар да тапшырылды. «Реал Мадриддин» жарым коргоочусу Жуд Беллингем «Алтын бала» сыйлыгына татыктуу болуп, 2022-2023-жылыкы сезондогу эң мыкты жаш футболчу аталды.
![Месси сегизинчи "Алтын тобун" алды. Айтана Бонмати аялдар арасындагы "Алтын топко" татыктуу болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/69895a57-c08e-4cfe-9dd3-5b282531a996-1024x1024.jpg)
«Астон Вилла» клубунун жана Аргентина курама командасынын дарбазачысы Эмилиано Мартинес Лев Яшин атындагы сыйлыкка ээ болуп, 2022-2023-жылкы сезондогу эң мыкты дарбачы наамына татыктуу деп табылды.
![Месси сегизинчи "Алтын тобун" алды. Айтана Бонмати аялдар арасындагы "Алтын топко" татыктуу болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/45ee970f-3e68-4922-9314-950ca3a50d29-1024x1024.jpg)
«Манчестер Сити» жана Норвегия курамасынын оюнчусу Эрлинг Холандга Герд Мюллер атындагы сыйлык берилип, 2022-2023-жылкы сезондогу эң мыкты чабуулчу деп табылды.
![Месси сегизинчи "Алтын тобун" алды. Айтана Бонмати аялдар арасындагы "Алтын топко" татыктуу болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/075a7ebd-001f-4700-a8c4-9008560307f0-1024x1024.jpg)
«Манчестер Сити» 2022-2023-жылкы сезондогу «Эң мыкты» клуб аталса, кыз-келиндер арасындагы «Эң мыкты» клуб деп «Барселонанын» аялдар клубу аталды.
![Месси сегизинчи "Алтын тобун" алды. Айтана Бонмати аялдар арасындагы "Алтын топко" татыктуу болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/10/6a9eff05-b56b-4496-9763-f505160c46d7-819x1024.jpg)