![Руслан Жумабаевди кумир туткан комузчу Руслан Жумабаевди кумир туткан комузчу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/ae110077-1ba7-447b-a885-6997871bf14b.jpg)
Кыргыз жүрөгүнөн түнөк тапкан күүлөрдү чертип өзгөчө чеберчилиги менен калктын калың катмарына сиңген, эл сүймөнчүлүгүнө айланган таланттарды таптаган Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдан билим алып, өнөр үйрөнүп талантын таптап, шык жөндөмүнө жараша устаттарынын жардамы менен өнөрлөрүн өстүрүшөт өнөр ээлери. Аталган окуу жайдан билим алып, мугалим болуп иштеп, жаштарды таптаган Бегмат Омурзаковду кепке тарттык.
— Бегмат агай, өнөр атадан балага калат дешет, Сизге комузчулук өнөр кимден калды?
— Сөз башынан болсун. Мен Баткен облусунун Лейлек районундагы мурдагы Маргун, азыркы Мурас айылында музыканттардын үй-бүлөсүндө туулуп өстүм. Атам Саттаров Омурзак музыка мугалими. КР Жазуучулар Союзунун мүчөсү, ыр жазат. Обончу Мавляноватамдынкөптөгөн ырларына обон жазган. Аткаруучулар ырларын ырдап жүрүшөт. Бир туугандарым, кыскасы баарыбыз ырдайбыз, комуз чертебиз. Атадан келе жаткан өнөр десем болот. Мектепте окуп жүргөндө эле райондук, облустук, республикалык сынактарга катышып 1-2-орундарды алганбыз.
— Бир нече сынактын жеңүүчүсү кантип мугалим болуп калды?
— Орто мектепти аяктаган соң, курулушчу болуп ар кайсы жумуштарда иштеп калдым. Ошондой күндөрдүн биринде айылдыктар чакырып калды. Лейлекке Президент келет экен деп чакырышты. Ошол кездеги КР Президенти К.Бакиев Лейлек районуна иш сапары менен барды. Мен райондук иш-чарага катыштым. Кечинде сый тамак учурунда Жеңижоктун “Көксулуу” , “Балам жок” аттуу ырларын комуздун коштоосунда ырдадым. К. Бакиев “окуйсуңбу же иштейсиңби?”- деп сурап калды. Окубайм дедим. Мага белек берди. Кийинки жылы атама телефон чалуулар болуп, мени окууга чакырышты. Ошентип, Ош шаарындагы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окуп калдым. Райкан Полотова эжекеге туш болдум. Комуз боюнча сабак берип, менин устатым болуп калды. Мурда комузда бир топ күүлөрдү чертчүмүн, бирок, чертүүнүн ыкмаларын, усулдарын эжеке мага тереңдеп үйрөттү.
![Руслан Жумабаевди кумир туткан комузчу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/9d554c23-1608-4a75-9aa0-27a535b2a136-766x1024.jpg)
Ошондой эле көптөгөн классикага айланган күүлөрдү үйрөндүм. Окуп жүрүп эле Ош шаардык, облустук иш-чараларга катыштым. Ош шаарында “Токтогулдан тогуз кайрык”, “Ош шаарын даңктоо” аттуу сынактарга катышып 2-орунду жеңип алдым. 4-курстан Бишкектеги К.Молдобасанов атындагы консерваторияга которулуп, 3-курстан кабыл алышты. Ошол жерден элге таанымал комузчуларга туш болуп, дагы терендеп комуз чертүүнү үйрөндүм.
Бала кезден кумир туткан белгилүү комузчу Руслан Жумабаев агайга туш келдим. Ал комузчунун “Эрке сары” күүсүн чертип бердим. Анан мени кабыл алды. Учурдагы залкар комузчулар Закирбек Дүйшөнбек уулу менден жогорку курста окучу. Ринат Маматалиев, Улук Эркалиев менен группалаш болуп калдым. Тагдыр мага чоң комузчуларды туш кылганга ыраазымын. Мен да алар менен тең ата комуз чертип канчалаган чоң күүлөрдү чертүүнү үйрөндүм. Чоң мааракелерде ошол күүлөрдү чертип жүрөм. Студент кезимде Самара Токтакунованын 70 жылдык мааракесинде сынактын жеңүүчүсү болдум. Окуу менен ишти айкалыштырып, Бишкек шаарындагы №3-музыкалык мектепте, Бишкек шаардык эл аспаптар ансамблинде иштедим.
2017-жылдан бери Ниязалы Борошов атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайында мугалимдик кесипти аркалоо менен Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын алдында түзүлгөн Б.Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестринде, Ош шаардык маданият үйүндө эмгектенем.
— Улуу комузчулардын кимисинин күүлөрүнө басым жасайсыз?
— Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Ниязалынын, Атай Огонбаев, Нурак Аб- дырахманов, Руслан Жумабаведин күүлөрүн чертип жүрөм.
— Устаттан шакирт өтөт демекчи сизден өнөр үйрөнгөн шакирттериңиз көппү?
— Төкмө акын Идирис Айитбаев комуз чертүүнү менден үйрөнүп, ага устат, шакирттерим менен көптөгөн сынактарга катышып жүрөм. Эгемендүүлүк күнүнө карата “Ата-Журтум алтын туурум” аттуу сынакта, Абдыраимов Эрбол 1-орунду алды. Ушундай шакирттерим менен сыймыктанам. Ошто өткөн “Салттуу музыка” жумалыгына катышып, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйландым. К. Орозовдун 140 жылдыгына карата өткөрүлгөн сынакта 2-орун ыйгарылса, окуучулар менен 1-2- орунду алууга жетиштик. Нарында өткөн Ормон хандын 200 жылдыгына карата өткөрүлгөн сынакка катышып 2-орунду алууга жетиштик. Шакирт чыгаруу үчүн көптөгөн изденүүлөрдү, аракеттерди талап кылат.
Азыр комузду сүйгөн, кызыккан, көптөгөн жаштардын болгону бизди сүйүндүрөт. Аталган окуу жайда комузга кызыккан жаштарга комуз чертүүнүн ыкмаларын үйрөтүп, алар чоң күүлөрдү чертип жатышат. Баса, түрк улутундагы Зебо Абдилахат кызы комуз үйрөнүп, күүлөрдү чертип калды. Испаниялык Абдилахан кызы деген волонтер кыз атайын мени издеп келип комуз чертүүнү үйрөнүп мекенине кетти.
Бегматтын шакирти
Келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттуу комузчулардын жолун улап келе жаткан жаштарыбыз арбын. Алардын бири Эрбол Абдыраимов. Ал тогуз жашынан комуз чертүүгө кызыгып, черте баштаган. Чоң атасы комузга кызыккан небересинин туулган күнүндо комуз сатып берет. Баласынын кызыгуусун байкаган апасы Кумүшай колдон жетелеп, “Келечек” балдар чыгармачылык борборуна алып барып комуз классына тапшырат. Ошол жерден Нургазы Зулпукаровдон комуз чертүүнүн сырларын үйрөнүп, чоң күүлөрдү чертүүгө жетишет. Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы мектепте окуп жаткан кезинде эле шаарда өткөн ар кандай иш-чараларга катышып, байгелүү орундарды алып жүргөн. 2021-жылы Ысык-Көлдө өткөн “ Мен Кыргызстандык болгонума сыймыктанам” аттуу сынакта биринчи орунду алса, ушундай эле аталыштагы Бишкекте өткөн сынакта гран-при алууга жетишти.
![Руслан Жумабаевди кумир туткан комузчу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/58589434-a825-42d6-87bf-d3fbf0509014-766x1024.jpg)
Учурда Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик окуу жайда окуп жатат. Агайы Бегмат Омурзаковдон чоң комузчулар Нурак Абдырахмановдун “Соң-Көл баяны”, “Үркүн”, “Атиллахан” аттуу жана башка күүлөрдү үйрөнүп жатканына сыймыктанат. Балалык байоо сезимдерин ойготкон үч кыл комуз, чертилген күүлөр аны арбап алгандай. Шаарда туулуп, орус тилдүү мектепте окуса да анын комуз чертүүгө болгон кызыгуусу артып, тереңден билип, билим алып, залкар комузчулардын күүлөрүн чертип эл батасын алып, чоң комузчулардын классикага айланган күүлөрүн элге жеткирүүгө далалат кылган Эрболдун аракети чоң. Убактысынын көбүн күү үйрөнүүгө арнайт. Келечекте белгилүү комузчулардын катарын толуктайт деген үмүттөбүз.
Д.Жусупбекова