Жороева Гүлжамал Актаевна Өзгөн райондук «Өзгөн Нуру» гезитинде кабарчы болуп иштеп жүргөндө эле Ош облустук «Ош жаңырыгы» гезити менен тыгыз байланышта иштегени эсимде. 2006-жылы республикалык «Кыргыз Туусу» гезитинин түштүк аймагы боюнча кабарчысы болуп иштеп, биздин редакциябызда да саясий баяндамачы кызматын кошо алып барды. Редакциялык жамаатыбызга саясий жактан кыраакы экендиги байкалып, ыкчам аналитикалык материалдарды байма-бай жазып турду.
Кийинчерээк Ош облустук мамлекеттик администрациясынын губернаторунун басма сөз катчысы кызматын аркалады. 2009-жылдын декабрь айында «Ош Жаңырыгы» гезитибиздин башкы редактору болуп дайындалды. Албетте,
жамаатыбызга жат эмес эле. Андыктан, бат эле гезитти реформалоо иштерин колго алды. Жамаатыбыз да редактордун бул демилгесин колдоп, кубаттадык. Ал кезде гезит 1800-2000 нуска менен түзсүз чыгып келген. Башкы редактордун уюштуруучулук, чыгармачылык, менеджерлик жөндөмү менен түстүү форматта 5000 нуска менен чыга баштаганын баса белгилеп кетким келет.
Гезиттин ички жасалгасы, мазмуну алда канча сапаттуу чыга баштаганы коомчулуктун да кызыгуусун арттырып, коммерциялык багыттагы материалдар да байма — бай чыга баштаган эле. Натыйжада редакциянын каржы булактары көбөйүп, чарбалык, материалдык каражаттарга оң таасирин тийгизген.
2010-жылдын июнь айында каргашалуу Ош окуясы башталган оор күндөрдө да редакциялык жамаат өз учурунда хронологиялык маалыматтарды коомчулукка чагылдырып турган. Албетте, жогорудагы изги иштери менен Гүлжамал Жороева — чыгармачыл, реформатор жетекчи катары кыска мөөнөттө өзүн тааныта алган.
Гезитибиздин дал азыркыдай түстүү өң менен 5000 нускадан ашык жана заманбап дизайнда чыгуусуна Гүлжамал Жороеванын салымы чоң. «Ош Жаңырыгы» гезитинин сыймыктуу редакторлору: Асылкан Бөрүбаев, Сооронбай Жусуев агайларыбыз түптөгөн куттуу жайда айымдардан эң алгач Гүлжамал Жороеванын редактор болгондугу да факт. Демек, кыргыз журналистикасында өз орду, изи бар журналист.
Учурда КРнын Жогорку Кеңешинде үзүрлүү эмгектенүүдө. Арыбаңыз!
Бетти даярдаган: А.Матиева