![Бишкекте өтүүчү Эл аралык кинофестивалдын биринчи конок өлкөсү – Туркия болду Бишкекте өтүүчү Эл аралык кинофестивалдын биринчи конок өлкөсү – Туркия болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/dc27acb9-bfac-401e-b100-756a983adaf9.jpg)
Бишкекте өтүүчү Эл аралык кинофестивалдын биринчи конок өлкөсү – Туркия. Фестивалдын алкагында Түрк киносу жумалыгы уюштурулат жана белгилүү актриса Түркан Шорай фестивалдын ардактуу коногу болот. Ал Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повести боюнча 1977-жылы Түркияда тартылган “Селви бойлум ал язмалым” тасмасында башкы каармандын ролун ойногон.
Борбор калаа Бишкекте 2023-жылдын 17-ноябрынан 22-ноябрына чейин өтө турган Бишкек эл аралык кинофестивалы Туркиянын Маданият жана туризм министрлигинин, Туркиянын Бишкектеги элчилигинин жана ТИКА уюмунун колдоосу менен уюштурулат. «Жергиликтүү ой-пикир» ассоциациясы (Yerel Düşünce Derneği), КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаменти жана Кыргыз- Түрк “Манас” университети уюштурган фестивалдын алкагында алгачкы конок өлкө катары тандалган Түркияда тартылган тасмалар тартууланат. Аталган жумалык бир катар кызыктуу иш-чаралар менен өткөрүлөт.
![Бишкекте өтүүчү Эл аралык кинофестивалдын биринчи конок өлкөсү – Туркия болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/6af575cd-53ad-4428-a7f9-6329297b87f2-694x1024.jpg)
Биринчи Бишкек Эл аралык кинофестивалынын расмий ачылыш аземи 17-ноябрь күнү Кыргызстандын жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген кино жана басма сөз ишмерлеринин катышгуусу менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында өтөт. Аземде 45 жылдан кийин Кыргызстанга кайра келген белгилүү актриса Түркан Шорайга «Дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн» сыйлык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов тарабынан берилет.
18-ноябрь күнү «Түрк кино жумалыгынын» ачылыш аземи Кыргыз-Түрк Манас Университетинде уюштурулат. Аземде Түркия Республикасы жарыялануусунан бир күн мурун Анкарадагы Чанкая сарайында болгон окуялар чагылдырылган «Акыркы кечки тамак» тасмасы тасманын продюсери Ахмет Селим Тунжер жана бала актриса Азра Аксунун катышуусу менен көрсөтүлөт.
Үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинде кино жана басма сөз ишмерлеринин катышуусу менен фестивалдын ачылыш аземи болот. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилени кино аркылуу жакындатууну көздөгөн фестиваль, кино сүйүүчүлөр үчүн популярдуу тасмаларды, сыйлыкка ээ болгон эмгектери тартуулайт.
Түрк кино жумалыгында белгилүү режиссерлордун сыйлык алган тасмалары менен кошо кино сүйүүчүлөр жактырган популярдуу тасмалар да көрсөтүлөт. Иш-чаранын алкагында “Акыркы кечки тамак”, “Хасандын ишенимдүүлүгү”, “Эфлатун”, “Буудайдын бир даны”, “49”, “Бир чымчым каранфил” жана “Рафадан Тайфа — Галактика тобу” тасмалары акысыз көрсөтүлөт. Кошумчалай кетсек, ар бир тасма көрсөтүлгөндөн кийин актёр/актрисалар, режиссер жана продюсерлер менен көрүүчүлөрдүн жолугушуулары, Түрк киносу боюнча маектер өткөрүлөт.
Түрк кино жумалыгынын дагы бир маанилүү иш-чарасы – түрк дүйнөсүнүн маанилүү инсандарын жана окуяларын анимациялык фильмдерге айландыруу максатында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өткөрүлө турган анимация семинары жана мастер-класстары.
Эл аралык Бишкек кинофестивалы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы “Кыргыз Республикасынын улуттук киноиндустриясын жана кинематографиясын мамлекеттик колдоо программасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын алкагында уюштурулууда.