Кел-кели келип, “Ош жаңырыгы” гезитинин 85 жылдык торколуу мааракесинин салтанатталып жатканы кыргыз басма сөз тарыхындагы эң орчундуу окуялардын бараандуусу экендигин баса белгилеп кетким келет. Жалпы Ош журтчулугунун нарктык, рухтук адеп абийирдин жана социалдык маданий агартуучулук жактан өнүгүп, өсүшүнө ой- булагы болгон бул гезиттин чыгармачыл жалпы жамааты мезгил агымындагы тар жол тайгак кечүүлөрдү баштан кечирип ордолуу Оштун көп тармактуу тарыхын таасын түзүп келе жаткандыгы ырасында эле каармандыкка татырлык иш. Гезит чыга баштаган жылдардан тарта анда иштешкен журналисттердин муундары өздөрүнүн курч калемдери менен миңдеген каармандардын жаркын образдарын жаратып, басма сөздүн беделин түшүрүүгө багытталган каршылыктарга каршы туруп, кызыр жылоосундагы басылманы жаратышканы өзгөчө каармандыкка тете.
Ушул өңүттө өзүм күбө болгон жагдайда кыска сөз кыстара кетейин. 1980-жылы андагы “Ленин жолу” гезитине СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен журналистик иш-практикага келдик. Гезитте башкы редактор болуп иштеген маркум Асылкан Бөрүбаев жаш журналисттерди кабыл алып, өз насаатын айтып бизге ишти тааныштырып, жазган макалаларыбыздын жарыяланышына зор жардам көрсөткөнү эч эстен чыкпайт. Кийин журналисттик дипломдук ишимди “Ленин жолу” гезитинде «Социалисттик мелдештин чагылдырылышы” — деген темада жазганмын. Ал жерде Э.Сыргабаев, Т.Кудайбердиев, Б. Мамасалиев өңдүү тажрыйбасы арткан журналисттердин күн-түн тынбаган түйшүктүү иштери азыр да көз алдымда.
Мезгил учкул экен. Ошол мезгилден бери облустук гезиттин иши менен кабардар болуп бул гезит окурмандардын сүйүктүү окумдуу гезити болгонунуна күбө өтө алам. “Ош жаңырыгы” гезитинин журналисттери өздөрүнүн чыгармачылык потенциалын бир топ бийиктикке көтөрө алды. Гезитте иштеген М.Жуманазаров, Т.Абдыразаков, Б.Ысакова, К.Кыдыралиева сыяктуу кесиптеш журналисттердин изденүү менен иштеп, көйгөй маселелерге көп кайрылышканы гезиттин окумдуулугун арттырып жатканына тарапташмын. Анан кийинки күндөрдө гезитте спорттогу жаңылыктардын байма-бай жарыяланышы, Ош аэропортунун айланасында да орчундуу ойлор айтылган макалалардын үлгүсүндөгү проблемалуу публицистикалар көп болсо деген тилекти айтуу менен 85 жылдык мааракеңер жаны чыгармачылык бийиктиктерге жол ачсын деген каалоомду жолдоймун.
Аскарбек Коңурбаев, Кара-Кулжа райондук “Мезгил үнү” гезитинин башкы редактору