Саясий жана социалдык-экономикалык айдыңдан алып караганда көп улуттуу Ош жергеси өлкөбүздүн тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Бул аймакта өз алдынча басма сөз каражатын түзүү мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу, анын негизинде 1938-жылдын 14-октябрында ошол кездеги Ош облусунун аймагында “Кыргызстан большевиги” гезити уюштурулган. Ал 1940-жылдан баштап, “Ленин жолу” деген аталышта жарык көрө баштаган.
Гезит адеп төптөлгөн күндүн тартып эле өлкөгө ак эмгеги менен астейдил кызмат кылган эмгек алдыңкыларын даңазалап, аларды анда ары шыктанып иштөөсүнө, башкаларды ага теңелүүсүнө өбөлгө болуп келген. Ал өзүнүн алгачкы санынан тартып, окурмандарына облустун аймагындагы жүргүзүлүп жаткан айыл чарба жана өнөр жай, саламаттыкты сактоо, маданият тармактарында болуп жаткан өсүп-өнүгүүлөр, ийгиликтер тууралуу жаңылыктарды тартуулаган. Бул салт кийинки жылдарда андан ары улантылган.
Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде гезиттин беттеринде кан майданда Ата-Мекенди коргоодо эрдик көрсөткөн жердештерибиздин каармандыгы, “Фронт үчүн, жеңиш үчүн” деген девизде күнү-түнү эмгектенген ооруктагылардын талыкпас эмгектери байма-бай чагылдырылып турган. 1945-жылдын 5-майында облус калкын патриоттуулукка тарбиялоодо сиңирген эмгеги үчүн “Ленин жолу” гезити Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.
1978-жылы СССРдин аймагында жарык көргөн облустук гезиттердин арасында социалисттик мелдешти мыкты чагылдыргандыгы үчүн СССР Журналисттер Союзунун чечими менен Ош облустук “Ленин жолу” гезитине “Журналист” журналынын Ардак Диплому ыйгарылган. Сексен беш жылдын ичинде бул гезит нечен-нечен журналисттердин калемин курчутуп, кесиптик чеберчилигин арттырып, түштүк аймактагы болочок калемгерлерди тарбиялай турган мектепке айланган. Канчалаган айылдык кабарчыларды өстүрүп чыгарган.
“Ленин жолунда” бир мезгилде Сооронбай Жусуев, Майрамкан Абылкасымова, Исраил Сулайманов, Камчы Жунусов, Шабданбай Абдыраманов, Таш Мияшов, Кармышак Ташбаев сыяктуу беделдүү акын-жазуучулардын иштеп кеткендиги- гезиттин кадыр-баркын ого бетер бийиктикке көтөрүп турат. Кеп чынынан бузулбайт, бул гезиттин мамлекет, коом алдында сиңирген эмгеги чоң. Калк калыс, тараза, кийинки учурда башкы редактор Каракозуев Асанбек баштаган “Ош жаңырыгы” гезитинин жамаатынын заман талабына жараша алга умтулууга жасаган аракети, өздөрүнүн сайтын ачкандыгы тууралуу жылуу пикирин билдирип жатышат. Кыска мөөнөттүн ичинде кызыктуу материалдардын жарыяланып жаткандыгы, анын жасалгасынын кооздолуп чыккандыгы – бул айтканыбызга далил. Урматтуу кесиптештер, сиздерди 85 жыл- дык мааракеңиздер менен кызуу куттуктап, чыгармачылык бийиктик каалайбыз. Окурмандарыңыздардын саны арта берсин!
Мырзакат Тыналиев, “Кыргыз Туусу” басма сөз үйүнүн директору — Башкы редактор