Гезит уюштуруучу жана насаатчы, кемчилдиктин бетин ачкан, оңолууга багыт берүүчү саясый-коомдук каражат жана курч курал. Жалындуу элге жаккан трибуна, элдик кеңешчи. Ал облустун аймагында болгон чарбалык, маданий, саясый окуяларды, курулуш, транспорт, өнөр жай, саламаттыкты сактоону, билим берүүнү дегеле калктын турмушун көрсөтүп туруучу күзгүсү.
Гезиттеги кичине бир маалым, куш тилиндей жазылган кабар кайып кетчү сөз эмес, колго кармап кайсы убакта болсо да окуй турган басылма. Дегинкиси, өмүр бою архивдик документ катары кызмат өтөйт. Ушундай баалуу басылмада сөздүн куну менен сынын билген, көркөм сөздү көкүрөгүнө түйгөн, ар дайым чыгармачыл турмуштун жаңычыл жагында жүргөн калемгерлер эмгектенишет. Алар ойдун омоктуусун, сөздүн сөөлөттүүсүн таап жазып, элдин жашоо турмушун чагылдырып келишет. Ошондой эле, жаңылыктарга оперативдүү маалыматтарга болгон окурмандардын таламдарын өз учурунда таасирдүү жана жугумдуу канааттандырып, жоопкерчиликтүү журналисттик милдеттерин талыкпай аткарып келишүүдө. Сөз соңунда Ош облустук «Ош Жаңырыгы» гезитинин 85 жылдык маараке майрамы менен куттуктайм. Бүгүнкү күндө көз талытып, көөдөн жаңыртып иштеп жатышкан чыгармачыл жамаатка эргүүлөрдү, ири изденүүчүлүктөрдү каалаймын.
Тургунбү Матмусаева, «Өзгөн нуру» гезитинин редакторунун орун басары