Доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов «Гезит – доордун үнү, мамлекеттик саясатты турмушка ашыруу менен өсүп келе жаткан муундун тарбиясында аны адабиятка жакындаштыруучу улуу дос болуп эсептелет» — деп бекеринен айтпаган. Чындыгында гезитнын коомдогу орду, мында иштеген журналисттердин кызматы өлкөбүздүн келечеги үчүн чоң ролду ойнойт. Учур талабына ылайык интернет айдыңы күчөп турганда, омоктуу орду бар «Ош жаңырыгы» өз ишмердүүлүгүн өжөрлүк менен жүргүзүп жатканы чоң ийгилик.
Албетте, гезит бул гезит. Облустагы болуп жаткан түрдүү жаңылыктарды, чарбалык, өндүрүштүк, социалдык, саясий жана маданий иш-чаралардын жүрүшүн туура-так чагылдырган бул гезитчил журналисттердин эмгегинин түйшүгү оор экенин билебиз. «Ош жаңырыгынын» кабарчылары райондорду жеринен кыдырап, элет элинин жашоо-турмушунан кабар алып, андагы өсүштөрдү, көйгөйлөрдү жазышып, райондогу мамлекеттик болобу, коомдук же жеке менчик, мекеме-уюм, ишканалардын иштерин гезит беттерине чыгарып, окурманга жеткирип жатканы гезит журналисттеринин мыктылыгынан кабар берет. «Ош жаңырыгы» гезитинде сөздүн куну менен сынын билген, көркөм сөздү көкүрөгүнө түйгөн, ар дайым чыгармачыл турмуштун жаңычыл жагында жүргөн журналисттер эмгектенишет. Дегенимдей, биздин Кара-Кулжа районундагы аткарылып жаткан иштерди байма-бай жарыялап, калкка жеткирүүдө тыгыз иштешип келебиз. Сөзүмө далил катары айта турган болсом, өзүңүздөргө белгилүү районубуздун шарты катаал, жолу татаал Алайкуу өрөөнүнүн алыстыгына карабай, гезиттин кабарчысы Назгүл Өмүрзакова аймагыбызды түрө кыдырып, элдин жашоо-шартын, мындагы ийгиликтер менен көйгөйлөрдү өз көзү менен көрүп, гезитке татынакай кылып жарыялап жаткандагы эмгеги албетте, алкышка татыктуу. Ошондуктан коомдо өз орду бар «Ош жаңырыгы» окурмандары менен тыгыз байланышта иш алып баргандыгы буга далил десем болот. «Ош жаңырыгы» учурда заман агымына ылайык, өздөрүнүн сайтын ачып, соцтармактарда баракчаларын активдүү иштетип, калкты маалымат менен сугарууда алдыларына ат салдырбай келе жатышат.
Учурда улуу көчтү улаган редакциянын жамааты «Ош жаңырыгынын» 85 жылдык мааракесин белгилеп жатасыздар. Айтканга оңой, бирок, кылымга тете жолду басуунун өзү чоң жетишкендик катары бааласак болот. Андыктан тарых тамгасын жаратышкан чыгармачыл жамаатты маараке менен куттуктаймын, урматтуу «Ош жаңырыгы» гезитинин жамааты.
Сиздер жараткан үзүрлүү ийгиликтер облус элинин жакшы жашоосуна өз салымын кошо берет деген ишеничтебиз. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздер жеңиштүү, чыгармачылыгыңыздар жемиштүү болсун демекчимин.
Дамир Кулубаев, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким