![Кыйынчылыкты жеңген башкы редактор Кыйынчылыкты жеңген башкы редактор](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/9ec041ae-8bcf-4d46-b860-3c944f7fdcfd.jpg)
Кеп кезеги келгенде “Ош жаңырыгы” гезитинин 2013-жылдан башкы редактору болгон, Маматазим Осмонович Жуманазаров тууралуу айта кетпесек болбос. Ал 1957-жылы Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылында туулган. Маматазим Жуманазаров 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Ал Токтосун Мамбетсариев, Мукай Сасыкулов, Абдибали Камилов сыяктуу белгилүү окутуучулардын колунан билим алган.
Маматазим Жуманазаров эмгек жолун Кара-Кулжа айылындагы Ленин атындагы орто мектепте мугалимдик кесиптен баштаган. Кийин Кара-Кулжа райондук гезитинде бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстан Компартиясынын Совет райондук комитетинде жооптуу кызматкер, райондук мамлекеттик администрациясында бөлүм башчы болуп иштеген. Бул жылдардын аралыгында өз билимин өркүндөтүү максатында Алма-Ата шаарындагы экономика жана менеджмент институтуна кирип, аны 1992-жылы аяктаган. Андан кийин Кара-Кулжа райондук маданият бөлүмүн жети жыл жетектеген. Кийин республикалык “Кыргыз Туусу” гезитинин Түштүк регион боюнча кабарчысы болуп шайланган. Кайрадан Кара-Кулжа районунда кинодирекциясынын башчысы кызматында иштеген. Андан соң, “Ош жанырыгы” гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп эмгектенген.
2013-жылы декабрь айында “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редакторлугуна дайындалгандан. М.Жуманазаров гезит кыйынчылыкка туш болгон учурда башкы редактор болуп иштеп калды. Кызматкерлердин айлык акысы төмөн болуп, командировкага чыгууга каражат жок. Ал гезиттин нускасын көбөйтүүгө басым жасады. Чыгармачылык жамааттын айтуусунда башкы редактор тарабынан аларга изденип иштөө үчүн эркиндик берилген. Облустук гезиттерди өз алдынча уюштуруу боюнча коомчулук тарабынан жасалган көптөгөн кайрылуулардын жана жети облустук гезиттердин башкы редакторлорунун биргелешкен аракеттеринин негизинде 2022-жылы октябрь айында облустук гезиттер медиаборборлордон бөлүнүп чыгып, өз алдынча болгондо Маматазим Жуманазаров “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редакторлугуна кайрадан дайындалып, 2023-жылдын февраль айына чейин иштеген. Азыркы учурда аталган гезитте бөлүм башчы болуп иштеп жатат.
М.Жуманазаровдун көп жылдык эмгеги Кара-Кулжа райондук, Ош облустук мамлекеттик администрациялары жана КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жогору бааланып, Ардак грамоталар менен сыйланган. КРнын Жогорку Кеңешинин аты жазылган кол сааты ыйгарылган. “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы”, “Кыргыз Республикасынын Журналисттер Союзунун мыктысы”, “Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын мыктысы” төш белгилеринин ээси. Жамаат болгондон кийин анын арасында ар түрдүү мүнөздөгү кызматкерлер болот эмеспи. Жетекчи адам жумуш учурунда иштин кызыкчылыгы үчүн кызматкерлерге жумшак, кээде катуу айтасың. Ушул жагынан алганда Маматазим адамгерчиликти биринчи планга коюп жүрдү. Жамааттын ынтымагы үчүн анын ичинде кездешкен айрым кырдаалды сыртка чыгарбай, ишти алып барды. Кудайдын көзү түз болсун “Ош жаңырыгы” гезитинин жамааты ынтымактуу. Ар бири өз ишин жакшы билет. Айтылган тапшырмаларды өз убагында аткарышат.
Жамаат гезиттин 85 жылдык торколуу тоюн жогорку деңгээлде өткөрүүгө улуу-кичүү дебестен, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып чоң даярдык менен келишти. М.Жуманазаров бул иште да өзүнүн билгендерин, кеп-кеңештерин айтуу менен учурда журналистикалык түйшүктүү иште үзүрлүү эмгектенип жаткан учуру.
Т.АБДЫРАЗАКОВ