Мен журналист болуп 40 жыл жашаптырмын. Аны мен кандай жашап өттүм деген суроону өзүмө берип, ушул макаланы жазып жатам. Жетимишке карай кадам таштап жатып, башымдан өткөргөн ысык суук күндөрүмдү эстеп, жан-дүйнөм эс алгандай ыраазы болдум. Айтууга арзырлык эле экен.
Үй-бүлө күтүп, беш баланы тарбиялап, аларды жедирип, ичирип, коомдон өз ордуларын табышына салым коштум. Бешенеме бүткөн сүйүктүү кесибим журналистиканын арабасын тартып коомго өз үлүшүмдү коштум. Баштан кечирген турмушума саресеп салып, журналист болуп эмгектенип күн көрүү абдан оор экенин түшүндүм. Айрыкча, аял киши үчүн эң оор, эң түйшүктүү кесип экен.
Алгачкы эмгек сапарым «Ош жанырыгы» гезитине туура келди. Азыр эстесем журналистиканын эң өнүккөн, эң талап күчөгөн мезгилине туура келген экен. Бишкектен журналисттик бөлүмдү бүтүрүп келип, араң корректор болуп жумушка орноштум. Иш кадимкидей тогузда башталып, гезит чыккан күнү таң аттырган күндөр болду. Жаңы, жашсың, такшаласың дешип элүүдөн ашып калган эжелер бизди көп жумшашчу. Бутум-бутума тийбей, нөөмөтчү редактордун каанасынан гезит даярдалчу цехке тынбай каттачумун. Полосадан бир эле ката кетсе дароо цехке барып, оңдотуп келчүбүз. Анда ар бир тамга коргошундан терилчү.
Азыр болсо нөөмөтчү менен корректор каанада, компюьтерде эле каталарды оңдоп-түзөп коюшат. Ал мезгилде иш татаал болуп, кызматкерлер көбүрөөк иштечү. Гезиттин ашканасы дечүбүз цехти. Каталар ондолуп, редактордун колу коюлгандан кийин басууга берилчү . Гезитти бүтүрөбүз деп таңдын атканын билбей калчубуз. «Мындай ишиңди жыйыштыр» дешчү үйгө келгенимде күйөөм жана кайнатам. Алардын сөзүнөн кутулайын деп көзүмдү жумбай үйдүн иштерин бүтүрүүгө киришчүмүн.
Үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу райондук редакцияда орун болбой, райондук борборлоштурулган китепканада китепканчы, бөлүм башчы, убактылуу директор болуп иштедим. Бир күнү корректорлук орун бошоп калганын угуп директорлук кызматтан корректорлук кызматты артык көрүп, өзүм сүйгөн кесибиме кайттым. Ал жерде кабарчы, бөлүм башчы, редактордун орун басары кызматтарын аркаладым. Коом өнүгөт, өзгөрөт демекчи, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапова агартуу тармагынын өзүнүн гезитин ачууну айтканда ага иштеп берүүгө макул болдум. 25 жылдык өмүрүм мугалимдердин түйшүктүү кесиби аркылуу маалыматтарды элге жеткирүү менен өттү.
Мугалимдерди бекеринен «Мөмөлүү дарак» деп айтышпайт. Жаш жеткинчектерди мектеп партасынан коомго керек инсан катары көзүн ачууда мугалимдердин түгөнбөгөн түйшүктүү мээнеттерин айтып түгөтүү мүмкүн эмес.
Ар бир аймактын, ар бир тармактын өзүнчө тарыхы бар. Менин насибим кошулган агартуу тармагынын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Гүлайым Машрапова эжекенин көрөгөчтүгү, билимдүүлүгү, инсандык жогорку сапаты мени ар дайым суктандырып келди. Жетекчилик кызматты абийирдүү аткаруу ар кимдин эле колунан келе бербейт эмеспи. Мен Социалисттик эмгектин баатырынын кызы, өзү да баатырга тете эмгек жасаган инсан менен иштешкениме сыймыктанамын. Мен сөзүмдүн соңунда журналисттик кесипти аркалап, учурда эмгектенип жаткан кесиптеш инилериме, сиңңдилериме айтар сөзүм бар. Журналист болуп иштөө өтө жооптуу. Биз сөз өнөрү менен иштейбиз. «Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет» демекчи, ар бир сөздү дареги менен айтып, элге пайда алып келгендей иштешибиз керек.
Бүгүнкү күндө баарыбыз журналист болуп алдык. Туурабы, туура эмеспи оюбузга келген сөздү элге таңуулап, “Тик-Ток” ж.б. интернет булактарынан айтылган сөздөргө ишенип, ээрчиме болуп бараткандай. Жашап өткөн тарыхыбыз тастыктаган коомдук уюмдардын органы болуп иштеген гана массалык маалымат каражаттарынын маалыматтары чындык болуп эсептелет. Биздин милдет замандын оош-кыйышын түздөө, ар бир окуяга кыраакы көз караш менен мамиле жасоо, бизден кийинки муундарга акыл эс болуп берүү экенибизди унутпашыбыз керек. Сүйлөп коюу баарыбыздын колубуздан келет. Сөзүбүзгө жооп берээрибиз ар дайым эсибизде болгону жакшы.
Анаркан Орозбаева, журналист, КР Эл агартуусунун мыкты кызматкери.