![Гезитте иштеп, эмгек өтөдү Гезитте иштеп, эмгек өтөдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/f1d42b3007174dd892d60209169a46765pf5c9rxriuw366d-2.jpeg)
Күркүрөгөн күз мезгилинин соңку айында мен облустук «Ош жаңырыгы» гезитине ишке кирип калдым. Анда 2006-жыл эле. Гезиттин дизайнерлик кызматын аркалап, жаңы жамаат менен аралашып кетүү кыйынга турбады. Анткени, гезиттин жооптуу катчысы Абдисатар Султанов агайымдын жагымдуу мамилеси түрткү болду десем болот. Себеби, дизайнер менен жооптуу катчынын кызматы тыгыз байланышта болуп, жооптуу катчынын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү элем.
Агай менен түзмө-түз иштешип, ал чийген макеттерди жасап, гезитти кооздоп тураар элем. Абдисатар Султанов агайымдын жумшактыгы, адамдык сапатынын бийиктиги, иштин көзүн мыкты билген журналист экенин жаамы журт билчү. Агай менен үзөңгүлөш иштеп, бир жамаатта эмгектенгениме сыймыктанам. Анткени, Абдисатар агай кеп-кеңешин аябаган айкөл инсан эле. Журналистиканын сырларын үйрөткөн улуу устатым жөнүндө канча жазсам да аздык кылат. «Улуулуктун өзү жөнөкөйлүктө» демекчи, бул сөз дал ушул Абдисатар Султанов агайыма таандык десем жаңылышпайм. Ар дайым ишке келгенде маанайы жок болсо да, сыр алдырчу эмес. Жадырап, оозунан жакшы сөздөр чыкчу. Ал кезде редакцияда тең-тайлаш кыздар көп иштечүбүз. Абдисатар агайга атабыздай эркелеп, анын жылуу мамилесине муюп турчубуз. Көрсө, ошондо эле, бизге туура иштегенди, жоопкерчиликтүү болууну, сабаттуулукту, сабырдуулукту, деги эле гезиттин күңгөй-тескей жактарын насааттарына аралаштырып айтып, кулагыбызга куюп, бизди келечектеги гезитчил журналист кылууга даяраган тура. Агайым акырын сүйлөчү, бир да үнүнүн өктөм чыкканын укпадым. Абдисатар агайдын чаалыкпай, чымырканып иштегенди, жан үрөгөн эмгекчил сапаттарын үйрөндүк. Чогуу иштеген кесиптеш кыздарга «ачка жүрбөгүлө, чай ичип алгыла» деп чөнтөгүндөгү акыркы тыйынын да аябай берип турчу.
Акча колго тиери менен кудуңдап, шагырап тамактанууга жөнөөр элек. «Билинбегени менен гезиттин бир санын чыгаруунун артында опол тоодой акыл, эмгек, жоопкерчилик, түйшүк жатат. Облустун аймагындагы болгон жаңылыктарды, маектерди, окуяларды тизмектештирип жарыялашкан гезитчил журналситтердин эмгеги баа жеткис болот, унутпагыла» — деп, омоктуу ойлорун айтып турчу жарыктык.
Ал кезде Абдистар Султанов өзү ардактуу эс алуу курагына жеткен болсо да, апасына эркелеген жаш бала эле. Анткенимдин себеби, агайымдын апасы кылымга жакын өмүр сүргөн, ак саамайлуу эне болчу. Ар дайым апасы телефон чалганда жыйында болобу, иштеп аткан учуру болобу баарын токтото салып, «оу апоу» деп, телефонду алаар эле. Апасы менен сүйлөшүп турганда кадимкидей эркелеп, кээде «эртерээк кел бүгүн»- десе, сөзүн жерге таштабай, үйүнө убактыраак жөнөөр эле. Абдисатар агай Кара-Суунун кулуну болчу. Кара-Сууда жашап, шаарга келип иштээр эле. Гезитти кайсыл убакытта чыгарбайлы, айдоочубуз алгач Абдисатар агайды Кара-Сууга таксиге салып келчү. Калып калыңыз дешсе, апам урушат, апам уктабай күтөт деп үйүнө сапар алчу.
Абдисатар Султанов мыкты жолдош, үлгүлүү ата болду. Уул-кыздарын татыктуу тарбиялап, туурларына кондурду. Агай 2008-жылы ардактуу эс алууга аттанып, редакциянын жамаатына сый-тамак уюштуруп, коштошуп кеткен. Ошентсе да, жазмакер жаны Кара-Суу райондук гезитте иштеп, эмгек өтөдү. Бир жылы кесиптик майрамыбызга карата Абдисатар агайым жөнүндө жазганымды гезиттен окуп, мага телефон чалган эле. Агайым ошондо «Ичи-сыртыма батпай сүйүнүп турам, ошончо кыздардын арасынан сен редакциянын камчысын кармап, газетада иштеп калдың. Бардыгын убакыт көрсөтөт, барын таразалайт. Сенин редакцияда калганың биздин эмгектин текке кетпегени. Азаматсың кызым. Мен жөнүндө жазганыңды да окудум, толкундандым. Ушунуңдан жазба»-деп батасын берип, кеп-кеңешин айткан эле.
Агайым чындыгында чыгармачылыктын казанында кайнап, көпчүлүк жаш кадрлардын устаты атанды. Абдисатар агай күчтүү журналист эле эмес, колунан калеми түшпөгөн жазуучу да болчу. Анын калемине таандык бир канча чыгармалары жарык көрдү. Жазуучу агайымдын калеминен жаралган лирикалык чыгармаларынан анын чыныгы сүрөткерлигин, сөздүн кудурет-күчү аркылуу каармандын жан дүйнөсүн, ким бирөөгө болгон ыйык сезимин таасын бере алгандыгы өзгөчө эле. Анан да аңгемелеринде болсо, каармандардын образын жугумдуу, ишенимдүү, турмуштагыдай реалдуу бере билүүдө көркөм чеберчилик менен жазганы, окурмандарды өзүнө тартып турат.
2018-жылы агай редакцияга келип калды. «Ош жаңыгыры» баары бир касиети улук, кызыр даарыган редакция. Келбесем да сагынып, эстеп турам»-деп, жамаатка сый-тамак берип, бир дасторконго топтогон эле. Ошондо агайдын «Көпкө күттүргөн жолугушуу» деген китеби жарыкка чыккан экен. Китебинен бизге автограф жазып тапшырып, маңдай жарыла жамаат менен бака-шака отуруп кайткан эле. Көрсө агайды биздин редакция акыркы ирет көргөн экенбиз. Бейиштик болуңуз агай, ал убакта сыркоолоп жүргөнүн айткан эле. Асылган дартка жеңилип, акка моюн сунганын угуп, кабыргабыз кайышкан эле. «Өткөн күн-тарых» демекчи, агайдын жөнөкөйлүгү, эч качан өзгөрбөгөн бир мүнөздүүлүгү, убадага бектиги, адамдык сапатынын бийиктиги, эмгеги менен өлбөс эстелик тургузуп кеткенин ар дайым эстеп турабыз.
Н.ӨМҮРЗАКОВА