![Нуркамил Абдуллаев: "Мен үчүн чоң мектеп болгон" Нуркамил Абдуллаев: "Мен үчүн чоң мектеп болгон"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/12.jpg)
Журналистикага баш баккан үчүнчү жылы “Билим булагы” газетасынын башкы редактору Сүйүнбай Капаров агайыбыздан уруксат алып, “Ош жаңырыгы” гезитинин астанасын аттадым. Акезде газетанын башкы редактору болуп Мамырайым Дуванаев иштечү. Ниетимди айттым. Баш-аягы бир айча сыноо мөөнөтүндө жүрүп, анан корректор катары ишке кабыл алындым. Кийин кабарчы болдум. Чынын айтсам “Ош жаңырыгы” менин жашоомдо журналист болуп калыптанышымда чоң роль ойноду. Бул жерде мен ой-пикири, жазган стили, тутунган принциби боюнча ар түрдүү кесиптештер менен иштештим. Алардын кеп-кеңешин уктум. Жакшы жактарын өзүмө сиңирдим. Ар бир инсанда болчу анча-мынча кемчиликтерин туура түшүндүм. Редакцияда иштеп жүрүп, жамаат арасынан ага-ини, эже-карындаш, дос таптым. Аздыр-көптүр мында иштеген айлыгым жана калем акы менен жашоо арабасын алга кылдыраттым… Жалпылап айтканда “Ош жаңырыгы” редакциясы мен үчүн журналистиканын да, турмуштун да, жумуштун да чоң мектеби болду. Бүгүн юбилей арапасында ошол күндөргө көз чаптырып,бир сыйра эстөөгө аракет кылдым. “Бир күн даам сызган жериңе, миң күн салам айт” деп айтмакчы, чынын айтайын гезит жана анын “кең талаасында” эмгектенген кесиптештерим туурасында кен-кесири баяндагым келген. Аябай жазгым келген… Бирок заман же адам талабыбы, айтор, тездик менен кыскалык толкунунан улам тартылып бара жаткан шу заманда окурмандардын убактысын алып, зэриктиргим келбеди. Макаланы кыска жаздык. Анда эмесе кеп кезеги менен кетсин.
ООР МЕЗГИЛДЕ ЖҮКТҮ ӨЗ МОЙНУНА АЛГАН
Ырасында ошол эгемендүүлүк колго тийген, өткөөл мезгил өз өктөмүн жүргүзгөн 2000-жылдардын тегерегинде башка мекеме-ишканалар сыяктуу редакциянын финансылык абалы да өтө оор болгон. Кызматкерлерге айлык маяна табуу, редакциянын материалдыктехникалык базасын чындоо, гезитти үзгүлтүксүз чыгаруу үчүн мыкты уюштуруучу-менеджер жетекчи болуусу керек болчу. Азыр ойлоп көрсөм Дуванаев Мамырайым Абдувапович куду ошондой жетекчи катары, оор мезгилде, кыйын жүктү өз мойнуна алып, гезиттин ишин алга жылдырган экен. Ошондой эле ал башкы редактор катары гезиттин үзгүлтүксүз жана мазмундуу чыгуусуна өз салымын кошкон. Анын мындай эмгеги албетте “Мыкты редактор” катары “Ош жаңырыгын” тарыхында жазылып калаарына ишенебиз…
КОТОРМОГО УСТА ЭЛЕ
“Ош жаңырыгынын” астанасын аттаган алгачкы күнү раматылык Токтобай Сулайманов далымды таптап, ишиме ийгилик каалаганы эч эсимден кетпейт. Кызык киши эле, шайыр болчу. Өзү бир топ жашка барып калганы менен жаштардан ашса ашат, бирок кем калбайт эле. Айрыкча, айымдарды тамашага салууда алдына ат салдырбайт болчу. Анекдот менен шахматтын “сазайын” берчү. Орусча материалды көлөмү чоң болгондугуна карабай бир даана тамекисин тартып бүткүчө ашпаш дебей которуп салчу. Мындайча айтканда, өтө ыкчам иштечү. Котормонун устасы эле. Бирок, мага эле ошондой сезилеби, билбеймин, мен үчүн котормо стили ооруураак эле. Алгачкы бир жыл корректор болуп иштегендиктен, а кишинин котормолорун үчүнчү жолу окуганымда араң түшүнчүмүн. Балким мага кечирээк жетсе керек…
КУТТУКТОО ЖАЗГАНДАН КУТКАРЧУ
Биз иштеген мезгилде аксакал журналисттердин катарында Абдисатар Султанов агай да бар болчу. Ыраматылык жакшы инсан эле. Өтө майин, анан сылык киши болчу. Жазган макалаларын эринбей азыркы тил менен айтканда жамааттын дээрлик бардыгы менен “бөлүшчү” (“пикириңди айт” деп ар кимге окуп берчү). Абдисатар агай “Ош жаңырыгынын” журналисттерин жетекчилердин атынан доклад же куттуктоо жазып берүү милдетинен куткарчу. Мындай иштерди ал көз ачып жумганча эле бүткөрүп салчу.
НАРКОЗСУЗ ОПЕРАЦИЯ БОЛГОН АШЫМ АКЕ
Ашым Жанболотов. Оо, бул кишинин тыкандыгына, тазалыгына тан берчүбүз. Костюм-шым, көйнөк, шляпа, галстук, койчу, баарын окшоштуруп, бир түстө кийинчү. Иштин да майын чыгарчу. Үстөлүнүн үстүндө качан кирбе, төрт түрдүү калем саптар, сызгыч, калемдер, кагаздар баары ирети менен тизилип турчу. А кишинин өзүнүн да, үстөлүнүн да жүдөгөнүн такыр көрбөдүм. Чийген макети да Ашым акеге окшоп зыңкыйып турчу. Ырасында Ашым аке өтө эрктүү киши. Бу жалган жашоодо эркек кишинин башында нелер гана өтпөйт. Угушума караганда Ашым аке отуздан өтүп калганда кичине жанагы атың кургур арак менен “дос” боло коёт. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде кырсыкка кабылат. Буту сынып, ооруканага алып барышат. Ал жердеги ак халатчандардын айтымында канчалык түшүндүрүшсө да наркоз алуудан баш тартат. Бирок, операция ийгиликтүү өтөт. Ошол бойдон Ашым аке арак менен коштошот. Азыр ак сакалы жайкалган, эртели кеч мечитке каттаган, такыба киши болуп калса керек, анча убакыттан бери көрүшө элекпиз.
БЕТТЕГЕНИН БЕРБЕГЕН БЕТКЕ ЧАБАР ЭЖЕ
Канымжан Кыдыралиева да мыкты журналист. Беттегенин бербеген өжөр эже. Анан маселени сылап-сыйпап, антип-минтип отурбай ток этерине токтолгон сапаты жагат. Өзүнүн ой-пикири, принциби бар. Анысынан кайтпайт эле. Анан ким болбосун кемчилик кетирсе, артынан кеп кылбай бетине айтат. Арттан сүйлөгөндөн көрө бул эң жакшы нерсе.
“ПАПАСЫНЫН КЫЗЫ ”
Кыз бала жаратылышынан атасына жакын болот турбайбы. Муну биз эми ата болгондо гана түшүнүп жатабыз. Дегеним, ошол кездери Аравандан чыккан аттуу баштууларды, эмгек баатырларын, буга кошумча элибизден асманга аттанган алгачкы космонавт Салижан Шарипов туурасында макалалары менен гезиттин кызыктуу чыгуусуна өз салымын кошкон Динара Жусупбекова ар дайым атасын эскерип турчу. “Папам минткен эле. Папам бизге үйрөткөн” — деп көп айтчу. Көрсө, Динара эжекенин атасы жетекчилик кызматтарда иштеп, шартка жараша эжекебиз да орус тилдүү бала-бакчанын таасиринен улам, атасын “папа” деп үйрөнүп калган экен. Кантсе да папасынын кызы Динара Жусупбекова атасын ишеничин актап, көп жылдан бери калк кызматын аткарып келет.
АКЫН АЙГҮЛ ЭЖЕ
Өзү да, сөзү да, көңүлү да назик, атына заты жарашкан Айгүл Матиева эжеке болсо редакциянын акыны эле. Тез-тез ыр саптарын чиймелечү. Бир карасаң Сулайман-Тоону улуктап, бир карасаң Мекенди даңктап турчу ырларында. Анан макалаларында сөздөрдүн гүлүн терчү.
АЗ СҮЙЛӨП КӨП ИШ КЫЛЧУ
Тагдыр буйруп, “Ош жаңырыгында” жүргөн мезгилде. акын, жазуучу, публицист Зинакан Пасаңова эжеке менен да иштешип калдым. Зина эже аз сүйлөп, көп иштечү. Башка эжекелер түштөнүү учурунда, кээде жөн убакытта деле бака-шака болуп, айымдардын табиатына ылайык, анча-мынча ушакташып дегендей олтурушуп калаар эле. Андай учурда Зина эже кабинетинде шакылдатып машинка басып, же аңгеме жазып олтурар эле. Анан жакын инисиндей көрүп, адабий чыгарма жазууга көп даават кылчу. Ал кезде көңүл үчүн “Ыы, болуптур” дегеним менен, кийинчерээк Зинакан эжекенин берген кеңештери жардамга келип, мен да анча-мынча аңгеме жазчу болуп калдым.
КАЛЕМИ ГАНА ЭМЕС “КАЙЧЫСЫ ” ДА КУРЧ ЭЛЕ
Ырасын айтайын, ошол кезде ноокаттык журналист Абдираим Мамытовдун аналитикалык макалаларын окуган окурмандар “пай-пайлап” баш чайкашчу. Күчтүү жазат эле. Абдираим акенин башы чындап энциклопедия. Анан анын колдонгон стилин айтсаңыз. Такыр башкача жазчу. Кууп окуйт элек. Тандаган темаларын айтсаң. Бир башкача логика менен тема койчу. Анын “Боливар экөөбүздү көтөрө албайт”. “Ибрагим тукумунда дагы жаңжал” сыяктуу макалалары окурмандар арасында чоң резонанс жараткан. Дегеним менен Абдираим Мамытовду көпчүлүк “жактырчу” эмес. Анан жооптуу катчы катары аяк-быяктан алып качып, “суу кошулган” макалаларды башка, көзгө карабай чийип, кайра жаздырса же кыскартып салса ким жакшы көрөт. Менин да бир нече материалдарым Мамытовдун айынан артка кайтып, түздөлүп, анан жарыкка чыккан. Ошо кезде бешенем тырышканы менен, а кишинин андагы айткан кеп-кенештери азырга чейин пайдасы тийип келет. Мамытовдун мындай талабына кесиптештердин канчасы таарынган жагдайлар болгон. Бирок иш ошондой талаш- тартыш, ой-пикир айтылган жерде алга жылат да. Муну ошо кездеги “Ош жанырыгынын” эмгек жамааты баары жакшы түшүнүшчү. Эгер Абдираим Мамытов Ошто эмес борбордо иштеп калганда саясат, экономика, журналистика жаатында азыр анча-мынча көкүрөк каккылаган серепчилерди ”чаңында” калтырмак. Бирок ал элетти тандады…
КОММЕРЦИЯЛЫК МАКАЛАЛАРДЫ КӨП ТАПЧУ
Бурма Исакова эжеке болсо жамаат арасында коммерциялык багыттагы макалаларды табууга шыктуу эле. Шайыр сүйлөп, шарт баскан эжеке ар бир санга коммерциялык макала берүүгө жетишчү. Ал мындай эмгеги менен “Ош жаңырыгынын” финансылык абалынын жакшырышына өз салымын кошчу.
АЗ, БИРОК, СЫН МАКАЛА ЖАЗЧУ
Оогандык кыргыздар жөнүндө алгачкы документалдуу чыгарма жазган Алмаз Нурдинов болсо айда, жылда бир макала жазат болчу. Бирок, ал сын болоор эле. Бир жолу Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасы тууралуу сын макала жазып, ал көпкө чейин эл арасында талкуу жараткан. Редакция менен аталган оорукананын жетекчилигинин ортосунда соттук процесстер да болгон.
ЖАШТАРДЫН БОРБОРУНА АЙЛ АНГАН
Ошол 2000-жылдардын тегерегинде “Ош жаңырыгы” журналистикага жаңыдан кадам таштаган жаштардын борборуна да айланган. Сагын Умаров, Айбек Абдылдаев, Курманбек Абдиваситов, Кыялбек Акматов сыяктуу бүгүн түрдүү тармактарда эмгектенип, эл кызматын кылып жаткан эр азаматтар куду ушул “Ош жаңырыгында” алгачкы эмгек жолун башташкан. Жеке баамымда “Ош жаңырыгы” бүгүн деле жаш кадрларды таптап, учурган өзүнө тагылган ошондой сыймыктуу милдетти аткарып келүүдө. Ылайым анын ушундай кадамы арымдуу болсун. Кезеги келип турганда Асанбек Каракозуев жетектеген “Ош жаңырыгы” гезитинин эмгек жамаатын жеке өзүмдүн жана “Ноокат таңы” гезитинин жамаатынын атынан 85 жылдык мааракеси менен чын ыкластан куттуктап кетмекчимин.
Нуркамил Абдуллаев, “Ноокат таңы” гезитинин башкы редактору