![Гезит бул-өлкөнүн алмашкыс байлыгы Гезит бул-өлкөнүн алмашкыс байлыгы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/5b0b071d-8328-4030-8faa-bc0a3c1eebe1.jpg)
Жалпыга маалым болгондой жакында жакшылыктын жарчысы болгон «Ош жаңырыгы» гезитинин 85 жылдык юбилейи салтанаттуу түрдө белгиленди. Анын алкагында иш-чаранын биринчи бөлүгү Сулайман тоо археологиялык музей-комплексинде редакциянын сүрөт көргөзмөсү жана тарыхый буюмдарынын, ошондой эле «Ош жаңырыгы» гезитинин 1940-1941-1951-жылдары чыккан жана андан кийинки чыккан токтомдору коюлган көргөзмө уюштурулду.
Көргөзмөгө КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, редакцияда иштеп кеткен ардагерлер, коомдук ишмерлер, мекеме-уюмдардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын ачылуу аземинде облус башчысынын орун басары Эрнис Толтоев
![Гезит бул-өлкөнүн алмашкыс байлыгы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/8c0afccc-b27f-436d-b4e7-f2a9b41789fb-1024x576.jpg)
«Ош жаңырыгы» гезитинин коомдогу орду, басылманын басып өткөн жолуна кайрылып, кылымга тете өмүр сүрүп келаткан гезиттин уюшулган күнү менен куттуктап өттү. «Чындыгында «Ош жаңырыгы» гезитинин коомдогу орду чоң. Аны моюнга алуу керек. Бул гезит менен мен жакшы таанышмын десем болот, балалыгымдан бул басылма менен аралашып жүрүп чоңойдум. Анткени, менин чоң атам ушул гезитте жооптуу катчы болуп иштеп, кийин райондук гезитте редактор, Журналисттер союзунун төрагасы болуп, массалык маалымат айдыңына өмүрүн арнаган инсан болгон. «Ош жаңырыгы» учурда иштеп жаткан көпчүлүк чыгаан жетекчилердин тушоосун кескен. Мындан ары да кылымга жакын тарыхты өзүнө камтып келаткан «Ош жаңырыгы» дагы да алдыда өлкөбүзгө ак кызмат кылган муундарды тарбиялап чыгара берет деген ишеничтемин. Ал эми учурда редакциянын жүгүн артынып, талыкпай эмгек кылып келе жаткан журналисттерди мааракеңиздер менен куттуктаймын. Чындыгын айтуу керек, негизи гезитте иштөө бул өтө оор жумуш. Анча-мынча журналист гезитте иштей албайт. Эки сөздүн башын бириктирип жазуу, аны көркөмдөө, окумдуу жана жугумдуу кылып жазуу бир гана гезитчил журналисттердин колунан келет. Ошондуктан жаза албаган журналисттер гезитте иштей алышпагандыктан, өлкөбүздө гезитчил журналситтердин саны аз экенин айта кетпесем болбос. Учурда интернет желеси күчөп турганда «Ош жаңырыгынын» мыкты журналисттери да ааламдашуу заманынан артта калбай, соц тармактарда да активдүү иштеп жаткандары алардын тажрыйбасынын мол экенинен кабар берет. Учурда интернеттеги ар кандай туура эмес маалыматтардын куйругун кырккан, жаштарды окууга жана билимге үндөөгө гезиттин ролу чоң. Билимдүү жаштардын жетилиши үчүн гезитти колдоп, окурмандардын санын арттыруу биздин милдет. Урматтуу «Ош жаңырыгы» гезитинин калемгерлери, сиздерге бактылуу турмуш, узак өмүр, оомат, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Ооматтуу «Ош жаңырыгы» көздөгөн багытынан кайтпай, муундан-муунга өтүп өмүр сүрө беришине тилектешмин»-деди Эрнис Толтоев.
Андан соң, көргөзмөнүн катышуучулары, келген коноктор музейде илинген тарыхый сүрөттөр менен таанышыш. Мындагы сүрөттөрдүн көбү гезитте 1940-жылдары жана андан кийин иштеп кеткен журналисттердин сүрөттөрү коюлуп, келгендерди таң калтырбай койгон жок. Андагы редакциянын көрүнүшү, ошо кездеги иштеген журналисттердин элестери чагылдырылган сүрөттөр өзүнө бай тарыхты камтып, гезиттин баскан жолун чагылдырып турду.
![Гезит бул-өлкөнүн алмашкыс байлыгы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/4e80d208-407d-4729-b427-00dd5a9d8e94-1024x577.jpg)
Ошондой эле, 85 жыл ичинде иштеп кеткен редакциянын кызматкерлеринин пахта теримдеги, интервью учурундагы, тойдогу, басмаканада иштеп жаткан кездеги жана башка ушул сыяктуу архивке бай сүрөттөрү коюлуп, кадимки СССР доорун чагылдырып турду. Архив сүрөттөрдөн өздөрүнүн жаш кезин көргөн ардагерлер, көздөрүнө кубанычтын жашын алып, редакциядагы өмүр жылдарына бир сыйра барып келгендей болушту.
Ал эми гезиттин алгачкы саны Санкт-Петербург шаарында бар экенине айткан ардагер журналист Ашим Жанболотов төмөнкүлөргө токтолду.
«Ош жаңырыгынын» биринчи номерин биз гезиттин 40 жылдык юбилейин өткөрүү учурунда Питерден алдырганбыз. Үйүмдө сактап, аны аздектеп келгем. Кийин кандай болду билбейм, таппай калдым. Ал тарых, архив, уникалдуу гезиттин алгачкы номерин жоготуп алганыма аябай ичим ачышканын жашыра албайм. Силер да аракет кылып, Питерге кат жолдоп, алгачкы номеринин нускасын алдыргыла демекчимин. Ал эми гезитке келсем, жаштыгым, өмүр жолум ушул басылмада өткөнүнө кубаным. Азыр да гезит саткан күркөөлөрдөн гезит алып окумай сайын тура албайм. Гезит бул гезит. Гезиттин өлкөдө орду алмашкыс байлык болуп эсептелет. Мынтип сүйүктүү гезитибиздин 85 жылдыгынакатышып турганыма кубанып жатам. Тиги көргөзмөдөгү сүрөттөрүмдү көрүп алып, жаштыгыма бир барып келгендей болдум. Баарыңыздарга ыраазычылык. Гезиттин жүгүн көтөрүп иштеп жаткан шакирттериме ийгилик каалап кетем».
![Гезит бул-өлкөнүн алмашкыс байлыгы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/2b56eac2-8581-4ec9-91a4-e185744fce31-1024x576.jpg)
Көргөзмөнүн чектеринде коюлган гезиттин 1940-жылы чыккан номеринин нускасы гезиттин бир канча ролду ойноорунун далили экенин сыпаттады.
«Гезит – архив, тарых. Мына анын далили. 1940-жылы чыккан гезит күнүм-күнүмкүдөй сакталып турганынан билсек болот. Арадан 85 жыл өтүптүр, андагы маалыматтардын баалуулугу ушунусунда билинет. Азыркы интернет заманында материалыңды 85 жыл сактап көр, эч качан 85 жыл сакталмак тургай, 8 жыл да сактай албайсың. Андыктан гезиттерди колдоп, өлкөнүн өнүгүү келечегине салым кошкон баалуу редакциянын ишмердүүлүгүн арттыруу зарыл»-деди Сулайман тоо археологиялык музей-комплексинин директору Гүлбара Абдыкалыкова.
Редакциянын жооптуу катчысы Канымжан Кыдыралиева келген конокторго көргөзмөнүн ар бир бөлүгү менен тааныштырды. Андан соң, музейдин жыйындар залында иш-чаранын уландысы болуп, облустук филармониянын өнөр ээлери концерттик программасын тартуулашты.
![Гезит бул-өлкөнүн алмашкыс байлыгы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/5b0b071d-8328-4030-8faa-bc0a3c1eebe1-1024x577.jpg)
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталарын өкүлдүн орун басары Эрнис Толтоев гезиттин кабарчылары Айгүл Матиева жана Назгүл Өмүрзаковага тапшырып, сыйлык ээлерин келечекте мамлекеттик жетекчилик кызматтарда эмгек өтөп, болгон тажрыйбаларын өлкөнүн өнүгүүсүнө жумшашаарына тилектештигин билдирди.
Назгүл Өмүрзакова