!["Ош жаңырыгынын" дарегине жылуу сөздөр, изги каалоо-тилектер айтылды "Ош жаңырыгынын" дарегине жылуу сөздөр, изги каалоо-тилектер айтылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/imgonline-com-ua-resize-s2hwddkemojksf.jpg)
1938-жылдын 14-октябрында “Кыргызстан большевиги” деген ат менен жарык көргөн “Ош жаңырыгы” гезитинин 85 жылдык мааракесинин расмий бөлүгү Ош шаарындагы “Ак шумкар” ресторанында улантылды. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана цжаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимов баш болгон бир катар облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, райондордун акимдери жана анын орун басарлары, айыл өкмөттүн башчылары, “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун филиалдарынын, райондук билим билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана бир топ жогорку окуу жайларынын жетекчилери катышышты.
Сыйлуу төрдөн республикабыздын алты облусунун келген гезиттин башкы редакторлору жана кызматкерлери, “Ош жаңырыгы” гезитинин ардагерлери жана белгилүү акын-жазуучулар, өнөр адамдары орун алышты.
!["Ош жаңырыгынын" дарегине жылуу сөздөр, изги каалоо-тилектер айтылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/58b228fb-a96d-4a02-9194-fc951d45b639-683x1024.jpg)
Салтанатты башкы редактор Асанбек Каракозуев ачып, сөздү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоевго ыйгарды. Анын айтуусунда гезит адеп түптөлгөн күндөн тартып эле облустун аймагындагы жүргүзүлүп жаткан айыл чарба жана өнөр жай, саламаттыкты сактоо, маданият тармактарында болуп жаткан өсүп-өнүгүүлөр, ийгиликтер тууралуу жаңылыктарды басып чыгарган. Бул салт кийинки жылдарда андан ары улантылган. Бул басылма “Ленин жолу” деген ат менен чыгып турган мезгилде анын нускасы 80-90 миңге чейин жеткен. Эгемендүүлүк алган өткөөл мезгил өз өктөмүн жүргүзгөн жылдарда башка мекеме-ишканалар сыяктуу редакция кыйынчылыкка туш болгон. Ошондой оор мезгилде анын жетекчилиги кыйын жүктү өз мойнуна алып, редакциянын материалдык-техникалык базасын чындоого, гезитти үзгүлтүксүз жана мазмундуу чыгуусуна аракет жасашкан.
!["Ош жаңырыгынын" дарегине жылуу сөздөр, изги каалоо-тилектер айтылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/c6c52af0-4296-4f4b-9209-c5e9ad326102-1024x683.jpg)
Эрнис Толтоев Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Джантаевдин атынан “Ош жаңырыгы” газетасынын жамаатын жана басылманын ардагерлерин 85 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктап, кийинки учурда гезит бетинде кызыктуу материалдардын жарыяланып жаткандыгын, анын жасалгасы өзгөргөндүгүн айтуу менен, редакциянын чыгармалык тобу мезгил талабына жараша алга умтулууга жасаган аракетин колдоого ала тургандыгын билдирди.
!["Ош жаңырыгынын" дарегине жылуу сөздөр, изги каалоо-тилектер айтылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/c8a86e81-3a67-4b40-ace0-14e86de97ab6-1024x683.jpg)
Андан кийинки сөз КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимовго берилгенде, ал министр Алтынбек Максутовдун куттуктоо сөзүн окуп берип, анын атынан “Ош жаңырыгы” жана “Ысык-Көл кабарлары” газеталарынын башкы редакторлору Асанбек Каракозуев менен Бурул Карасартовага, «Ош жаңырыгы» гезитинин кабарчысы Гүлбара Мамазияевага, жооптуу катчысы Канымжан Кыдыралиевага, “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы” төш белгилерин, «Ош жаңырыгы» гезитинин жооптуу катчысы Канымжан Кыдыралиевага, кабарчысы Назгүл Өмүрзаковага Ардак грамоталарын тапшырды. Салтанаттын жүрүшүндө маараке ээси болгон басылма тарабынан аныкталган 13 жыл мыктысына “Ош жаңырыгы” газетасынын 85 жылдык мааракесине карата чыгарылган юбилейлик төш белгисы тагылды. Ошондой эле гезиттин ардагерлерине “Алкыш баракчалары” жана басылма менен тыгыз кызматташкан мекеме-уюмдардын жетекчилерине “Ыраазычылык каттар” тапшырылды.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милицияныны полковниги Жеңишбек Джоробеков “Ош жаңырыгы” гезити облустун аймагындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн жүргүзгөн иштерин да чагылдырып жаткандыгына токтолуп, анын кылмышты болтурбоонун алдын алуудагы маанилүү роль ойноп жаткандыгын баса белгилүү менен, ички иштер башкармалыгы менен кызматташ болгон гезиттин башкы редактору А.Каракозуевди, кызматкерлер Н.Өмүрзакова жана Г.Мамазияева сыяктуу кызматкерлерине КР ички иштер министрлигинин медалы менен сыйлады.
!["Ош жаңырыгынын" дарегине жылуу сөздөр, изги каалоо-тилектер айтылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/a997d020-f19c-4ae1-94fe-bb7a0c127be1-683x1024.jpg)
Облустун жети районунун мамлекеттик администрация башчыларынын атынан Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев, Араван, Алай жана Чоң-Алай райондорунун акимдеринин орун басарлары Бактыбек Осмонов, Алтынбек Болбуров, Бекназар Бакыбеков чыгып сүйлөшүп, “Ош жаңырыгы” гезитинин райондордо болуп жаткан жаңылыктарды ыкчам чагылдыруу, аймактардагы ийгиликтерди, көйгөйлөрдү окурмандарга жеткирүү жаатындагы ролун белгилеп, аймактар аталган гезит менен мындан ары да байланыштарын чыңдай бере тургандыктарын айтып өтүштү.
Өткөн мезгилде “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору болгон Мамырайым Дубанаев менен Гүлжамал Жороеавалар өздөрү иштеген мезгилге кайрылышып, өткөөл учурда оор абалга туш болгон гезиттин абалын жакшыртуу, коммерциялык материалдарды уюштуруу, окумдуулугун арттыруу боюнча жасаган аракеттери тууралуу белгилешти.
Бир мезгилде редакциянын жооптуу катчы кызматын аркалаган Ашым Жанболотов өзү менен гезитте чогуу эмгектенген Токтобой Сулайманов, Абдисатар Султанов, Алмаз Нурдинов, Абдираим Мамытов сыяктуу чыгармачылык кызматкерлер жөнүндө кеп козгоп, алардын гезиттин кадыр-баркын көтөрүүдөгү эмгектерин баяндап берди.
Республиканын облустук гезиттеринин атынан чыгып сүйлөшкөн Чүй облустук “Чүй баяны” газетасынын башкы редактору Азамат Дүйшөнбай уулу жана “Баткен таңы” гезитин башкы редактору Адылбек Акматов кесиптештеринин атынан “Ош жаңырыгы” газетасынын жамаатын 85 жылдык маарекеси менен кызуу куттуктап, редакциянын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана ушул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө олуттуу маани берген Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн дарегине ыраазычылыгын билдиришти. Аларга Ош облустук “Эхо Оша” “Ош садоси”, Ош шаардык “Ош шамы” облустун жети райондук гезиттердин башкы редакторлору жана “УТРК”, “Ынтымак”, ОшТВ” телеканалдарынын директорлору да кошулушту.
!["Ош жаңырыгынын" дарегине жылуу сөздөр, изги каалоо-тилектер айтылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/420c60fa-ad7c-402c-838d-a786e9ca3d95-1024x683.jpg)
Акын, котормочу Турабай Жороев менен жазуучу жана коомдук ишмер Салима Шарипова бул гезитте Сооронбай Жусуев, Майрамкан Абылкасымова, Исраил Сулайманов, Камчы Жунусов, Шабданбай Абдыраманов, Таш Мияшов, Кармышак Ташбаев сыяктуу белгилүү акын-жазуучулардын иштеп кеткендигине токтолушуп, бул гезит нечен-нечен жаш калемгерлердин акындык шыгын, жазуучулук чеберчилигин арттырууга өбөлгө болгондугун белгилеп өтүштү. Алардын айтуусунда бир мезгилде улуу жазуучу Чынгыз Айтматов агабыз босогосун аттап кирип, анын жамааты менен баарлашып кеткен “Ленин жолу” (азыркы “Ош жаңырыгы”) гезити бул вазийпаны азыр да улантып келе жатат.
Салтанаттын сыйлуу коноктору катары катышкан Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Жолболду Алибаев, Абдыманап Төрөбеков, белгилүү төкмө, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдибали Акимбеков, Ош филормониясынын Акбаралы Тасмаевдин жетектөөсү менен Манас Кожомжаров баш болгон белгилүү аткаруучулар келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.
Мааракени салтанаттуу бөлүгүн “ЭлТР” радиокомпаниясынын угармандарынын сүйгүнчүктүү диджейи Элиза Кочкор кызы менен Эл аралык Кыргыз-Өзбек университетинин доценти Шералы Эгембердиев алып барып, мааракенин көркүнө көрк кошту.
Төлөнбай Абдыразаков