![Жаштыгын, эмгегин Каракой элине арнаган Жаштыгын, эмгегин Каракой элине арнаган](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/1301545.b200d2494e5cc7321a05d1ef94a80abf.500.jpg)
Ташбай Маматов Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Каракой айылында 1948-жылы 10-августта дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1954-жылы “Чоң-Кыштоо” башталгыч мектебине 1-класска окууга барат. Ал мектептен 4-класска чейин билим алат. Кийин Карл Маркс атындагы орто мектептен билимин улантып, орто билимге ээ болот. 1966-1972-жылдары Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык окуу жайынын фельдшер адистигине тапшырып, окууну ийгиликтүү аяктайт. 1967-1969-жылдары Советтик Армиянын чакыруусу менен Германияда аскердик милдетин аткарат. 1972-1973-жылдары эмгек жолун Ноокат райондук борбордук ооруканада фельдшер-акушер болуп иштөөдөн баштайт. 1973-2002-жылдары Ноокат райондук аймактык ооруканага караштуу бийик тоолуу Каракой айылдык фельдшердик-акушердик пунктунда фельдшер кызматында үзгүлтүксүз эмгектенди, үйбүлөлүү. Жубайы экөө 7 перзентти тарбиялап эрезеге жеткиришти, 26 неберенин, 5 чеберенин чоң-ата, чоң-энеси, таята, таенеси болушту.
“Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосунун ардактуу кызматкери” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Жогорку категориядагы фельдшер. “Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер” наамынын ээси. Ош облустук саламаттыкты сактоо башкармасынын жана облустук медицина кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин Ардак грамотасын алган. Көптөгөн Ардак грамоталардын жана Алкыш каттардын ээси. 2004-2008-жылга чейин Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин жана Ноокат райондук Кеңешинин депутаты болуп шайганган. Каракой жайлоосу Кыргызстанга таанылган жаратылышы кооз, ажайып, ажарлуу, көрктүү, жерлердин бирине кирет. Мына ошол жаратылышы кооз жай, таза аба ден- соолук жана өмүр тартуулап турат. Жаратылышы менен жаны бирге болгон тоодо жашаган элдин мүнөзү, алардын жылуу мамилеси менен жуурулушкан Ташбай Маматов өмүрүнүн көпчүлүк убактысын жайлоодо өткөрдү. Айылдын жашоочуларын медициналык жактан тейлеген ФАП бар. ФАПтын башчысы Ташбай Маматов. Учурда 4 медкызматкер эмгектенет. Т.Маматов жаш кезинен ушул кезге чейинки эмгегин тоолуу өрөөндө кыштын ызгаар суугунда, жайдын ысык аптабында калктын камын көрүп үзүрлүү эмгектенди.
1973-жылдарда Каракой айылында 280ден ашык калк жашачу. Ал мезгилде жайлоонун аймагы төрт колхозго таандык болчу. Жаз айынан тартып, кышка чейин жайлоодогу малчыларды медициналык жактан тейлеп турган. Ал убакта бул ооруканада жалгыз гана Ташбай Маматов эмгектенчү экен. Анткени. Медициналык окуу жайын бүтүрүп келген жаштар алыскы жайлоонун айылына иштөөгө келишпейт эле дейт, Ташбай Маматов. Союз мезгилинде тартип катуу болчу. Эртең мененки саат сегизден тартып кечки саат сегизге чейин малчыларды кыдырып чыгышканын, атчан жүрүшкөнүн эскерип отурду. Азыркыдай транспорт кайдан дейсиң. Айрым учурларда сыркоолоп келген адамдарга күнү-түну дебей бир канча чакырым жолду жөө басып барчу экен. Шам чырактын жарыгында түнү бою документ иштерин жазганын айтып берди.
Союз бузулгандан кийин, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, 2002-жылдары медицина тармагында реформалар жүргүзүлө баштайт. Райондун борборунун батыш тарабында жайгашкан айыл аймактарындагы медицина мекемелери “Медигос”, ал эми чыгышындагы оорукана “Барын” үй-бүлөлүк медициналык борборлору деп аталып калды. “Барын” үй-бүлөлүк медициналык борборунун карамагында, Каракой айылынын тургундарына үй-бүлөлүк медициналык тейлөө жүргүзүп келе жатышат. Ташбай Маматов жаштык өмүрүнүн көбүн Каракой жайлоосундагы элдин ден соолугун сактоого арнады. Жарым кылымга тете эмгектенип, азыркы учурда ардактуу эс алууда.
Ташбай Маматовдун көтөргөн демилгеси менен 2006-жылы Каракой айылында атайын типтүү фельдшердик-акушердик пункту курулуп, медициналык жактан калкты тейлөөдө. Ал өзүнүн кесиптик билимин жогорулатуунун үстүндө эмгектенди. Ош шаарындагы кесиптик кайра даярдоо багытында бир канча жолу окууларга, семинарларга катышып, тоо жериндеги калкка саламаттыкты сактоо боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди жүргүзгөндүгүн айтып кетүүгө болот. Өмүрүнүн 52-чи күзүн медицина тармагына арнады. Өз кесибинин чыныгы устаты, жаштардын насаатчысы. Кыргыз-Ата айылынын ардактуу, эл сыйлап-урматтаган атуулу. Уул-кыздары жогорку билимдүү, уулу Уланбек Ташбаев атасынын жолун жолдоп, дарыгер болуп эмгектенет.
Бурма Ысакова
Атам, биз үчүн кайталангыс легенда. Өмүрүңүз узун болуп биздин төрүбүздө жүрө бериңиз