[cmsmasters_row][cmsmasters_column data_width=»1/1″][cmsmasters_text]
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылынын тургундары тоолордо кандай түрдөгү жаныбарлар бар экенин жана алардын санын аныктоо, ошондой эле аларды мыйзамсыз аңчылыктан коргоо максатында аймакка фотокапкандарды коюуну суранышууда. Буларды тургундар “Германиянын табиятты коргоо уюмунун (NABU)” КР филиалынын (NABU-Кыргызстан) Түштүк бөлүмүнүн Мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшү боюнча “Барс-2” тобунун адистеринин аталган аймакка жасаган атайын рейди учурунда билдиришкен.
“Ош” токой чарбасынын “Акбуура” бөлүмүнүн кызматкери Рустамбек Маматкалы уулу Папан аймагындагы тоолордо ак илбирстердин жүргөндүгүн өз көзү менен көргөнүн билдирип, айрым учурларда алар жарандардын мал-жандыктарына тиш салган учурлар да катталганын айтат.
“Ошондуктан биздин тоолорго фотокапкандарды эртерээк коюш керек. Бул – биринчиден жапайы жаныбарларды тактоо максаты болсо, экинчиден аларды мыйзамсыз аңчылардын аңчылыгынан да коргоого чоң өбөлгө түзүп бермек”,-деди Р.Маматкалы уулу.
Кошумчалай кетсек, NABU-Кыргызстан уюмунун адистери аталган аймактын Кызыл-Туу, Папан, Тарылга айылдарына караштуу Бөдөнө, Ак-Таш жайыттарында “Ош” токой чарбасынын “Акбуура” токой бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте атайын рейд өткөрүштү. Анын жүрүшүндө мыйзам чегинде мергенчилик кылып, кекилик аткан жаран кезиккен.
[/cmsmasters_text][/cmsmasters_column][/cmsmasters_row]