![Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылыкка чыгуу фактсы аныкталды Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылыкка чыгуу фактсы аныкталды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/9fd874d9-8c45-44f3-9189-716dfb149e10.jpg)
[cmsmasters_row][cmsmasters_column data_width=»1/1″][cmsmasters_text]
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кулданбес айылынын тургуну З.К. аттуу жаран мыйзамсыз аңчылыкка чыгып бара жаткан жеринен кармалды. Ал КР Жаратылыш Ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын Сузак районундагы аңчы адиси Уланбек Кадыров менен биргеликте “Германиянын табиятты коргоо уюмунун (NABU)” КР филиалынын (NABU-Кыргызстан) Түштүк бөлүмүнүн Мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшү боюнча “Барс-2” тобунун адистеринин атайын рейдинде колго түшкөн.
Анын документтерин текшерүү учурунда, көтөрүп жүргөн куралы мыйзамдуу экени бирок, аңга чыгууга уруксат кагазы жок экени аныкталган. Ошондуктан, аңчы адис У.Кадырбаев З.К.нын мыйзам чегинде аңчылыкка чыгууга уруксаты жок болгондугу үчүн куралын утурумдук алып, тиешелүү акт түздү жана аны башкармалыктын курал сактоочу атайын жайына өткөрүп берди. Жыйынтыгында ал жаран КР Укук бузуу кодекси боюнча тиешелүү административдик айыппулун төлөп, кийин мыйзамсыз аракетке барбоо боюнча түшүнүк кат жазып, куралын алып кетти.
Кошумчалай кетсек, адистер Сузак районунун Кулданбес, Таран Мазар, Калмак-Кырчын, Кызыл-Суу айылдарынын тоолуу аймактарында атайын рейд өткөрүштү. Натыйжада жергиликтүү жарандар менен жолугушуу өткөрүлүп, жапайы жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
[/cmsmasters_text][/cmsmasters_column][/cmsmasters_row]