![Кыргыз тили жана Айтматов ааламы Кыргыз тили жана Айтматов ааламы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/16d1a8d6-0534-4b59-a3a6-2271d8a6a5e7.jpg)
Жалпыга маалым болгондой, быйыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго 95 жыл болот. Ага ылайык, “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” деген аталышта Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланган. Анын алкагында жер-жерлерде бир катар план-программалар кабыл алынып, иш-чаралар өтүлүп жатат. Бул багытта Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагындагы Ж.Абжапаров атындагы орто мектептин 10-Б классында “Чыңгыз Айтматов – кылым адамы», «Канткенде адам уулу адамболот?” деген темаларда ачык сабактар өткөрүлдү. Аны балдарды өз эне тилин сүйүүгө, кадырлай билүүгө тарбиялап келаткан кыргыз тили жана адабияты мугалими Мырзашева Жылдыз Абдимажитовна өттү. “Мугалим — жалаң гана жакшылык каалаган адам. Чыныгы мугалимдин жүрөгү ар дайым сүйүүгө, мээримге, билимге толуп-ташып турат. Мугалимдик кесип- пакизалыктын, мамилелешүүнүн, өмүр бою сооп жыйноонун, күндө сыноодо туруунун кесиби. Мугалимдин ар бир сабагы өзүнчө бир чыгармага тете, учурдун талабына жооп бергендей сабактарды уюштуруп өткөрүү усулдук чоң мааниге ээ” — дейт зор сыймыктануу менен.
![Кыргыз тили жана Айтматов ааламы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/0db7f07a-ea73-4cc1-85ca-26afd7fc9489.jpg)
Мугалим оболу сабактын максатын айтып, “Адам” деген улуу сөздүн маанисин түшүндүрдү. Дүйнөнү калеми менен багындырган залкар ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу айтып өттү. ”Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” дегендей, окуучуларды чыныгы адам болууга, адамдык сапаттарды алып жүрүүгө тарбиялоо экендигин баса белгиледи. Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тарбиялык маанисин жеткилең түшүндүрдү.
Айтматовдун каармандары аркылуу окуучуларды адамдык улуу сапаттарды алып жүрүүгө үндөдү. “Адам” деген сөз өзү төрт гана тамгадан турганы менен өз ичине жандырмаксыз табышмакты камтыйт. Адам-ыйыктын ыйыгы. Ошол эле учурда адамдан өткөн жырткыч жок.
Улуу перс акыны Омар Хаям: Бул дүйнөдө терең сырдуу ар ишке, кабары жок о, татына наристе. Төрт нерсе айтам, билсең, алар өзүңсүң, адам жырткыч, тажаал жана периште”- деп адамды бир караганда периште, ошону менен бирге жырткыч да экенин төрт сап ыр аркылуу таамай айткан. Ата-энелер дайым балдарына “ Балам, адам бол!” деген сөздү буйрук иретинде айтышат. Бирок биз канткенде алар ойлогондой адам болобуз? Дегеле кандай адам болуубуз керек? Улуу залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов: “Баарынан күнүгө күн адам болуу кыйын” дегенде жөн гана адам болуу эмес, нак адамдык сапатты, адамдык ыйык касиетти алып жүрүү өтө кыйын экендигин айткан. Жазуучу дээрлик бардык чыгармаларында мына ушул теманы көтөргөн. “Канткенде адам уулу адам болот” деген залкардын көтөргөн темасы эң орчундуу темага айланган. Жазуучунун чыгармаларын окуп жана кинолорун көрүп жатабыз.
Айтматовдун каармандары бүгүн биздин арабызда: Бул сабакка мына ушул улуу жазуучунун каармандары да келишкен. Алар да азыр ушул “адам” болуу тууралуу өз ойлорун айтышат. Сахнага колуна таяк таянган, чоң ак жоолукту башына таштап койгон Толгонай кирет. Ал Жер-Эне менен сырдашат. Артынан бардык каармандар кирет.
Толгонай: Амансыңбы куттуу таалам? Адам баласынын кайгысына, кубанычына ортоктош болгон касиеттүү, көтөрүмдүүнүн көтөрүмдүүсү, чыдамдуунун чыдамдуусу Жер-Эне! Канча мезгил өттү, өмүр суудай агып, карыдым, арыдым. Бирок дагы да болсо үмүт менен жашайм. Адам пендеси келечектен эч качан үмүт узбөйт тура. Сенин алдыңа турмуштун тайгак кечүүсүн кече албаган, тагдырдын оош-кыйышына чыдай албаган каармандарды алып келдим. Мен ошол көчтү баштап келдим. Кана замандаштарым, сөз силерде.
![Кыргыз тили жана Айтматов ааламы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/bb48bffb-51c3-48e9-9a19-7e6a738bff79.jpg)
Ысмайыл: Коркок болдум, коргободум Мекенди. Эл алдында жүзүм болду караңгы. Оо, Жер-Эне, замандаштар кечиргин. Качкын ууру, арсыз мендей балаңды. Инилерге айтар менин акылым, журт коргогон асыл инсан болгула! Качкын, ууру деген атка кабылбай, эли-журттун купулуна толгула!
Базарбай: Оо. Жер-Эне баарына сен күбөсүң. Канчалардын урат мени каргышы. Оюн көрүп турмушту, канчаларга шылдың менен карадым. Абийиримди алмаштырып аракка, кош Көкжалды зар какшатып ыйлаттым. Бөлтүрүктү сатып толгон байлыкка, кыялымда көп акчаны санадым. Билем, билем, күнөөм менин тоодой көп. Мен сыяктуу болбогула кара өзгөй!
Орозкул: Пейилимден таптым далай азапты, бул ичиклик көп иштерди жасатты. Каргышына калып бугу, маралдын, көпчүлүктүн азар бердим дилине. Кол көтөрдүм кайберендин пирине. Айтаар кеңеш келе жаткан муунга, табияттын каарына эч урунба!
Илияс: Кечир мени, Жер-Эне! Таарынуудан тагдыр өзү чечилбейт. Ойлогондон азыр турмуш башкача, жашап өткүм келет эми таптаза.
Жамийла: Тепседи кыргыз салтын деп, далайлар мени жек көрөт. Жашоосун өзү тапты деп, далайы мени эп көрөт. Кантсе да менин күнөөм бар, ак нике аттап, жүз ачкан. Жосунсуз жорук баштагам, Данияр менен бир качкам.
Данияр: Кечир бизди адамзаттын энеси, жаштык кылып, аттаганбыз турмушту. Бар болгону сүйүү үчүн күрөштүк, жасабадык кечирилгис кылмышты!
Сабитжан: Адал мээнет менен жашап өтүшкөн, ата-энемдин баркына эч жетпедим. Салтты унутуп, наркты унутуп атанын, кыргызымдан, эне тилден четтедим. Жаш муундар, көкүрөккө түйгүлө, кечиргиле, мендей болгон маңкуртту!
Найман-Эне: Мен качандыр бир кезде, жуң-жаңдар тынч жаткан элибизди талоонго алып, жан бүткөндүн баарысы жапа чегип жүргөн чагында, өз уулунан айрылган шордуу энемин! Канча мезгил өтсө да, өз кулунум өз энесин тааныбай, ак жоолугум ай талаага учуп ажалдын огуна туш болдум.
![Кыргыз тили жана Айтматов ааламы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/216f61ea-059c-4ca5-8f9b-15a736be88e7.jpg)
Кулунум, Жоломаным, жалгызым ай, не күнгө туш болгонсуң жалгызым ай. Жүр кеттик, учкаш мобу Акмаяга. Мен сени өзүң туулган жерге алпарам!
Сейде: Адам болуу, албетте, кыйын. Мен буга чейин Ысмайылдын адамгерчиликке жатпаган жоругуна көз жумуп келдим, акыры чыдай албадым.Бирок Ысмайыл адамдык\ туура жолдон тайып, адамдык сапаттан арылып, айбандык иштерди жасоого өттү. Бечара Тотойдун жетим балдарынын ырыскысын уурдады. Мен туура кылдым деп ойлойм.Эч качан өкүнбөйм! Жамийла менен Данияр бирге басып келишет.
Жамийла: Балким, силер да бизди күнөөлөп тургандырсыңар. Адам бул жашоого бир келген соң, өз тагдыры үчүн күрөшүп жашаш керек. Каада-салт деп, ага жан-дүйнөңдү курман кылсаң, анда сенин адамдыгың кайсы?
Илияс: Бактылуу сүйүүм чектелип, армандуу күндөрдүн тумарын тагынып, турмуштун Долон ашуусун аша албадым. Аселим! Аселимди жолго таштап, өзүм оолак качтым.
Базарбай: Эч нерсе эмес. Азыр эмне көп. Тоодо карышкыр көп,чөлдө кыздар көп. Атасынын көрү дүнүйө, аларга аңчылыкка гана чыгып, жыргап гана жашаш керек!
Акбара: Ар дайым көзүмө көкүрөк күчүгүм, кичинекей бөлтүрүгүм элестейт. Көргүм келет. Бөлтүрүктөрүмдүн балалык, назик уурттарын талбай жыттагым келет. Бирок, ал тилегиме жетпей калдым. Ачуума чыдабай, мээнетчил Бостондун Кенжешин ала качканым болду. Анткени адам деген макулуктарга айбан да болсом, эне экенимди көрсөткүм келди. Каармандар баары тизилет.
Бугу-Эне: Чыңгыз сага кыргызымды калтырайын, Чыңгыз сага Ысык-Көлдү тапшырайын. Элимде кен пейилдик орносун деп, маралдарды Ала-Тоого бастырайын”, — деп, бардык каармандар ийилип таазим этип, сахнадан чыгып кетишет.
Мугалим: Мына, биз азыр Айтматовдун каармандарын көрүп алдык. Эми силердин оюңарды угалы. “Канткенде адам уулу адам болот?”. Дегеле, адам болуу оңой сыяктанат. Бардык ата-эне өз балдарын жакшы жакка тарбиялап, эч бир ата-эне уулун, кызын жаман болсун дебейт. байыркы замандарда күч менен акыл –эстен ажыраткан, жүрөк титиреткен душман жоруктары, күч менен маңкуртка айландыруу, дегеле “маңкурт” ким? Бүгүнкү кезде арабызда акыл-эстүү маңкурттардын көбөйүшү, адамдык сапаттардын жоголуп баратышы жан кейитет.
Окуучулар өз ойлорун айтышат: «Адам болуу» дегенди кандай түшүнөбүз? “Баарынан кыйыны — күн сайын адам болуу”. Турмушта чыныгы “адам” деген атты алып жүрүү оңойбу? “Балам, адам бол” дейт ата-энебиз. Канткенде биз алар ойлогондой адам боло алабыз? Айтматовдун чыгармаларында “адам” темасы кандай чагылдырылган? Эмне үчүн бүгүнкү күндө акыл-эстүү “маңкурттар” көбөйүүдө? Адамдык сапатын жоготту дегенди кандай түшүнөбүз? Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынан үзүндү аткарышат.
Жыйынтыктоо: Бүгүн Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мисалында “Адам болуу” тууралуу кеп козголду, аздыр-көптүр тарбия алышты. Ар дайым адам бололу. Кандай күндө жашасак да, эртеңки күнү окууну бүтүп, жогорку окуу жайга окуп, билимдүү инсан болсок да, жөнөкөй карапайым үй-бүлө курсак да, адам бололу. Негизгиси, турмушта Адам болгула! Соңунда, жазуучунун чыгармалары боюнча “Айтматовдун каармандарын билесизби?” деген темада “Брейн-ринг” “Акыл ордо” оюндары ойнотулду.
Айгүл Матиева