![Ош технологиялык университетине - 60 жыл Ош технологиялык университетине - 60 жыл](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/6b559fea-4bad-4ee4-a254-748465a4961a.jpg)
Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрь күнү Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин 60 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, КР легендарлуу парламентинин депутаттары, Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору, ОшТУнун мурдагы жетекчилери, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышып, окуу жайдын жамаатын 60 жылдык маараке менен куттукташып, билим берүүдө эмгек сиңирген алдынкы кызматкерлерге Ардак грамоталарды, атайын сыйлыктарды тапшырышты.
Иш-чаранын алкагында “Тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү: инновациялар жана кызматташтык” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп, бир топ жаңы меморандумдарга кол коюлду.
Пленардык жыйындын аягында бир катар конокторго ОшТУнун юбилейлик төш белгилери ыйгарылды. Мааракенин алкагында окуу жайда чакан гидроэлектрстанциясынын жана күндөн энергия алуучу станциянын ачылыш аземи болду. Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду. 60 жылдык маараке уюшкандыкта өткөрүлдү.
![Ош технологиялык университетине - 60 жыл](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/446df2ee-5b22-48ce-8640-396fe1140be0-1024x682.jpg)
Күн энергиясын пайдалануучу станциянын ачылышы
Ош технологиялык университетинин 60 жылдык мааракесин өткөрүүнүн алкагында окуу жайда күндөн энергия алуучу станциянын ачылыш аземи болду. Иш-чарага 60 жылдык мааракеге келген коноктор катышышты.
Альтернативдик энергиянын келечектүү багыттарынын бири-күн энергиясын пайдалануу болгондуктан бул иш-чара дүйнөлүк илимий коомчулук энергиянын кайра жаралуучу булактардан алуу ыкмаларын өркүндөтүү максатында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында ишке ашырылды.
Долбоор студенттердин билим алуусунда окуу-лабораториялык базаны чыңдоо максатында биздин окуу жайдын энергетика факультетинин жамаатынын демилгеси жана ректор Жанболот Жанышович Турсунбаевдин колдоосу менен ишке ашырылды.
ОшТУда кичи ГЭС иштей баштады
Ош технологиялык университетинин 60 жылдык мааракесинин алкагында окуу жайда чакан гидроэлектрстанциясынын ачылыш аземи болду.
Бул чакан ГЭС Ош шаарындагы «Кыргыз Унаа Курулуш» заводу менен биргеликте курулуп, ишке киргизилди.
Ош технологиялык университети энергетика багытындагы адистерди даярдагандыктан мындагы билим алып жатышкан студенттер теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо максатындагы иш-чараларды бул чакан ГЭСте өткөрө алышат.
Бул чакан ГЭСтин курулушунда башталган күндөн тартып аяктаганга чейин энергетика факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери калкты электр энергиясы менен камсыз кылуудагы бардык процесстер менен практика жүзүндө таанышып чыгышты.
Келечекте бул долбоордун ишке ашырылышы менен университетти толук түрдө электр энергиясы менен камсыз кылуу каралган.
![Ош технологиялык университетине - 60 жыл](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/5cde4b87-0a22-46bc-bb26-bf63423c931d-1024x683.jpg)
Эл аралык илимий-практикалык конференция
Жогоруда айтылгандай, майрамдык салтанаттын алкагында “Тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү: инновациялар жана кызматташтык” деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын окумуштуулары өздөрүнүн илимий изилдөөлөрү менен катышып, анда пленардык баяндамалар, секциялык иштер жүрүп, илимий баяндамалар уктурулду. Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.
ОшТУ да эл аралык жаштар форуму
Ош технологиялык университетинде 3-ноябрда окуу жайдын 60 жылдык мааракесине жана 10-ноябрь-Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата уюштурулуп жаткан «Ынтымак» эл аралык жаштар форуму өткөрүлдү.
Иш-чарага ОшТУнун ректору Жанболот Жанышович Турсунбаев, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын активдүү жаштары, Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайлардын жаштар комитетинин жетекчилери катышты.
Эл аралык форумду ОшТУнун ректору Жанболот Жанышович Турсунбаев ачып, азыркы учурдун жаштары — активдүү, илим-билимге жакын жана аракетчил экендигин белгилеп, жаштарды келе жаткан 10-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү менен куттуктады.
Форумдун пленардык жыйынында катышуучулар өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүштү. Ошондой эле жыйында катышуучуларга өлкөбүздүн келечеги болгон жаштарга кесип тандоодо жана ал багыт боюнча өз чөйрөсүндө үзүрлүү эмгектенүүгө аракет кылуулары үчүн эң керектүү маалыматтар берилди. “Жаштар – мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн өзөгү: чакыруулар жана кызматташтыктар” аттуу темада дискуссия болуп, азыркы мезгилдеги актуалдуу көйгөйлөр каралып, кызуу талкуу жүрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын маданий-эстетикалык борборунун таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.
Форумдун катышуучулары ОшТУга экскурсия жасашып, университеттин материалдык-техникалык базасы таанышып, окуу жай тууралуу маалыматтарды алышты. Жыйынтыгында катышуучулар сертификаттар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
![Ош технологиялык университетине - 60 жыл](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/99090266-81b7-4a8c-a801-5f4137b57192-1024x683.jpg)
РЕКТОРДУН КУБОГУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Ош технологиялык университетинде 60 жылдык мааракенин чектеринде “Ректордун кубогу” спорттук мелдеши жыйынтыкталды. Бул спорттук мелдеш түштүк аймактык жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулар курамынын арасында өткөрүлүп, спорттун волейбол түрү боюнча күч сынашты.
Сыйлык тапшыруу аземинде университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов катышуучуларга ыраазычылык билдирип, жеңүүчү командаларды куттуктады.
Жыйынтыгында эркектер арасында:
1-орунду Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин командасы;
2-орунду Ош мамлекеттик университетинин командасы;
3-орунду Ош технологиялык университетинин командасы;
4-орунду Ош мамлекеттик университетинин 2-командасы;
Аялдар арасында:
1-орунду Ош мамлекеттик университетинин Командасы;
2-орунду Ош технологиялык университетинин командасы;
3-орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасы;
4-орунду Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин командасы ээледи.
Жеңүүчү командалар жана мелдешке активдүү катышкан окутуучулар кубок, диплом, акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
![Ош технологиялык университетине - 60 жыл](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/291d4e39-71e2-4203-92b8-37640c1b4ce7-1024x683.jpg)
Ош технологиялык университетинин басма сөз кызматы