![Редакторлордун семинары 85 жылдык маарекеге төптөш өттү Редакторлордун семинары 85 жылдык маарекеге төптөш өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/6f9c649c-7cfe-4804-88e0-35a3b4550fb5-scaled.jpg)
Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезити 85 жылдык мааракесин зор ынтаа менен жылпы коомчулуктун коштоосунда , колдоосунда салтанаттуу белгиледи. Гезиттин эл үчүн кызмат кылууда эмгеги баа жеткис. Баскан жолу да байманалуу. Облустук басылманын тарыхтагы жолу менен бүтүндөй муундун жашоочулары тарбиялана коомдо кадимкидей каада күтүшкөн. Өткөн 20-кылымдын 60-70-80-жылдарында өлкөнүн түштүк чөлкөмүндөгү коомчулук “Ленин жолу” гезитин негизги маалымат куралы катары колдорунан түшүргөн жок.
Элдер сейил бактарда, көчөдө, тыным алган жерлерде, аялдамаларда, коомдук транспорттордо гезиттин жаңы санына үңүлө карай, телмире көз жүгүртө маалымат бөксөлүгүн чөмпөйткөн. Мына ошондо гезиттин кадыры көтөрүлгөн, эң ишеничтүү куралга айланган. Гезитти колуна кармаган каадасы менен жүргөн, шаардын жөө жүргүнчүлөргө арналган алчи көчөлөрүндө баскандардан кай бир учурда шыпшынгандар да болгон. Алар өзүнчө интеллигент катары гезитти туура кармай баа-баркын, баранын көтөрө алышкан.
![Редакторлордун семинары 85 жылдык маарекеге төптөш өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/3e083ea7-afc1-44f0-a59a-7b92bc084772-683x1024.jpg)
Тарыхта таасын жол калтырган Ош облустук “Ленин жолу” гезити 50 жылдан ашык жарым кылымдык өмүрүндө анда иштеген таланттуу, кыргыз интеллегенциясынын алдыңкы өкүлдөрү журналисттери жазган таасирдүү, макала, сүрөттөмө, очерк, публицистикалары менен окурмандардын аң-сезиминде баа жеткис орунду ээлеген. Ошол кадырынан тайбай дале болсо элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон “Ленин жолу” гезитинин, тарыхтагы узак жолун уланткан “Ош жаңырыгы” гезитинин торколуу тоюна өлкөдөгү жети дубандын облустук басылмаларынын Башкы редакторлору жетектеген коюу тобу миссиялуу болушту.
Мындай шайкештик мурда уюштурулган гезиттердин окумдуулугун көтөрүү, тиражын көбөйтүү, жарыяланган материалдардын сапатына көңүл буруу, кадрдык муктаждыктарды чечүү, редакциялардын материалдык мүмкүнчүлүктөрүн көтөрүү сыяктуу маселелер боюнча кеңешме-семинарлардын уландысы да жогорудагы гезиттин салтанаты менен бапташып жатпайбы.
Алар алдын келген кечте “Ош жаңырыгы” гезитинин кадырлуу коногу болушту. Эртеси күнү “Ош жанырыгы” гезитинин редакциясында семинардын ачылышына арналган отуруму иш күнүн улантты.
Семинардын ишине Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен, облустарынын “Чүй баяны”, Ысык-Көл кабарлары”, “Акыйкат” жана “Баткен таңы” гезиттеринин башкы редакторлору, башкы эсепчилери, кабарчылары болгон жоон топ өкүлдөрү катышты.
Семинардын иши кызыктуу уланды. Анын жүрүшүндө азыр электрондук-интернет булактарындагы маалымат айдыңына туруштук берүүдө гезиттин ролун көтөрүү маселелери катышуучулар тарабынан терең анализденди. Ал эми финансы каржы маселелерине келгенде редакциялардын башкы эсепчилери да өз ойлорун ортого салышты. Мында негизги каражат булактары жазылуудан жана жарыя-рекламалардан түшөөрүнө басым жасалды. Гезитти мындар ары сактап калуу, анын окумдуулугун жогорулатууда, жер-жерлерде, окурмандар арасында көп болуу менен гезиттин тиражын болгон мүмкүнчүлүктөрдүн көмөгүндө көтөрө ала тургандыктарына гезиттердин кабарчылары, гезиттин башкы редакторлору кеңири токтолду.
![Редакторлордун семинары 85 жылдык маарекеге төптөш өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/8f9e2280-654e-487c-867f-9a5364ef2af2-1024x683.jpg)
Семинардын кеп маселесинен кийин, катышуучулар Ош облустук “Сулайман-Тоо” УТАМКдагы “Ош жаңырыгы” гезитинин 85 жылдык юбилейине арналган көргөзмө-бурч менен жакындан таанышуу аркылуу семинардын иши андан ары улантылды. Коюлган көргөзмөнү көз алдыдан өткөрүүдө гезиттин мындан 85 жыл мурун, тагыраагы 1938-жылдын 14-октябрында жарык көргөн алгачыкы номеринен тарта ушул күнгө чейинки чыгармачыл кызматкерлердин келбеттерин, иш күндөлүгүн чагылдырган фото стенддерге айланта көз чаптырган соң семинардын катышуучуларына өзгөчө пикирлерди калтырды.
Көргөзмөгө ошол учурда журналисттер макала жазууда колдонгон машинка, калем-саптардын коюлганы да кызыктуу болду. Ушул эле жерден, жети облустан келген журналисттер, редакторлор музейдин жалпы экспонаттары менен илимий экскурсоводдордун тааныштыруусунда өлкөдөгү түштүк чөлкөмүнүн, анын ичинде байыркы 3000 жылдык тарыхы бар, Ош шаарынын тарых барактарында тастыкталган көргөзмөлөрү менен кенен-кесири тааныша алышты.
Экскурсоводдорго түшүнбөй калган жагдайлар туурасында семинардын катышуучулары байма-бай суроолорду жаадыра берилген пикирлерине далилдүү жоопторду ала алышты.
![Редакторлордун семинары 85 жылдык маарекеге төптөш өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/1efc2032-c60f-405d-8220-f49ae2cb1601-1024x683.jpg)
Семинар – кеңешменин катышуучуларынын андан аркы сапары Ош чөлкөмүнүн байыртадан бери символу болуп келген Сулайман-Тоосуна көтөрүлүү менен улантылды. Ыйык тоонун накта чокусуна көтөрүлгөн семинардын катышуучулары Ош шаарынын панорамасына өзгөчө маани берүүчүлүктө суктанып жатышты. Мында Ош шаарынын чар тарабынан көрүнүшү, шаардын кенендигинен, бийик кабат үйлөрдүн катар-катар курулушу шаардын өсүү жолунда экендигинен баам салуучуларга кабар бергенсиди. Мурда шаарды байымдабагандарга Ош өзгөчө пикир калтыргандыгын жашыра алышпады. Сулайман-Тоосунун накта чокусунан чыгыш менен батышына, түндүк менен түштүккө көз чаптыра көпкө суктаныша шаардын панорамасын камтыган сүрөттөргө түшүштү. Негизгиси тоонун чокусундагы Бабурдун күмбөзүнө зыярат кылуу менен келген коноктор парыздарын аткарышты. Коноктордун сапары андан ары улантылды. Тоонун капталындагы жалгыз аяк жол менен Сулайман-тоо үңкүр музейи тарапка багыт алышып, музейдин сырткы көрүнүштөрүндөгү кооздуктары менен таанышып чыгышты. Алыстан келген семинардын катышуучуларына Сулайман-Тоосу менен жакындан таанышуусу өзгөчө пикир калтырганы алардын жүздөрүнөн даана байкалып турду.
Ошондон улам “Ош жанырыгы” гезитинин 85 жылдык мааракеси менен коштолгон жети дубандын гезиттеринин башкы редакторлорунун семинар-кеңешмесинин эки күндүк иши ийгиликтүү жыйынтыкталды. Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимов катышып, өзүнүн пикирлерин ортого салуу менен келечекке көп баалуу сунуштарды белгиледи.
Маматазим Жуманазаров